Москвада өлтүрүлгөн жарандар “Коля Киргиз”, “Сакал” жана “Чач” аттуу кримтөбөлдөрдүн уюшкан топторунун өз ара кагылышынан болушу мүмкүн

Москва дарыясынан балыкчылар 7-8-январларда жансыз денелерин таап чыккан кыргыз жарандарынын бири, 38 жаштагы Искендер Жолборсов “Сакал” ылакап аты бар кримтөбөл Улан Токтосуновдун  уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары КР Ички иштер министрлигини каттосунда турган. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Россияда ар кандай маалыматтар боюнча 500 миңден 800 миңге чейин кыргыз эмгек мигранттары иштешип, жылына Кыргызстанга орто эсеп менен $2 миллиарддан ашык акча жөнөтүп турушат. Бул жөнөткөнү гана, жөнөтпөй бизнеске жүгүрткөнү канча экени боюнча расмий маалымат жок. Албетте мындай суммадагы акча жүгүртүү уюшкан кылмыштуу топтордун көз кырынын сыртынан калбаса керек. Бара-бара Москвага да кыргыз кримтөбөлдөрүнүн өкүлдөрү оой баштаган.

Азыр Москвада “Коля Киргиз” деген каймана аты бар Камчы Көлбаевдин, “Сакал” деген каймана аты бар Улан Токтосуновдун жана “Чач” деген каймана аты бар Эрнис Мурзахметовдун  уюшкан кылмыштуу топторунун өкүлдөрү аракеттенишет.

Өлтүрүлгөн Искендер Жолборсов айылдан Москвага жакында эле келген досу, 37 жаштагы Муратбек Маматалиевди 28-декабрда бир белгисиз балдар менен жолугушууга Люблиного бирге барып келүүгө көндүргөн.  Алар Люблино метросундагы кыргыздарга тиешелүү “Алмаз” кафесинде түнкү саат 3кө чейин болушкан. Түнкү саат 3тө белгисиз бир кыргыз жигиттер келип, ал экөөсүн күч менен өздөрүнүн унааларына салып кетишкен бойдон дайынсыз жоголушкан. 30-январда Искендер Жолборсовдун  туугандары полицияга кайрылып, издөө жарыяланган болчу. 7-8-январларда алардын аёосуз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денелери Москванын сыртынан, дарыянын ичинен табылган.

Москва облустук тергөө комитети “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин ачып иликтеп жаткандыгын КР ИИМдин КМШдагы өкүлү Аскат Алиев өзүнүн фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Тергөө бул адам өлтүрүү Москвадагы кыргыз уюшкан криминалдык топторунун кагылышынан болгон деген версияны да иликтеп жаткандыгы белгилүү болду.

 

Фотолорду этияттап көрүңүз, өлтүрүлгөн адамдардын сүрөттөрү бар!

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *