Муфтият Чоң-Алай жана Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган 8 үй-бүлөгө кошумча 400 миң сом акчалай жардам көрсөттү

Кыргызстан Мусулмандар Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин тапшырмасы менен атайын түзулгөн комиссиялык топ кыш мезгили жакындап калгандыгына байланыштуу Муфтият тарабынан Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылындагы жер көчкүдөн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан 8 үй-бүлөгө курулуп жаткан үйлөрдөн жеринде кабар алышып, чатырларын жабууга жана эшик-терезелерин коюу үчүн кошумча 400 миң сомдук акчалай жардам тапшырды. Бул туралуу Ош облусунун мусулмандар казыяты маалымдады

Жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кеңешчиси Улан ажы Ибраев, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңишбек ажы Бекиев, КМДБнын иш башкармасы Алимбай ажы Эргешов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев катышып, турак-жайлардын курулуштары жана бүгүнкү учурга чейинки жүргүзүлгөн иштер менен таанышып чыгышып, көйгөйлүү маселелерин угушту.

Ал эми жергиликтүү эл Муфтият тарабынан берилген акчалай жардам үйлөрдүн чатырларын жана эшик-терезелерин орнотууга чоң жардам болгондугун айтышып, Кыргызстан Мусулмандар Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевге, дин кызматкерлерге жана кыргыз элине ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, Муфтият тарабынан үстүбүздөгү жылдын июль айында Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан жарандарга гуманитардык жардам жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен 2017-жылдагы орозо-фитирдин эсебинен турак-жайынан ажыраган 8 үй-бүлөгө үй куруп берүү убадасы берилип, жергиликтүү эл тарабынан сунушталган 8 үй-бүлөнүн ар бирине 350 миң сомдон жалпысы 2 800 000 сом акчалай жардам бөлүнүп берилген. Мындан сырткары Өзгөн райондук хатибияты жогоруда аталган Өзгөн районундагы курулуп жаткан 4 үйдүн курулушуна 25 миң сомдон жалпысы 100 миң сом жардам көрсөтүшкөн.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *