Москва шаарында каза болгон мекендештерибизге арналып, Ош облусунун бардык 822 мечитинде Куран (хатм) окулуп, көңүл айтылат

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык 2016-жылдын 27-август күнү Москва шаарындагы басмаканада каза болгон 14 мекендештерибиздин жана Ош-Бишкек жолунда автокырсыктан каза болгон 9 кишинин аттарына арналып, бүгүн 29-август күнү пешим намазынан кийин Куран (хатм) окулуп, көңүл айтылат. Бул тууралу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирет.

Буйрукту аткаруу үчүн Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жетектеген казыят кызматкерлери Ош облусундагы 822 мечиттин имамдарына тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *