Милициянын начальнигине карата шектүү иштер жанданабы?

Чүйдөгү Сокулук району Сары-Өзөндөгү ири аймак экендиги талашсыз. Дал ушул аймактын коомдук коопсуздугун камсыз кылчу РИИБ жетекчиси Болот Арткуловго карата шектүү кептердин чыгып жатышы эмнени билдирет? Генерал Абдылда Суранчиевдин аяш уулу катары айтылып жүргөн Болот Арткуловдун бир кездери баш калаадагы Октябрь РИИБде иштеп жүргөндө бизнесмен чатагы боюнча иш көтөрүлөбү? Дал ушундай жагдайлар боюнча коомчулукта күбүр-шыбыр кептер тароодо. Эгер тиешелүү органдар жооп берүүнү кааласа, кебин тыңдоого даярбыз. Мындай маалыматтардан соң ИИМ ичиндеги өздүк коопсуздук кызматы да тиешелүү амалдарды көрүшсө керек.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *