Министрликтен баш тарткан көпкөндүкпү?

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев 19-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз коомчулугун таң калтырган сөздү айтып: «Тажрыйбалуу кадр деп министрлик кызматты сунуштасак келбей койду» деди. Эгер ишенбегендер болсо муну стенограммадан көтөртүп көрсүн. Ал эми кептин чындыгына келсек, министрлик кызматтан баш тартуу бул – нонсенс. Муну биздеги чоң жаңылык катары кабылдасак болот.

Мекендешибиз министр болуудан баш тартып жатса, биз Кудайга шүгүр өнүгүүнүн үстүндө экенбиз. Бирок бизге кызыгы, министрлик кызматтан баш тарткан ким болду экен? Өкмөт башчы мынча чекесин чыгарган соң баатырды аты-жөнү менен кошо айтып, «сүйүнчүлөбөсө» болбой калды.

Булак: “De-Факто”

1 ой-пикир

  • Бектур says:

    Эртеден кечке жумасына 7 күн иштеп, 30-40 сом айлык алып, дагы элге жаман атты болуп жүрбөйүн десе керек да. Азыр Кыргызстанга президент болуш деле болбогон иш, министирликти мындай коюп эле.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *