Миррахим Опош, дизайнер, “Шерден” дүкөнүнүн негиздөөчүсү: Биздин кийимдер сапаттуу гана эмес, жеңил, жарашыктуу жана ыңгайлуу

“Шерден” деген аталыш менен улуттук кийимдерди заманбап үлгүдө тигип, азыркы ааламдашуу заманында өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды сактап калууга жана аны дүйнө элине жайылтууга, өз улуттук кийимдерибизди кийип, улуттук жүзүбүздү сактап калууга салымын кошуп, өз колунан чыккан улуттук кийимдер менен эл аралык көргөзмөлөргө катышып келген Миррахим Опош менен баарлаштык.

– Миррахим жакында эле Ташкентте өткөн чеберлер фестивалына барып келипсиң, ошол туурасында айтып берсең?

– Бул «Атлас байраны» деген аталыш менен жыл сайын уюштурулуп жаткан эл аралык фестиваль. Фестиваль Фергана обулусундагы Маргалаң шаарындагы кол өнөрчүлөрдү колдоо борборунун жетекчиси Расул Мирзахметов деген чебердин жардамы менен уюштурулуп келет. Негизги колдоочу өнөктөшүк – ЮНЕСКО. Фестиваль салттуу тикмечиликке арналган. Өзбекстан байыркы жибек жолунун турумунда болгондуктан жибек өндүрүү абдан мыкты өнүгүптүр. Аталган фестивалга 2 жылдан бери барууну максат кылып келгем. Расул Мирзахметовдун өнөрканасын көрүүнү каалап жүргөм. Өнөрканасы керемет экен. 19-кылымдагы медресенин базасында иш алып барат экен. Ал жактагы медреселер байыртадан эле тематикалуу болуп, дин үйрөтүүдөн сырткары улуттук баалуулуктарды да камтып, окуучуларды кол өнөрчүлүккө үйрөтүп келишкендигин мага фестивалда айтып беришти. Ошол байыртадан келе жаткан тикмечилик өнөрдү Расул чебер сактап калып, бүгүнкү күндө ишмердүүлүгүн ошол эле медреседе жүргүзүп жатыптыр. Ал байке менен мурдатан тааныш болчумун. Расул Мирзахметов салттуу кездеме токуу, жибек өндүрүү жана жиптерди боёо боюнча Өзбекстандагы бирден-бир мыкты адис.

– Силердин кийимдерди эл кандай кабыл алды?

– Бул биздин Өзбекстандагы биринчи көргөзмө болду. Бир аз атлас аралаштыргандыктан, жергиликтүү калк тарабынан жакшы кабыл алынды. Себеби биздин кийимдер күнүмдүк кийгенге ыңгайлуу, жеңил жана жарашыктуу.

– Фестивалдын максаты эмне?

– Максаты салттуу тикмечилик өнөрүн жайылтуу. Жандандырып алышты, эми аны калың элге жеткирүү, дүйнө элине таанытуу. Булардын өзүнүн чоң долбоору бар Ханжоу – Ташкент – Валенсия деген. Алардын айтымында жибек жолунун башаты Ханжоудан башталып, Орто Азия аймактары аркылуу өтүп, Валенсиядан бүткөн экен. Эми кайра ошол нерсени жандандырууну максат кылышууда. Кездемелери да укмуш, абдан таң калып, көп нерсени үйрөнүп, тажрыйба алмашып, бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууга убадалашып келдик. Мен да кыялданып жүргөн кездемелерди алып келдим. Кыскасы абдан жемиштүү сапар болду.

– Буга чейин кайсы өлкөлөргө фестивалдарга бардыңар эле?

– Индияда, Европанын 1-2 шаарында, араб өлкөлөрүндө, коңшу мамлекеттерде көргөзмөлөргө катышып келдик.

– Башка өлкөдөгүлөр биздин салттуу кийимдерди кандай кабыл алышууда?

– Абдан жакшы. Бизге деле башка элдин маданиятынын аспектилери келсе кызык көрүнүп жатпайбы. Ошол сыяктуу эле аларды да таң калтырат. Өзгөчө биздин улуттук мотивдеги кийимдер, көбүнчө калпак. Чет жактагы көргөзмөлөргө сөзсүз түрдө калпак кошобуз да. Байтыртадан келе жаткан баш кийимибизди жөн гана сактап калбастан, кийип жүргөнүбүзгө, жайылтып жатканыбызга таң калышат. Кээ бир улуттук мурастар убакыттын өтүшү менен колдонууга ыңгайсыз болуп калат. Бул чындык. Биздин калпактын азыркы заманга чейин актуалдуулугун жоготпой, ыңгайлуу болгону мени таң калтырат. Аталарыбыздын акылына, тапкычтыгына баа берем.

– Өзүң философияны окуптурсуң, анан кантип тикмечиликке келип калдың?

– Бул нерсе табиятымдан бар экен. 10 -класс кезимде сүрөт тарта баштадым. Болгондо да кийимдердин сүрөттөрүн тартат элем. Бирок ошол кездеги коомдук көз караштарды ойлоп, койчу, эркек бала кантип тикмечи болсун, кыздардын кийимдеринин сүрөтүн тартсын деп өзүмдү тыйып турчумун. Ичимде каалоо күч… 2-3 жыл өз жолумду таба албай кыйналып жүрүп сүрөттөрүмдү өрттөп салдым. Алдан кийин 1 жыл башка жакта окуп, кийин философияга тапшырдым. Ошол жерде окуп жүрүп мен өзүмдү таптым. Өзүмдүн жеке комплекстеримден жана коомдук стереотиптерге чектелбей, ар кандай көз караштарга туруштук берип чечим кабыл алып, дизайнерлик өнөргө келгем.

– «Шерден» дүкөнүн ачууда, ишти баштоодо эл кандай кабыл алат, биздин кийимдер өз кардарларын таба алабы деген суроо болдубу?

– Кызыгы, жаңы ишти баштаган кезде ичимдеги чыгармачылык букту чыгаруу биринчи маселе болду. Аны кантип сатам деген ой болгон да жок. Ойлонбогонумдун жыйынтыктары кийин чыкты. Алат десе эле кымбат кездемелерди алып тиге бериптирмин. Бир көйнөктүн баасы беш жыл мурда 3500 сомго чыгып кетти, бул да эң арзаны эле. 3500 сом беш жыл мурда жакшы эле акча болчу. Анан сата албай, көбү тартууга кетти. Азыр деле жыргап кеткен жокмун. Негизи мен сата албайт экем. Ага да шык керек экен. Азырынча «Шерден» өзүн-өзү каржылай элек. Бирок өкүнбөйм.

– Биздин мырзаларда улуттук кийимдер экен деген кызыгуу, баалоо барбы?

– Бизде салттуу түшүнүктөр бар. Биздин эркектер костюм кийиш керек, кара же көк түс болушу шарт деген нерсе да бар. Биздин эркектер дүкөн кыдырганды, өзү барып тандап кийим алып жарашыктуу кийинип, сындуу жүрүү дегенге көп маани бербейт. Эркекке боло берет, эмне болмок эле деп жаңы, бүтүн болсо кийип алып жүрө беришет. Акчасы болсо да дүкөн кыдыргандан эринген мырзалар көп эле. Бизге көбүнчө чет жерге барып келгендер же сыртка чыгып жаткандар, туристтер келишет. Азырынча биздин кардарлар ушулар.

– Алдыда кандай максаттар бар?

– «Шерден» менен иштөө. Быйыл жигердүү иштеп, жакшы жумуштарды аткардым. Болбосо жылына 1-2 жаңы коллекция чыгарып, чыгармачылык бугумду чыгарып коюп, негизги жумуштарым менен алектенип жүрө берчүмүн. Азыр болсо негизги жумуштарыма убакыт аз болуп, «Шерденге» көп убакыт сарптай баштадым. «Шерден» негизги жумушума, башка жумуштарым хоббиге айланып бара жатат, болбосо тикмечилик хоббим болчу да.

– «Шерден» убакыттын өтүшү менен өз кардарларын таба алат деп ишенесиңби?

– Кардарларды табуу же жоготуу менден көз каранды экенин түшүндүм. Эгер мен жакшы иштесем кардарлар табылат деп ишенем. Азыр биздин кийимдердин жарашыктуулугу, сапаттуулугу, тигилиши талапка ылайык болгондуктан, мен азыр уялбай эле элге сунуштай алам.

– Улуттук кийимдердин баалары көп учурда кымбат болуп, карапайым калктын капчыгына туура келбей калат. Сенде баалар кандай?

– Кездемелерине жараша 1700-3000 сомго чейин. Менимче, бул бизге туура эле баа деп ойлойм. Эстетикалык кооздук берүү бул интеллектуалдык эмгек, ага да акы төлөнүшү керек. Биз азыр интеллектуалдык эмгекке баа кошо элекпиз. Кийимдердин баасынын кымбат болушунун дагы бир себеби кездемелердин өзүбүздөн чыкпаганы. Кездемелерди биз Индия, Түркия, Өзбекстандан алып жатабыз.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *