Мирлан Жээнчороев жаш лидер катары үлгү көрсөттү

Жаш болсо да аксакалдай жүрүш салган «республикачы» Мирлан Жээнчороев ЖКда комитет төрагасы болуп, соңку убакта Бишкек шаардык кеңешинде штабды башкарып, Өмүрбек Бабановдун жолун улап, чоң ийгиликти жаратты. Башкасын айтпасак да, «Республика – Ата Журт» партиясын алдыга сүрөп, уюштуруучулук жөндөмү жана ишбилги сапаты менен өзүнүн дараметин далилдеди. Аталган пар­тия Бишкек шаардык кеңешинде экинчи орунду камсыздады. Мындай шайлоодо үлкөн эмгек жараткан Мирлан мырзага Бабановдун чындап назары түшүп, кийинки жаштардан чыга турган лидер катары өз баасын бериптир. Баракедде! Учук улай турган азаматтар өсүп келатса, элибиздин эртеңки күнүбар экен да…

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *