Мирлан Дүйшөнбаев, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын катчылыгынын эксперти: “Түкүрбөсөң, анда эмнеге чочулайсың, замандашым?”

Жол кыймылындагы коопсуздукту сактоону жакшыртуу, коомдук жайларды, көчөлөрдү булгоого жол бербөө боюнча ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген административдик чаралар кызуу талкууларды жаратты. Чындыгында ал туура эмес, долбоор даярдалып жатканда талкуулап, ар кандай ойлорду айта берсе болот, бирок мыйзамдык акты күчүнө киргенден кийин, аны талкуулагандан пайда жок, аны кыйшаюусуз аткаруу керек.

Эгерде, өзүң автоунааңды дайыма техникалык коппсуздукка ылайык кармап, жол эрежелерин бузбасаң, ачкылдан атып алып, рулга отурбасаң, андай катаалдыктардан эмнеге чочулайсың, замандашым? Ичип алып рулга отургандарга 17 миң эмес, 170 миң, өпкөлөнүп, дайыма уруксат кылынган чектерден жогорку ылдамдыкта айдагандарга 7,5 миң сом эмес, 75 миң сомдук айып пулдарды киргизсин, алардын мага кандай тийешеси бар? – деп көчөдө “лихачтардын” азайгандыгына сүйүнүп жүрө бербейсиңби! Сен жол эрежелерин бузбасаң, МАИчи сенден кантип акча талап кылат? Алар автоунааңды токтотпойт дагы.

Административдик жаңы жазалардын киргизилүүсү, мурдатан жол кыймылынын эрежелерин сактабагандарды, өздөрүн МАИчилердин потенциалдуу туруктуу клиенттери деп эсептегендерди тополоңго түшүрүп, куйкаларын куруштурууда. Алар мурда мас абалында автоунааларды башкаргандыктары, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыктары үчүн МАИчилерге арзыбаган акчаларды берип кутулуп кетип жүрүшсө, эми алардын “тарифтери” эселеп жогорулайт дешип, ичкендери аш болбой, тынчсызданып атышат. Жарыкчылыктагы ар кандай ырахаттын баасы болот деп айтышат. Эгерде мамлекеттин казынасына төлөгүлөрү келбесе, албетте, МАИчилер жогорулатылган жаңы тарифтерде алышат. Анан эки-үч жолу чөнтөгүн кактырган “лихач” өзү эле кудайдын момун коюндай жоошуй баштайт. Анткени, он жолу акыл насаат айтып, эскертүү бергенден бир жолу кабыргасын кайыштыргыдай чөнтөккө урган катуурак таасир берет.

Бизде “Тез жардам” машинасы бирөө өлүм алдында жатат деп “кыйкырып ыйлап” баратса, анын алдындагылардын көңүл да бурбаганын, бир-эки уяттуу айдоочу жол бошотсо, алардын ордуна башка уяты жоктордун кирип ала койгондорун көрүп эле жүрөбүз. Ал эми коңшулаш Өзбекстанда “тез жардамдын” же өрт өчүргүч автоунаанын сигналдары угулса, көчөдөгү автоунаалар кыргыйдын дабышын уккан чымчыктардай жолдордун жээктерине жабышып, көпчүлүгү ордуларында токтоп да калат экен.

Өнүккөн өлкөлөрдө ар 100 миң автоунаага эсептегенде эмне үчүн автокырсыктар, жол эрежелеринин тартиптерин бузгандар Кыргызстандагыга салыштырганда эселеп аз? Анткени, аларда бизге окшоп эч ким деле акыл-насаат айтпайт, талаш-тартыпггардын темасына да айландырбайт, жол эрежелерин бузгандарды мыйзам чектеринде гана аёосуз жазалап турушат. Мисалы, Англияда ылдамдыкты чегинен ашыргандарга 1000-2500, Германияда 400-480, Италияда 779-3119, Францияда 1500 евро, Жапонияда 800, Канадада 10000, АКШда 500 доллардан айып пул салынат. Мас абалында автоунааларды башкаргандыгы үчүн айып пулдар мындан эселеп көп. Эгерде Жапонияда мас абалында автоунааны башкарып баратып кырсыкка учураса, ал өлгөндөрдүн, чыгымга учураган мүлктөрдүн компенсацияларын да толугу менен төлөп берет. Ошон үчүн ал өлкөлөрдө автоунааларды башкарууга отургандар тийиштүү жерлерин бекемирээк кысып, жол эрежелерин так сактаганга аракет кылышат. Бизде тескерисинче, айрымдар рулга отурганда биротоло оолугуп кетишет. Ал эми оолуккандардын жиндерин олчойгон айып пулдар, катаал чаралар гана кагып, тийиштүү жерлерин бекемирээк кыпчыганга мажбурлайт.

Урналарды көбөйтмөйүнчө, шаар тазарбайт. Мүмкүн, Чүй проспектинде эле ушундайбы, шаардын башка жагына көп барбаган, көрбөгөн соң, алар жөнүндө айта албайм, бирок аталган проспектинин аялдамалары жаңы жылдан кийин кескин тазара түшкөндүгү байкалды. Аялдамаларда чемичкелерди чаккандар түгүл, тамеки чеккендер да көрүнбөй калды. Анткени, бир ууч чемичке же бир даана тамеки үчүн 5 миң сом төлөгүсү келбейт. Бул – эгерде бийликте эрк, чечкиндүүлүк болсо, көчөлөрдөгү тартипти да, тазалыкты да эсептелүү күндөрдүн ичинде камсыз кьиып коё тургандыгын ырастады. Эми Өкмөт түкүрүк жөнүндөгү маселени кайра карайбыз деп, баштаганын таштап, артка тайсалдабастан мындан ары да чечкиндүүлүктү, туруктуулукту көрсөтсө, шаар мурдагыдан кыйла эле тазарганы турат.

Бирок, чыныгы тазалыкты камсыз кылуу үчүн мэрия шаардын көчөлөрүндөгү, коомдук жайлардын айланаларындагы урунттуу жерлердин бардыгына акыр-чикирлерди, тамекилердин бөсөктөрүн таштоочу  урналарды орнотуусу зарыл. Азыр шаарда бир нече жүз метрге чейин урналары жок көчөлөр чекеден жолугат. Алсак, филармониянын алдындагы аялдамадан Илимдер академиясына чейинки жерде эч кандай урналар жок. Көчөлөргө жетиштүү урналар орнотулбаса, ошентип шаарды аргасыздан булгоо улантыла берет. Маселен, көчөдө бирөө тамеки чегип баратып, бөчөгүн таштаганга урна болбосо, аны эмне кылат? Сөзсүз, ал да аны бир бурчка ыргытат.

Ошондуктан, мэрия мамлекеттик жана муниципалдык органдардын бардыгын өз имаратгарынын айланасына заманбап урналарды орноттуруу жөнүндө атайын чечим чыгаруусу зарыл. Базарларда, парктарда, сейил бактарда андай урналар кадам сайын болушу керек. Башкаларды айтпай эле коёлу, тилекке каршы, азыр Ош базарынан деле майда нерселерди таштаганга урна таппай кыйналасың.

Чет өлкөлөрдө көчөлөрдү, коомдук жайларды булгагандарга карата айып пулдар жогору, тартип, талап күчтүү, бирок ошол эле учурда, жогоруда айтылгандай, жарандар аргасыз тартип бузууга барбашы үчүн да жетиштүү шарттар түзүлгөн. Эң негизгиси, Өкмөттүн көчөлөрдө тазалыкты, тартипти камсыз кылуу боюнча чаралары туура, аны колдошубуз гана керек.

Мирлан Дүйшөнбаев

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *