Минюра Рахимжанова сахнадан кетеби?

«Кат жазчы» деген ыры менен элге тааныла баштаган жаш эстрада ырчысы Минюра Рахимжанова акыркы убактарда көп көрүнбөй кетти эле. Ырчынын сахнага чыкпай калуусунун себебин билүү үчүн байланышканыбызда, Минюра Рахимжанова сахнага чыкпай жатканынын себебин айтып берди: «Сахнага чыкпай калдым. Чыгармачылыгым да токтоду. Себеби ден соолугума байланыштуу болду. Адамга биринчи ден соолук керек демекчи, азыр ден соолугума кам көрүп, эс алуудамын. Чыгармачылыкты токтотуп, сахнадан кетем деп айтпайм. Учуру келгенде сөзсүз сахнага кайтам». Эмне дейбиз, ден соолук каалайбыз.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *