Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: Уюшкан кылмыштуу топтор укук коргоо органдары менен чырмалышып, саясатка да аралашууда

– Мирлан мырза, уюшулган кылмыштуу топтор легалдашууга багыт алганын парламенттен айттыңыз. Мындай тыянак чыгарууңузга эмне негиз болду?

– Жалгыз эле бизде, Кыргызстанда эмес, баардык өлкөлөрдө уюшкан кылмыштуулуктун каржы булактары көзөмөлдөнбөсө, алар өз каражаттарын легалдаштыруу жолдорун издей башташат. Бизде да укук коргоо органдары «уюшкан кылмыштуу топтор чоң бизнеске аралаша баштады» деген маалыматтарды беришүүдө. Бул маалыматты тактап, эгер жок болсо төгүнгө чыгарып, бар болсо аны менен күрөшүү зарыл. Уюшкан кылмыштуу топтордун каржы булактарына бөгөт коюу боюнча канча иш козголду? Мен билгенден эки-үч жыл мурун бир иш козголгон, абакта жаткан адамдардын телефон аркылуу жасаган алдамчылыгы боюнча. Ал ишке жалаң эле абакта жаткандар эмес, аларды тейлеген кызматкерлерге чейин аралашкан. Бул мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудура турган жагдай. Уюшкан кылмыштуу топтор легалдуу түрдө фирмаларды түзүп, мамлекеттик тендерлерге катышып, өздөрүнүн арам акчаларын адалдоого аракет кылышат. Ошондуктан, ИИМ аларды катуу көзөмөлгө алып, ал каржы булактарын мамлекеттин эсебине бурушу керек.

– Укук тартиби жана кылмыштуулукка карты күрөшүү боюнча комитетинде «эмне үчүн кылмыштуу топторго каршы күрөш натыйжалуу болбой жатат?» деген суроо коюлганда ИИМдин өкүлү «УКТ боюнча мыйзамды бир нече жолу четке кактыңыздар» деп кайра парламентке доомат койду. Ал мыйзам долбоору эмне себептен четке кагылган?

– Четке кагылган эмес. Уюшулган кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча концепция, стратегия бар. Андан тышкары, түз багытталган мыйзамы бар. Мыйзамдагы оперативдик-превентивдик эсепке алуу жана дагы бир канча беренелер боюнча Конституциялык сотко берилгенде, алар «мыйзам өзү Конституцияга ылайык келет, болгону бир беренеси, превентивдик эсепке алуу боюнча берене ага ылыйык келбейт, ошол жокко чыгарылышы керек» деген тыянак чыгарган. Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууну өкмөткө, өкмөт болсо ИИМге тапшырган. Комитеттин бир нече жолку отуруму болду. Өзүңүздөр билесиздер, коалициялык түзүм өзгөргөн сайын комитет төрагалары да алмашып турду. Биринчи комитетин төрагасы Бакчиев болчу, ал маселе көтөргөн. Андан кийин комитетти мен жетектедим. Мен да эки ирет көтөрдүм маселени. Кечээ күнү болсо Наталья Никитенко көтөрдү. Бул мыйзам боюнча бир нече жетекчилер жумуштан алынган. Бүгүнкү күндө ал мыйзам Жогорку Кеңешке келе элек.

– Бирок, азыркы иштеп жаткан мыйзам менен деле күрөшсө болот да?

– Ооба. Уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупция менен күрөшүүгө саясый эрк гана керек. Мамлекеттик кызматта иштегендер «уюшкан кылмыштуу топтордун кызматын колдонбойм, кылмыштуулукка жол бербейм» десе, алардын анабашчылары менен күрөшүшү керек. 2010-жылы өзүнүздөр көргөнсүздөр, жагымдуу жагдай түзүлгөндө бул көп чет өлкөлүк инвесторлордун келүүсүнө индикатор болгон. Азыр болсо кээ бир коомдук активисттер «уюшкан кылмыштуу топтор укук коргоо органдары менен чырмалышып, атүгүл
саясатка да аралаша баштады» деген сөздөрдү айтышууда.

– Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» ишканасында номурларды бере турган бир жетекчи 240 миң сом, жөнөкөй адиси 155 миң сом айлык аларын айттыңыз. Бул канчалык мыйзамдуу?

– Мен аны «тактап бериңиз» деп суроо катары бердим. Бизге ошондой маалымат келди. Өкмөт кийинки аптада тактап берет. Ал жерде айлык маяналар 20-25 миң сом. Бирок, бизге келген маалымат боюнча алар 2016-жылы 47 миллион сомду сыйлыкка коротушкан.

– Анда бул жерде суроо бар экен…

– Муну такташ керек. Анткени, 8 миң сом айлык алгандар да бар. Жакшы иштесе, маянаны көп ала берсин. Стратегиялык чоң компаниялардын жетекчилери башка нерсеге азырылбай тургандай чоң айлык, бери жагы 10 миң доллардан маяна алышы керек. Анткени, алардын башкаруусунда миллиарддаган долларлык компания турат. Мыкты адистер чет өлкөгө кетпеши үчүн татыктуу айлык зарыл. Бирок, ал ошондой чоң айлыкка да ыраазы болбой мыйзам бузса, андайларды аёосуз камаш керек! Номурдук белгилерди берүүчү мамлекеттик борбор эмне, миллиарддаган активдерди пайда кылган мекемеби? Чет өлкөлүк компания даярдап берген номерлерди алып чыгып, берип койгону үчүн эле элдин эсебинен ошончо айлык алганы туурабы? Булардын айлыгы канчалык көбөйгөн сайын номурлардын өзүнө турган наркы да көбөйүп жатат да. Баары адилеттүү болуш керек.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *