Миллион уурдаган кутулат, сүт уурдаган утулат

Ысык-Аталык милициялары мыкты экен. Алардын ушунчалык ыкчам иштегендигин мындан билиңиз, 1 чака сүт уурдаган адамды изи сууй электе кармашыптыр. Эми шумдук бир иштин бетин ачкандай, бул кабарды Чүй облустук ИИББсы жалпыга маалымдоо каражаттарына таркатышкан. Анда айтылгандай, 6-февраль күнү саат 10.00дөр чамасында белгисиз бирөө короосунан 10 литр сүттү чакасы менен уурдап кеткенин айтып, Дмит­риевка айылынын 25 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анан ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында шектүү катары 36 жаштагы жергиликтуу тургун кармалып, Ысык-Ата РИИБдин тергөө бөлүмүнө берилген.

Мындан соң “Ай бали!” дебеске арга жок экен. Анан эмне тиги 36 жаштагы жаран бирөөнүн сүтүн уурдап алып жыргап, жаңы эле ичейин деп жатса, сырттагы кычыраган суукка карабай түтүнмө-түтүн кыдырган байкуш милициялар аш кылбай үстүнөн чыга калып кармап алып жатышпайбы. Ошол чо-оң кылмышкерди кармаган милицияга “Эрдик” же “Манас” орденин берип башкаларга үлгү кылчу кеп экен. Болбосо, мына мамлекеттин капчыгына кол салып миллиондорду уурдагандар, мамлекеттин бакыйган мүлктөрүн менчиктеп алгандар кармалбай, этпей, жоопко тартылбай эле жүрүшөт. Аларды ыкчам кармаган кайсы бир куч органдары деле жок. Ооба арасында анда-мында “чебактары” илине калганы айтыла калып жүрөт. Бирок, ошолорун тил табышкандары деле көп өтпөй боштондукка чыкканын билебиз. Ал эми бакандары кармалса, “саясий куугунтук” дешип, араң турган катындардын этегине эрмеше калып жүрүшпөйбү.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *