Москвада 11 жашар кызды зордуктоого аракет кылган кыргызстандык жаран качып баратып омурткасын сындырып алган

Москвада Кыргызстандын тургуну 11 жашар кызды зордуктоого аракет кылып, окуя болгон жерден качып бара жатканда  омурткасын сындырып алган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлап, окуянын чоо жайын билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиянын укук коргоо органдары Кыргызстандын 1989-жылы туулган А. Д аттуу жараны жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу маалыматты тастыктаган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү 3-кабаттагы батирден эшикке карай секирип түшүп, омурткасын сындырып алган. Азыр 29 жаштагы кыргызстандык жаран операцияга даярдалууда.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Москванын Бабушкинское райондор аралык тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. Аталган маселе кыргыз элчилигинин көзөмөлү алдында турат.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *