Момун Брежнев бийликке кантип келген, айланасын кантип тазалаган?

Карапайым, момун, “ай­дама”, саясий интри­галардан алыс делген Леонид Ильич Брежнев бий­ликтин туу чокусуна күтүүсүз жерден оңой-олтоң, өтө амал­көйлүк менен келгенин ким­дер гана билбейт.

Л. Брежнев интеллектуалдык деңгээли төмөн (техникумдук билими бар) көп иштегенден көп жыйын курганды жакшы көргөн. Бирөөгө жагынганды, жакканды мыкты өздөштүргөн. Анын карьерасы Н. Хрущевге жагып калуу менен башталган. 1937-жылы Хрущевдин түрт­мөнчүгү менен Днепродзержин­ский шаарынын шаардык атка­руу кеңешинин төрагасынын орун басары болот. (Бул анын чоң бийликке карата карьера­сынын башталышы эле.) Андан соң көп өтпөй Никита Хрущев аны Днепропетровск областы­нын облустук комитетине дай­ындайт. Анда Н. С. Хрущев Укра­ина коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин секре­тары эле. Улуу Ата Мекендик со­гуштан кийин, 1946- жылы За­порожьск обком. партиясынын башчылыгына келет. Бир жыл өтпөй, 1947-жылы партиянын Днепропетровск областтык ко­митетин жетектейт. 1950-жылы ошол эле Никита Сергеевич Хру­шевдин дагы колдоосунун арка­сы менен Л. Брежнев Молдавия БКсынын 1-секретарлыгына се­кирик жасайт. (Бул кечээ эле биздеги бир райондун акими болуп туруп президенттик ади­минстрациянын башчысынын биринчи орун басары болуп калган, колдогон кожосу күчтүү бир азаматтын жоругундай эле көрүнүш болгон.)

Ошентип, “ардактуу Леонид Ильич” 1952-жылы бүтүндөй бир республиканын (Молдова­нын) чоңу катары 1952-жылы Москвага, КПССтин XIX съезди­не чакырылат. Ал учурда Кремль оюндары олку-солку болуп, ачык айтылбаса дагы Сталинге карата ар кандай байкалбаган терс ара­кеттердин илеби согуп турган учурлар эле. Бирок, анткен ме­нен баары Стакеңден корккон, эч ким даап, ага каршы ачык пикирин айта алган эмес. Бол­гону Кремльдеги андай оюндар­дын авторлорунун башкы араке­ти- КПССтин ошол XIX съездинде Борбордук Комитеттин Саясий Бюросунун курамын кеңейтүү­гө жетишкен. Себеби, мындай кеңейтилген курам менен И. В. Сталинди кандайдыр бир дең­гээлде алсыратуу максаттары болгон. Анткени ошол сенектик мезгилде Борбордук Комитет де­ген өлкөдөгү болгон маселелер­дин баарын чечип, көзөмөлдөп турган өзүнчө эле бир монстрь болчу. Ошентип, Брежнев ага мүчө болуп кирет. Анын мындай бийик даражага жетүүсүнө дагы деле Никита Хрущевдин араке­ти, чоң жардамы себеп болгон. Сталин өлгөндөн кийин БКнын составы кайра мурдагы курамы­на кыскартылып, Л. Брежнев ал жерден ыргыйт. Бирок И. Ста­линден кийин бийлик башына жаңы эле келгенине карабай Н. Хрущев аны бул жолу да колдоп, Советтик армия менен флоттун Башкы Саясий Башкармалыгы­на киргизет. Андан көп өтпөй БКда дың жерди өнүктүрүү масе­леси башталып, Никита Сергее­вич ал жооптуу кызматты Бреж­невге тапшырып, Леонид Ильич калдайган Казакстандын 1-се­кратары болуп келет. Ал эми ал учурда Казакстанды башкарып жаткан Пантелеймон Кондрате­вич Понамаренко Польшага по­шел, тойус посол болуп кетири­лет. Л. И. Брежневдин өзүмчүл, жакшылыкка кайтарымсыз адам экенин ушундан көрүңүз, “Це­лина” деген китебинде Брежнев өзүн өзү айга күнгө теңеп, кы­ргызча айтканда өзүн кыздын эрке баласындай эле мактап, бирок ошол килейген китептин бир да жеринде аны ошол дара­жага жеткирген Н. С. Хрущев жөнүндө бир да сүйлөм жазбайт. Андан көп өтпөй КПССтин XX съезди болуп Л. И. Брежнев кай­радан КПСС БКнын Саясий Бю­ро мүчөлүгүнө алынат. Бул жер­де анын кайрадан Борбордук Комитетке келүүсүнө дагы эле Хрущевдин ачыктан-ачык көтөр­мөлөөсү түрткү болгон. Ал эле эмес Л. И. Брежневди СССР Жо­горку Советинин Прездиумунун Председателдигине чейин жет­кирген ошол Никита Сергеевич Хрущев болгону далайга дайын.

Бийлик кумары эмнелерге гана алып барбайт, чиркин! 1960-жылы Кремльде Н. Хрущев­ге каршы чагымчылдыктын ал­гачкы арааны башталат. Ага СС­СР КГБсынын башчысы Владимр Ефимович Семичастный, СССР­дин коргоо министри, маршал Родион Яковлевич Малинов­ский, БКнын катчысы Михаил Андреевич Суслов, СССР мини­стрлер Советинин председатели­нин орун басары Александр Ни­колаевич Шелепин, РСФСР ми­нистрлер Советинин председате­ли Геннадий Иванович Воронов сыяктуу өтө таасирдүү адамдар болгон. Аларга салыштырмалуу Леонид Ильич Брежнев тигилер­дин көлөкөсүндө эле калган фи­гура болчу . Бирок момундугу, жумшактыгы, элпектиги баары­на жакчу. Коркунучсуз адамдай туюлчу. Ушундан уламбы, Н. Хрущевге каршы чагымчылдык башталганда тиги дөө-шаалар Никита Сергеевичтин ордуна Л. И. Брежневди бийлик башы­на убактылуу гана алып келүү планын түзүшкөн. Ошентип ал­гачы чагымчылдык кадамдар Брежневдин колу менен башта­лат. Бул 1964-жыл эле. Анан “ар­дактуу, момун Леонид Ильич” жогоркулардын аракеттерин жөнгө салып, (башкача айткан­да ага көптөгөн жакшылыктар­ды жасаган адамды ачык эле са­тып) акырындык менен баарын былгытып, “если что мен сыртта болчумун” дегендей амалкөй­лүгү менен ГДРга кетип, ошол жакта жүрүп алат. Улуу иштер­ди жасап жаткандай түр көр­сөтүп. Качан “аш бышканда” га­на жетип келет. Ошентип, Улуу Ата Мекендик согушта башынан аягына чейин катышса да эч бир жеке эрдик көрсөтө албаган, ал согушта “мурду да канабаган” бирок, далай чыныгы баатыр­лардан аттап өтүп, 1945-жылдын августунда Кызыл аянтта өткөн Жеңиш парадынын бирден-бир ардактуу мүчөсү болгон Л. И. Брежнов акыры бийлик башы­на келет. (Ортодо ар жак-бери жак тынчыганча десек да болот, В. М. Молотовду эки жылча баш­картып) 1966-жылы 8-апрелде Совет мамлекеттин жетекчиси катары Брежнев КПССтин XXIII съездинде өзү ойлогондой мак­саттарды айтып отчет жасайт. Ошол съездде ар кандай нерсе­лердин болуп кетишин алдын ала туйган Л. И. Брежнев пар­тиянын Уставында көрсөтүлбө­гөн жорукту жасап, Коммунист­тик партиянын алп идеологу М. Сусловго да, А. Шелепинге, П. Демичевке, А. Микоянга да сөз бербей коет. Анткени, ал съезд­де бийлик башына бекиле турган жетекчинин тагдыры да жогорку аттары аталган адамдардын жа­саган докладдарында башкача өңүткө бурулуп кетиши да толук мүмкүн эле.

Анан эмне болду? “Бийликке убактылуу эле келди” деген Л. И. Брежнев акырындык менен эч ким менен урушпай, талашпай, акырындык менен борбордук бийликтеги кыйындарды таза­лай баштайт. Брежнев үчүн эң коркунучтуусу “темир Шурик” аталган А. Шелепин болгон. Чынында эле андагы архивдик материалдарга үңүлүп көрсөңүз Александр Николаевич Шеле­пин Кремль бийлигиндеги өтө күчтүү фигуралардын бири бол­гону бадырайып жазылып ту­рат. КПССтин ичинде да абро­йу бийик болгону, бардык күч органдары да ал кишиге тике карап сөз айталбай ийменип келишкени айтылат. КГБ, ИИМ, Коргоо министирлиги, радио менен телевидениеде, деги эле бардык ММКларды анын ише­нимдүү кишилери көзөмөлдөп турган. Жогоруда белгилеген­дей эң кызыгы, Н. Хрущевди алып түшүшкөндөн кийин бери жактагылардын баары аны Хру­щевдин ордун ээлейт деп терең ишенишкен. А. Шелепин өзү да­гы башкы бийликтин башына дайындалаарына терең ишенген делет. Ошентип жоош, момун, ар кандай саясий интригалардан алыс болумуш болуп көрүнгөн Л. И. Брежнев негизки бийлик­тин “эки тизгин бир чылбыры” колуна тийгенден көп өтпөй А. Шелепиндин борбордук бийлик­теги эң таасирдүү адамы болуп эсептелген КГБнын председате­ли В. Семичастныйдын “канатын кыркат ”. Аны болбогон шылтоо менен Укринага, В. Шербиц­кийдин орун басары кылып жи­берет. А. Шелепиндин дагы бир “көзүр картасы” МВДнын чоңу, генерал-лейтенант В. С. Тику­новду Румынияга элчи кылып айдайт. Радио менен ТВнын тей­леген Н. Месяцевди Австрияга, темир Шелепиндин дагы бир көзүрүн ФРГга элчиликке кото­рот. Ошондой эле Л. И. Бреж­нев Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, СССР министр­лер Советинин төрагасы А. Н Ко­сыгинди да жактырбаганы да та­рых барагында турат. Себеби, ал кишинин интеллектуалдык жөн­дөмү Брежневдикине караган­да өтө эле бийик болгон. Бирок анын туш тарабына өз кишиле­рин дайындап, Косыгиндин ба­скан турганына чейин көзөмөл­дөтүп турган экен, амалкөй Ле­онид Ильич. Кийин А. Косыгин инфарктка чалдыгып өлүм ал­дында жатканда Брежнев ал ки­ши жаткан ооруканага барып, “мамлекеттик дачаны качан бо­шотосуң?” деп мазактаганын, кызматтык автомашинесин ал­дырып, ооруканадагы телефонун өчүртүп салганы тууралуу аңыз кептерди А. Косыгиндин жар­дамчылары эскерген эскерме­лерде айтылып турат. Көп өтпөй Косыгиндин ордуна экономика­ны ал кишидей чага албаса да өз адамы Н. А. Тихоновду алып келген. Антип баарын тазалап олтуруп аягында бир кезде ошол эле Брежневду КПССтин гене­ралдык секретарлыгына чейин жетүүсүнө чын ыкластан жан үрөп колдоо көрсөтүп, иштеп берген, башкаруучулук тажы­рыйбасы мол, тээ 1930- жыл­дардан бери ВКП(б)-КПССтин Борбордук Комитетинин мүчөсү, Жогорку Советтин төрагасы, Со­циалисттик эмгектин эки жолку баатыры Николай Викторович Подгорныйды да кысып олтуруп, акыры аны да ээрден шыпырып түшөт. Ошентип, ал кездеги Со­веттик жогорку кызматтагы же­текчилердин баары: “Брежнев бийликке убактылуу эле дай­ындалды, ашып кетсе бир-эки жылга жетпей оодарылат” деп терең ишенишкен ойлору ойрон болуп, Л. И. Брежнев 18 жылга жакын мамлекетти башкарып, (булдуруктап сүйлөй албай калса да) өмүрүнүн аягына чейин бий­ликте тарамыштай тырышып, оо дүйнөгө сапар алганга чей­ин башкы тактыны андан эч ким ала алган эмес. Кыргызда мындайды адатта “алдыраар­да жаздыраар” деп койчу беле?

Кенжебек АРЫКБАЕВ

Булак: “Айгай”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *