Москвада көк бөрү оюну уюштурула баштады

Туулгандан тартып ат жалында чоңойгон кыргыз уулу үчүн көк бөрү оюну канадалыктар үчүн хоккей, бразилиялыктар үчүн футбол сыяктуу эле спорттун улуттук түрү эмеспи. Ошондуктан ар кандай майрамдар көк бөрүсүз өтпөйт. Ал эми каны-жаныбызга сиңип калган бул спорттун түрүнүн чет өлкөдө, болгондо да Россиянын борбору Москвада өткөрүлөт деп эч кимибиз күтпөсөк керек. Анткени, өткөн дем алыш күнү кыргыздардын Москвада биринчи жолу көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүүсү баарыбыздын бүйүрүбүздү кызытып, окемдердин да оозун ачырып  койду. Эми Москва шаарында ар жума сайын бул оюн уюштурулуп турат экен. Мындай демилгени жалал-абаддык Нурбек аттуу жигит көтөрүп, Москва облусунун Раменск районуна 18 атты алпарып, жердештеринин жарпын жазып, духун көтөрүп, алгачкы ирет көк-бөрүнүн ачылыш аземин жасады. Бул спорттук иш-чарага учурда каттуу суук экендигине карабай Москвада иштеп, окуп жүргөн көпчүлүк кыргыздар келишип, батасын беришти жана ыраазы болуп калышты. Кезинде Александар Македонский деле эң оболу жоокерлеринин духун көтөрүп жеңишке жетишкендей, көр турмуштун айынан алыста далай азап-тозокту баштан өткөрүп иштеп жүргөн мигрант жердештерибизге ушундай моралдык колдоо көрсөтүп турсак, эч качан кыргыз элинин намысы жерге түшпөйт.

Булак: «Майдан.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *