Министр Кудайбердиева кол алдындагы шалаакы кызматкерлерин неге жазалабайт?

Быйылкы окуу жылы менен мектепти аяктаган элүү миңге чукул бүтүрүүчүлөрдүн жалпы билимин тастыктаган аттестаттарынын жараксыз болуп калгандыгы көпчүлүк элдин кыжырын кайнатууда. Техникалык ката дейин десек, министрликтин өкүлү Марат Үсөналиев «мындай көрүнүш жыл сайын кайталанчу окуя» деп мактанчылык таризде төш кагып айтканы кандай? Он миңдеген абитуриенттердин ачуусун келтирген мындай одоно көрүнүшкө билим берүү министрлигинин жооптуу кызматкери менен аттестаттарды баскан «Тартип» аталышындагы басмакана күнөөлүү экен. Далайлаган келечек ээлерин кыжаалаттыкка алып келген жогорудагы басмакана менен министрликтин өкүлү мындай шартта жоопко тартылышы керек да, туурабы? Эчтеке боло электе элементардык каталарды кетирип жатышса, уят эле болобуз го? Ушунун баары билим берүүдөгү чала сабаттыктын айынан болгондугун кайда катат элек? Министр Гүлмира Кудайбердиева кечиримсиз шалаакылыктарга жол бергендерди жазалай алаар бекен? Же жыл сайын катталган мындай көрүнүштү күнөөлүүлөр адаттарынча «жым-жым» кыла бүтүрүп коюшабы?

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *