Мирбек Молдакунов, журналист: «Таксинин акысын төлөбөй кетип калыптырмын»

Айылдан биринчи жолу шаарга келгендеги күндөрдү баарыбыз эле унутпасак керек. Чоң-чоң үйлөр көзүбүзгө мунара сезилип, шаардын зымылдаган жолдору таң калтырып, конүшүп кеткенче далай окуялар болот эмеспи. Бүгүнкү “Мен айылдан келгенде” аттуу рубрикабыз дагы көнүлдү көтөрүп, сиз айылдан келген күндөргө жетелеп батат деп ишенебиз.

«Алгач шаарга келгенде Нью-Йорк шаарынын ортосуна айылдан келип түшүп калгандай эле болгонмун. Өзүм көлдүн Тоң районунун айылдарынан келсем анан шаар укмуш эле көрүнсө керек. Түрк лицейинде окууга тапшырып анан айылдан өзүм жалгыз келмек болдум. Агам мени автобекетке жеткирип, такси айдаган байкелердин бирине салып жиберди. Үйдөн апам агамдын үйүнө кантип жетиш керектигин аябай түшүндүрдү. Такси менен шаардагы батыш автобекетине келип түштүм да басып кетип калдым. Мен жол акысын агам төлөгөн экен деп ойлоптурмун. Агам болсо өзү төлөйт деп ойлонгон го. Акча берүү оюма деле келген эмес. Көрсө тиги таксист байке кардарларга алаксып менден акча алганды унутуп калыптыр. «Агамдын үйүнө адашпай жетип алсам экен» деп аябай ойлонуп жаткан жаным акча берүү оюма да кел­ген жок. Кийин көпкө чейин бул окуяны эстеп күлүп жүрдүк. Түрк лицейдин тамактарына көнө албай, апам жасап берген тамактарды сагынып, көзүмдөн учуп жүрдү. Азыр болсо көнүп калдык, турмуш көндүрөт экен да».

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *