Министрдин шылтоосу канча эшекке жүк болот?

“Жол азабы – көр азабы” дегендей, 15-20 жыл мурун салынган Бишкек – Ош жолунун тамтыгы чыгып, машина менен жүрүүгө такыр болбой калган эле.

Мына кечээ жакында айдоочулардын үнү кудайга жеттиби же министрге жеттиби, ким билсин.

Төө-Ашууда оңдоп-түзөө иштери башталды. Азыркы тапта өтө талкаланган аймактарда үстүңкү катмарын кырып, жаңы асфальт төшөгөнгө даярдалып жатыптыр.

28-майда транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов барып таанышып келди. Ушул убакка чейин неге эле оңдоо иштери башталбай жатат десе, көрсө жер жылый элек имиш. Ушундай да болот экен. Кычыраган кышта деле премьер-министр өтөт деп оңдоо иштерин жүргүзбөдүңөр беле же унуттуңарбы?

Булак:”Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *