Аскар Медетов, илимпоз: “Молдо акча үчүн итке куран түшүрөт”. Ахмат Келдибековдун доо арызына лингвистикалык талдоо

Папараццилер ар кандай кырдаалда байкатпай тартып алып гезиттерге жарыялаган атактуу саясатчылардын, кино жылдыздардын фотосүрөттөрү дүйнөнү дүңгүрөткөн сенсация жараткан учурлары басма сөз тарыхында көп эле болот. Ага салыштырмалуу «Келдибековдун «мойщиги» премьер-министр болуп отурганда» деген материал коомчулуктун талкуусуна түшпөгөн, гезиттин бүктөмүндө калган катардагы эле маалымат болчу. Ал эми бул алакандай материал боюнча Октябрь райондук сотунун судьясы Мирзат Авазовдун «Азия Ньюс» гезитин миллион сом айыпка жыгып, кабыл алган чечими анык сенсация болуп, коомчулукту дүрбөтүп, автократтар А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаев заманындагы журналисттерге болгон кысымды, куугунтукту эске салып, интернет айдыңында нааразычылыкты пайда кылды. Айрым соттордун мындай адилетсиз чечимдери «Молдо акча үчүн итке куран түшүрөт» деген макалды аргасыздан эске салат.

Эмесе, аталган материалды лингвистикалык талдоого алалы. Ошондо соттун чечими канчалык деңгээлде адилет болгонун көрөбүз. Октябрь райондук сотуна жазган доо арызында А.Келдибеков: «Премьер-министр М.Абылгазиев менен менин мончодо жарым-жартылай жылаңачталган денебизди элдин талкуусуна жарыялоо менен ар-намысыма жана кадыр-баркыма шек келтирип, калк алдында мазактап, менин жеке имиджиме жана ишкердик беделиме чоң залал келтирди. Биринчиден, гезиттин биринчи бетинде жарыяланган сүрөттү атайылап мени жана премьер-министрди шылдыңдоо үчүн даярдаган жасалма сүрөт деп эсептейм. Мен мындай сүрөткө түшкөн эмесмин» деп жазат. Доогердин бул сүйлөмдөрүндө оркойгон логикалык жана стилистикалык ката бар. Келтирилген үзүндүнүн биринчи сүйлөмүндө «премьер-министр Абылгазиев менен мончодо жарым-жартылай жылаңачталган денебизди элдин талкуусуна койду…» деп жазуу менен «гезиттеги сүрөттө Абылгазиев экөөбүздүн денебиз» деп чын эле мончодон түшкөн фотосүрөт катары мойнуна алган. Кийинки сүйлөмдөрдө бул «жасалма сүрөт… Мен мындай сүрөткө түшкөн эмесмин» деп биринчи сүйлөмүн толугу менен танып, жокко чыгарып жатат. Бул туура. Анткени, ал жылаңачталган дене Келдибековдуку да, Абылгазиевдики да эмес – бул коллаж. Коллаж көркөм сүрөт өнөрүндөгү образ түзүү ыкмасы, даяр сүрөткө башка кишинин сүрөтү чапталат. Коллаждагы жылаңач дененин Келдибековго эч тиешеси жок. Ал эми мындай көркөмдөлгөн коллаж менен «Азия Ньюска» жүздөгөн кыргыз саясатчыларынын фотосүрөттөрү чыккан. Алардын бири дагы даттанып, «ар-намысыма шек келтирип, мазактап жатат» деп гезиттин үстүнөн арызданган эмес. Демек, бул коомчулукта нормалдуу көрүнүш катары эле кабыл алынган гезиттин чыгармачылыгы. Судья Мирзат Авазов искусство таануучулардын, сүрөтчүлөрдүн коллаж боюнча баа берген эксперттик тыянагы жок эле Келдибековдун логикалык жактан өзүн-өзү жокко чыгарган доо арызындагы дооматтарын каалагандай канааттандырып берген.

Эми тексттин өзүнө келели. «Дөөгүрсүгөн Ахматбек Келдибеков дегеле жөн жүрбөйт го?» деген суроолуу сүйлөм «го» бөлүкчөсүнүн негизинде түзүлүп, болжолдуу, күмөндүү маани берип жатат. «Дайыма былгытып балээни баштайт дагы, анан коңулда кыткылыктап күлмөйү бар…» Бул сүйлөмдө ой толук бүткөн эмес. Эмне болгон «балээ» экени белгисиз. Конкреттүү факты көрсөтүлбөгөңдөн кийин абстракт «балээ» эмне үчүн Келдибековдун ар-намысына шек келтирет же шектүү шекшинет болуп жатабы?

«Акаев доорунда Ахмат букадай болуп көзү кызарып, булкунуп турган кезинде Соцфондду башкарган болчу». Бул сүйлөмдө окурманга так маалымат берилип, А.Келдибековдун мурдагы иштеген кызматы жөнүндө айтылган. Публицистикалык стилдин өзгөчөлүгүнө ылайык, «букадай» деген салыштыруу кошулган. «Бука жокто торпок бий» дегендей, бука сөзү оң мааниде колдонулган. Ушул контекстте «булкунуп» деген сөз да оң мааниде айтылган. Анткени, «болор бала бешикте булкунат» деген макалдын маанисинде айтылып жатат. «Ошондо каарманыбыз оңго-солго өпкөлөнүп, мончодо атамандыгына салып жүргөндө шөмтүрөгөн Мухамметкалый Абылгазиев кошоматтанып өтө сыпайкерчилигин көрсөткөнү бүгүн уу-дуу сөзгө айланууда». Бул татаал сүйлөм үч жөнөкөй сүйлөмдөн турат. Биринчи сүйлөмдө «өпкөлөнүп» деген сөз өпкөлө деген этишке өздүк мамиленин – ын, чакчылдын – ып мүчөсү уланып, таарыныч кылуу, таарынуу дегенди билдирет (караңыз: кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. Ф., 1969. 486-6). Бул сөз доогер тарабынан бурмаланып, «ала көөдөн», «менменсиген» дегендей мааниде кабыл алынган. Эгер «ала өпкө» же «жел өпкө» деген сөз айкашы колдонулса, ошондой тескери маани бермек. Ал эми жогорудагы сүйлөмдө андай сөздөр жок. Ал эми экинчи сүйлөмдөгү «шөмтүрөгөн» деген сөз «өтө суу болгон» деген гана маанини билдирет. «Ташиев бажактай күлүп, Абылгазиев убагында Ахматтын «жуучу жерин жууп», жонун эзип, шыпыргыны ченебей чапканын билебиз… дегени кандай?» деген сүйлөмдө бөтөн сөз колдонулуп жатат. «Жуучу жерин жууп» деген сөз айкашы тырмакчага алынып айтылган. Муну түз мааниде кабыл алганга болбойт. «Кызыгы, ошондо Келдибековдун мойщиги өлкөнү башкарып жаткан кербезиби?» деген суроолуу сүйлөмдө «мойщиги» деген сөз тырмакчага алынып жазылган. Аны да түз мааниде кабыл алганга болбойт. Талдоолордон көрүнүп тургандай, текстте доогер Келдибековдун жеке турмушуна, үй-бүлөсүнө тийишкен же кийлигишкен, кадыр-баркына шек келтире турган сөздөр, сөз айкаштары же сүйлөмдөр кезикпейт. Судья Мирзат Авазов болсо коллажды жана текстти компетенттүү эксперттердин талдап баа берген тыянагынын негизинде токтом чыгарса болмок. Ал доогер А.Келдибековдун жумурткадан кыр издеген, томукту тоодой кылып көрсөткөн, субъективдүү пикирлерине таянып, чечим чыгарган.

Ар бир айтылган сын үчүн журналисттерге ушундай катуу айыптар тагыла берсе, сөз эркиндигинин тагдыры эмне болот да, демократия кайда калат?..

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *