Момун, жоош деген Брежнев бийликке кантип келген, айланасын кантип тазалаган?

Карапайым, момун, “айдама”, саясий интригалардан алыс делген Леонид Ильич Брежнев бийликтин туу чокусуна күтүүсүз жерден оңой-олтоң, өтө амалкөйлүк менен келгенин кимдер гана билбейт…

Л. Брежнев интеллектуалдык деңгээли «төмөн» (техникумдук билими бар) көп иштегенден көп жыйын курганды жакшы көргөн. Бирөөгө жагынганды, жакканды мыкты өздөштүргөн. Анын карьерасы Н. Хрущевге жагып калуу менен башталган. 1937-жылы Хрущевдин түртмөнчүгү менен Днепродзержинский шаарынын шаардык аткаруу кеңешинин төрагасынын орун басары болот. (Бул анын чоң бийликке карата
карьерасынын башталышы эле.) Андан соң көп өтпөй Никита Хрущев аны Днепропетровск областынын облустук комитетине дайындайт. Анда Н. С. Хрущев Украина коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин секретары эле. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин, 1946- жылы Запорожьск обком партиясынын башчылыгына келет. Бир жыл өтпөй, 1947-жылы партиянын Днепропетровск областтык комитетин жетектейт. 1950-жылы ошол эле Никита Сергеевич Хрушевдин дагы да колдоосунун аркасы менен Л. И. Брежнев Молдавия БКсынын 1-секретарлыгына секирик жасайт.

… Ошентип, “ардактуу Леонид Ильич” 1952-жылы бүтүндөй бир республиканын (Молдованын) чоңу катары 1952-жылы Москвага, КПССтин XIX съездине чакырылат. Ал учурда Кремль «оюндары» олку-солку болуп, ачык айтылбаса дагы Сталинге карата ар кандай байкалбаган терс аракеттердин илеби согуп турган учурлар эле. Бирок, анткени менен баары Стакеңден корккон, эч ким даап, ага каршы ачык пикирин айта алган эмес.
Болгону Кремльдеги андай оюндардын авторлорунун башкы аракети- КПССтин ошол XIX съездинде Борбордук Комитеттин Саясий Бюросунун курамын кеңейтүүгө жетишкен. Себеби, мындай кеңейтилген курам менен И. В. Сталинди кандайдыр бир деңгээлде алсыратуу максаттары болгон. Анткени ошол сенектик мезгилде Борбордук Комитет деген өлкөдөгү болгон маселелердин баарын чечип, көзөмөлдөп турган өзүнчө эле бир монстрь болчу. Брежнев ага мүчө болуп кирет. Анын мындай бийик даражага жетүүсүнө дагы деле Никита Хрущевдин аракети, чоң жардамы себеп болгон. Сталин өлгөндөн кийин БКнын составы кайра мурдагы курамына кыскартылып, Брежнев ал жерден ыргыйт. Бирок Сталинден кийин бийлик башына жаңы эле келгенине карабай Н. Хрущев аны бул жолу да колдоп, Советтик Армия менен флоттун Башкы Саясий Башкармалыгына киргизет. Андан көп өтпөй БКда дың жерди өнүктүрүү маселеси башталып, Никита Сергеевич ал жооптуу кызматты Брежневге тапшырып, Леонид Ильич калдайган
Казакстандын 1-секратары болуп келет. Ал эми ал учурда Казакстанды башкарып жаткан Пантелеймон Кондратевич Понамаренко Польшага «пошел», тойус посол болуп кетирилет. Л. И. Брежневдин өзүмчүл, жакшылыкка кайтарымсыз адам экенин ушундан  көрүңүз, “Целина” деген китебинде Брежнев өзүн-өзү айга күнгө теңеп, кыргызча айтканда өзүн кыздын эрке баласындай эле мактап, бирок ошол килейген китептин бир да жеринде аны ошол даражага жеткирген Н. С. Хрущев жөнүндө бир сүйлөм да жазбайт. Андан көп өтпөй КПССтин XX съезди болуп Л. И. Брежнев кайрадан КПСС БКнын Саясий Бюро мүчөлүгүнө алынат. Бул жерде анын кайрадан Борбордук Комитетке келүүсүнө дагы эле Хрущевдин ачыктан-ачык көтөрмөлөөсү түрткү болгон. Ал эле эмес Л. И. Брежневди СССР Жогорку Советинин Прездиумунун Председателдигине чейин жеткирген ошол Никита Сергеевич Хрущев болгону далайга дайын.

Бийлик кумары эмнелерге гана алып барбайт, чиркин! 1960-жылы Кремльде Н. Хрущевге каршы чагымчылдыктын алгачкы арааны башталат. Ага СССР КГБсынын башчысы Владимр Ефимович Семичастный, СССРдин коргоо министри, маршал Родион Яковлевич Малиновский, БКнын катчысы Михаил Андреевич Суслов, СССР министрлер Советинин председателинин орун басары Александр Николаевич Шелепин, РСФСР министрлер Советинин председатели Геннадий Иванович Воронов сыяктуу өтө таасирдүү адамдар болгон. Аларга салыштырмалуу Леонид Ильич Брежнев тигилердин көлөкөсүндө эле
калган фигура болчу. Бирок анын момундугу, жумшактыгы, элпектиги баарына жакчу. Коркунучсуз адамдай туюлчу. Ушундан уламбы, Н. Хрущевге каршы чагымчылдык башталганда тиги дөө-шаалар Никита Сергеевичтин ордуна Л. И. Брежневди бийлик башына убактылуу гана алып келүү планын түзүшкөн. Ошентип алгачы чагымчылдык кадамдар Брежневдин колу менен башталат. Бул 1964-жыл эле. Анан “ардактуу, момун Леонид Ильич” жогоркулардын аракеттерин жөнгө салып, (башкача айтканда ага
көптөгөн жакшылыктарды жасаган адамды ачык эле сатып) акырындык менен баарын былгытып, “если что мен сыртта болчумун” дегендей амалкөйлүгү менен ГДРга кетип, ошол жакта жүрүп алат, ал жакта улуу иштерди жасап жаткандай түр көрсөтүп. Качан “аш бышканда” гана жетип келет. Акыры, (Улуу Ата Мекендик согушта башынан аягына чейин катышса да, эч бир жеке эрдик көрсөтө албаган, ал согушта “мурду да канабаган” бирок, далай чыныгы баатырларды аттап өтүп, 1945-жылдын августунда Кызыл аянтта
өткөн Жеңиш парадынын бирден-бир ардактуу мүчөсү болгон) Л. И. Брежнов бийлик башына келет. (Ортодо ар жак-бери жак тынчыганча десек да болот, В. М. Молотовду эки жылча башкартып).

1966-жылы 8-апрелде Совет мамлекеттин жаңы жетекчиси катары Брежнев КПССтин XXIII съездинде өзү ойлогондой максаттарды айтып отчет жасайт. Ошол съездде ар кандай нерселердин болуп кетишин алдын ала туйган Л. И. Брежнев партиянын Уставында көрсөтүлбөгөн жорукту жасап, Коммунисттик партиянын алп идеологу М. Сусловго да, А. Шелепинге, П. Демичевке, А. Микоянга да сөз бербей коет. Анткени, ал
съездде бийлик башына бекиле турган жетекчинин тагдыры да жогорку аттары аталган адамдардын жасаган докладдарында башкача өңүткө бурулуп кетиши да толук мүмкүн эле.

Анан эмне болду? “Бийликке убактылуу эле келди” деген Брежнев аярлап иш жүргүзүп, эч бири менен урушпай, талашпай, бирок акырындык менен борбордук бийликтеги кыйындарды тазалай баштайт. Брежнев үчүн эң коркунучтуусу “темир Шурик” аталган А. Шелепин болгон. Чынында эле андагы архивдик материалдарга үңүлүп көрсөңүз Александр Николаевич Шелепин Кремль бийлигиндеги өтө күчтүү фигуралардын бирден бири болгону бадырайып жазылып турат. КПССтин ичинде да абройу бийик болгону,
бардык күч органдары да ал кишиге тике карап сөз айталбай ийменип келишкени айтылат. КГБ, ИИМ, Коргоо министирлиги, радио менен телевидениеде, гезиттерде, деги эле бардык ММКларды анын ишенимдүү кишилери көзөмөлдөп турган. Жогоруда белгилегендей эң кызыгы, Н. Хрущевди алып түшүшкөндөн кийин бери жактагылардын баары Шелепин Хрущевдин ордун ээлейт деп терең ишенишкен. Шелепин өзү дагы башкы бийликтин башына дайындалаарына терең ишенген делет. А бирок бийликтин “эки тизгин бир чылбыры” башта белгилегенибиздей жоош, момун, ар кандай саясий интригалардан алыс болумуш болуп көрүнгөн Л. И. Брежневдин колуна тийет. Анан ал көп өтпөй а дегенде А. Шелепиндин борбордук бийликтеги эң таасирдүү адамы болуп эсептелген КГБнын председатели В. Семичастныйдын “канатын кыркат”. Семичастныйды болбогон эле шылтоо менен борбордук бийликтен четтетип Укринага, В. Шербицкийдин орун басары кылып жиберет. А. Шелепиндин дагы бир “көзүр картасы” МВДнын чоңу,
генерал-лейтенант В. С. Тикуновду Румынияга элчи кылып айдайт. Радио менен ТВнын тейлеген Н. Месяцевди болсо Австрияга кетирет. Борбордук аппараттагы «Темир Шелепиндин» дагы бир күчтүү делген кишисин ФРГга элчиликке которот. Ошондой эле Л. И. Брежнев Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, СССР Министрлер Советинин төрагасы А. Н Косыгинди да жактырбаганы тарых барагында турат. Косыгиндин туш тарабына да өз кишилерин дайындап, анын баскан турганына чейин көзөмөлдөтүп турган
экен, амалкөй Леонид Ильич. Себеби, ал кишинин интеллектуалдык жөндөмү Брежневдикине караганда өтө эле бийик болгон эле. Кийин А. Косыгин инфарктка чалдыгып өлүм алдында жатканда Брежнев ал жаткан ооруканага барып, “мамлекеттик дачаны качан бошотосуң?” деп мазактаганын, кызматтык автомашинесин алдырып, ооруканадагы телефонун өчүртүп салганы тууралуу аңыз кептерди ошол эле А. Косыгиндин жардамчылары эскерген эскермелерде айтылып турат. Көп өтпөй Косыгиндин ордуна экономиканы ал кишидей чага албаса да өз адамы катары санаган Н. А. Тихоновду алып келген. Ошентип, баарын тазалап олтуруп аягында, бир кезде ошол эле Брежневду КПССтин Генералдык Секретарлыгына чейин жетүүсүнө чын ыкластан иштеп, жан үрөп колдоо көрсөтүп келген, башкаруучулук тажырыйбасы мол, тээ 1930-
жылдардан бери ВКП(б)-КПССтин Борбордук Комитетинин мүчөсү, Жогорку Советтин төрагасы, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Николай Викторович Подгорныйды да кысып олтуруп, акыры аны да ээрден шыпырып түшөт… Кызыгы, ал кездеги Советтик жогорку кызматтагы жетекчилердин баары: “Брежнев бийликке убактылуу эле дайындалды, ашып кетсе бир-эки жылга жетпей оодарылат” деп терең ишенишкен ойлору ойрон болуп, Леонид Ильич Брежнев 18 жылга жакын мамлекетти башкарып,
(булдуруктап сүйлөй албай калса да) өмүрүнүн аягына чейин эң башкы тактыда тарамыштай тырышып, оо дүйнөгө сапар алганга чейин башкы бийликти андан эч ким ала алган эмес. Кыргызда мындайды “алдыраарда жаздыраар” деп койчу беле?

Кенжебек Арыкбаев

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *