Муфтияттын оюндары же ажылыктын алдамчылыгыбы?..

СССР империясы тарап, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери элдин динге карата көз карашы өзгөрүлдү. Салттуу Ислам динин өзөктүү эл буга чейин көмүскөдө тутунуп келсе, эми демократиянын шарданы менен дин тутууга кеңири жол ачылып, шарияттын ибадаттарын аткарууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Исламдагы негизги парздардын бири болгон ажылык сапар түздөн-түз Кыргызстан Мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчилигинде жүргүзүлө баштады. Анткени, адеп башта Алланын жолунда жүргөн адамдар Кудайдан коркуп уурулукка барбайт деген ишеним бар болчу. Тилекке каршы, андай эмес экен. Эмесе, кеп башынан болсун…

1997-жылга чейин КМДБ ажылык сапарды ажылыкка баруучулардан акча каражатын чогултпай эле уюштуруп жүрдү. Себеби, ал кез диний башкармалыктын кызматкерлеринин акчага “аппетиттери” ачылбай, жүрөктөрүндө ыйман жашап турган мезгили болгон шекилдүү. Ажылык сапарга аттангандар өз каражаттарын өздөрүнө жумшап, автоунаа же учак мененби, айтор, ажылык милдеттерин эч кандай талаш-тартышсыз эле аткарып келишкен. Бирок, бул көрүнүш көпкө созулган жок. КМДБнын жетекчилиги 1998-жылдан тартып ажылардан жол киреден, визадан жана башка чыгымдардан тышкары ажылардын документтерин даярдагандыгы жана Мекке, Медина шаарларындагы КМДБнын кызматтары үчүн деп 5 доллардан ала башташкан. Ошол убакта эле бир жылда 4000 адам ажылыкка барып келчү. Эгер 4000 адамдын ар биринен 5 доллардан алса, демек, 20000 доллар 1998-жылдагы ажылык сапарынан өндүрүлгөн. Бекер акчанын даамын таткан КМДБнын жетекчилиги 2000-жылдан тартып, ар бир ажыдан 10 доллардан алууну чечишет. Оозунда Алласы болсо да, Аллага жакпаган жосунга өтүп, соопчулукту унутуп, кылган кызматын колко кылып, 2004-жылга чейин 10 доллардан алып турушат. Эгер болжолдуу түрдө жыл сайын 4500 адам ажылык сапарга барса, анда бир жылда 45000 каражат чогултулат. Ал эми барган сайын напсисин агыткан муфтият жетекчилигине 2005-2006-жылдары ажылыкка барууну каалагандардан алган 10 доллар аз болуп, бул сумманы 20 долларга жогорулатышкан (5000 адамдан х 20 доллардан = жыл сайын 100 миң доллар чогултулган). 2007-жылдан 2009-жылга чейин 20 доллардын үстүнө 15 доллар кошуп, ар бир ажыдан 35 доллар алып турушкан (5000 адамдан х 35 доллар = жыл сайын 175 миң доллар). 2010-жылы бул сумма 50 долларга өскөн (5000 адамдан х 50 доллардан = 250 миң доллар). 2011-жылы ажылык сапардан 160 доллардан алышат (5000 адамдан х 160 доллар = топтолгон каражат 800 миң доллар). 2012-2014-жылдары КМДБнын буга чейинки алган акчалары аз көрүнүп, напсисине ээлик кыла албай, ар бир ажыдан 400 доллардан ала баштайт (4500 адамдан х 400 доллардан = жыл сайын 1 млн. 800 миң доллар). 2014-жылы Мекке шаарында башталган курулушка байланыштуу ажылык сапарга баргандардын саны азайтылган, муфтиятка ажылар 400 доллардан беришкен (3600 адамдан х 400 доллардан алынса = 1 млн. 440 миң доллар чогултулган). 2015-жылы Кыргызстанга берилген 3600 квотадан сырткары кошумча дагы 500 квота берилгенден чүчүкулаксыз акча жасап алышкан. Жалпы бул жылы 4100 адам ажылык милдетин аткарып келген. Ажылардын көптөгөн нааразычылыктарынан кийин муфтиятка бөлүнгөн каражат 50 долларга азайтылып, 350 доллар болгон (4100 адамдан х 350 доллардан = 1 млн. 435 миң доллар топтолгон).

Албетте, ажылыкка сапарга барган кыргызстандыктардан түшкөн акчаларды Кыргызстан Мусулмандар диний башкармалыгы кайсы жакка жумшагандыгы тууралуу суроо кимдин болбосун бүйүрүн кызытпай койбойт. Көрсө, бул акчалар муфтияттын жана башка диний кызматкерлердин айлык акыларына чегерилген экен. Бул фактынын негизинде 2011-2012-жылдары КМДБнын жетекчиси, муфтий Чубак Жалилов мамлекеттик салык органдары тарабынан баардыгы 52 млн. сом тууму менен кошо, киреше салыгы социалдык фондго төлөнгөн эмес деген статья аркылуу сотко берилген. Соттук териштирүү иштери үч жылга жакын созулуп, Жогорку Кеңештин кийлигишүүсү менен араң токтогон. Мындан башка да муфтияттын баардык каржы маселелери (автоунаалар, командировка, күйүүчү май жана башка чыгымдары) дал ушул ажылык сапарга жөнөтүүдөн түшкөн акчадан бөлүнөт. Айта кете турган нерсе, ажылык сапарга бара тургандар муфтиятка акчаны өз ыктыяры менен берүүгө тийиш. Бирок, ажыга баруучулардын көбү нааразы, аларды бул акчаны төлөөгө мажбурлаша тургандыгы айтылып жүрөт. Мусулманчылыктын ыйык парзы катары саналган ажылыкты эңсеген карапайым эл, карыган аталар, апалар пенсияларын жылдап чогултуп, ак эмгеги менен маңдай терин төгүп, адалдан тапкан акча каражаттарын коротуп, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, ажылык сапарга барышат. Ал эми молдокелердин бул шарттан пайдаланып, ажылык сапардан түшкөн акча каражаттарды ар кандай жолдор менен өз капчыктарына толтуруунун аракетинде болушканы жанды кейитет.

Пенсияларын чогултуп, ажыга барган аталардын, апалардын акчасынын эсебинен жыл сайын ажыга баруунун жолдорун ойлоп таап алышкан молдолорго кошулуп мамлекеттик чиновниктер, депутаттар жана андан башкалары ортодон 160 адамды бекер ажылыкка жөнөтүүнү көнүмүш адатка айландырып алышкан. Ажылыкты кесип кылып, пенсионерлердин эсебинен жыл сайын ажыга баргандардын бири БТКнын төрагасы А.Араев өзүнөн башка Меккеге барганга адам калбай калгансып, эч кимди көзүнө илбей, жалгыз өзү он сегиз жолу ажылыкка барган. Ар жылы ажыга баруучулардын сап башында Муктар ажы турат. Бул молдоке да бир жылы штаб менен кошулуп сапарга барса, экинчи жылы ажы башчы болуп, айтор, жылына ар кандай шылтоо менен ажылыкка барат. Ал гана эмес, азыркы муфтий Максат ажы келери менен иштен алып салган Маматов Шакир ажынын ордуна казылыкка Маджитов Садирдин ажыны сунуштап, анын казы болуусуна да Муктардын “салымы” чоң окшойт. Ошол себептен Бишкектен бара турган ажы башчыларды тандоодо Муктардын таасири күчтүү. Башкасын коюп, быйылкы ажы башчыларын эле карай турган болсок, мына ушул топтун же дааватчылардын ишенген аалымдары баары шыр эле ажы башчылыкка өтүп кетти. Мисалы, Кабыл (Макбул), Расул, Юсуф, Сүйүн, Алманбет, Орозмамат ж.б.у.с. Айтымда, мындан сырткары, жыл сайын дааватчылардан атайын топ түзгөнгө аракет кылышат. Андай топту 2014-жылы Кабыл, 2015-жылы Муктар баштап барган. Быйылкы жылы андай топ түзө албай калышты. Бирок, алардын планында быйыл да топ түзүлүп, аны кайра эле Кабыл баштап бармак. Алардын бул максатына Бишкектен тандалып алынган ажы башчылардын “крышаларынын” кыйын болгондугу тоскоол болуп, эч бири Кабыл менен алмашпай коюшту дешет.

Максат ажы бир маегинде “муфтияттан алган 27 миң сом айлык маянам менен гана жашайм” деп айтканы бар. Албетте, бул анын муфтияттан алган нак гана айлыгы. Мындан сырткары, ат тезегин кургатпай чет өлкөгө, кээде өлкө ичине иш сапарларына чыгып турат. Чет өлкөгө чыккандагы бир күндүк командировкасы эле 150 доллардан өйдө эсептелет. Мындан сырткары, ар кайсы элчиликтерден ай сайын жүздөгөн доллардан “устукан” же болбосо “үлүшүн” алып турабы? Муфтий мырза муфтияттын каржылык жагын “карт карышкыр” Жеңишбек Бекиев деген досуна “энчилеп” берген. Анын соттолгондугу тууралуу документи бар дешет, ошого  карабастан, дагы деле муфтияттын башкы бухгалтери кызматын аркалап жүргөндүгүндө чоң мандем бар.

Ажыларды жеткирүү жана алып келүү боюнча авиакомпания менен келишим муфтийдин жеке катышуусу менен түзүлөт. Авиакомпаниялардын иштөө тартиби менен жакшы тааныштыгы барлар билгендей эле кандай гана авиакомпания болбосун, тендерге катышкан учурда тендерди өткөрүп жаткан тараптын жетекчилиги менен жекеме-жеке сүйлөшүп, баланча бонустук орун беребиз деп айтышат. Эгер Кыргызстандан 3500 адам ажылык сапарга бара турган болсо, жок эле дегенде анын 500ү бонустук орун катары бекер берилет. Бул 500 адам учак үчүн эч кандай акы төлөбөйт дегенди билдирет. Булардын акчасы дагы түз эле “такыба” муфтий менен “мээнеткеч” бухгалтердин чөнтөгүнө түшөбү? Баарынан кызыгы, ажылык сапарды уюштуруудагы коррупцияны билип туруп, бир дагы муфтий тазаланууга аракет кылган жок. Кыргызстан эгемендүү болгондон бери кайсы муфтий кызматка келбесин, “ичти-жеди” дегендин үстүндө гана болуп келе жатканы бардыгыбызга маалым.

Ажылык боюнча дагы бир коррупциялык иш – бул ажы башчыларды тандоо. Бул “өнөктүктөн” дагы бир нече кызыкдар жактар бир топ эле акча өөнөп калары шексиз. Мисалы, ар бир ажы башчы өзүнүн тобундагы элүү кишиден 50 доллардан алышат дешет (50 х 50 = 2500). Башкасын коюп, быйылкы жылды эле карайлы? Ажы башчылыкка тапшыргандардын да “крышасы” барлары гана өтүп, “крышасы” жоктор өтпөй калды. Канча жылдан бери дин тармагында иштеп, сабак берип жүргөндөр табышмактуу себептен улам өтө албай калышкан. Алардын ордуна жадагалса документтерди толтура албаган же араб тилин сүйлөмөк ары турсун, дурустап жөндөмдүү окуй албаган “эргулдар” ажы болуп кетишти. Быйылкы ажы башчылардын көпчүлүгү дааватчылардан түзүлүп калганы да кызык. Өз кезегинде муфтияттын ичинде да бир топ эле башаламандык бар.

Качантан бери наиб муфтий болуп, жакында гана фатва бөлүмүн жетектеп калган Равшан ажы көбүнчө иш ордунда отурбайт. Эл бат-баттан фатва сурап келишет. Бирок ошондой орунга отурган Равшан ажы тез-тез эле көбүнчө түштүк тарапка командировкага кетип калат. Анан да ажылык “адиси” эмес болсо дагы, жыл сайын ажыга барчулардын башында турат. Кебетеси, ажылыктан келгенче фатва сурап кайрылган жарандар күтүп, зарыгып турушу керек окшобойбу? Кокус ажырашуу боюнча фатва сурап келгени болсочу? Алардын маселеси кандай болот? Ошол эле бөлүмдө иштеген дааватчылардын “чоң аалымы” Жигитали өз ордуна отурбай, көбүнчө Көлмө медресесинде сабак берип жүрөт. Мындай оркойгон маселелерди Азирети муфтий билбейт деле болуш керек. Бул коомчулук тарабынан кандай кабыл алынат жана мамлекеттин мыйзамына туура келеби? Же болбосо муфтият элдин ырыскысын жеген, бир ууч ажы деген атка жамынгандар үчүн түзүлгөнбү? Мындай жат көрүнүш көп жылдар бою айтылып келе жатканы менен аягы тыйылган жок.

Эгер ажылык сапардан чогулган акча каражаттары муфтияттын өнүгүүсүнө каржыланса, анда кеп башка эле. Муфтиятка тиешелүү акчадан “Куран окутам”, “карызга берилди” деп жеке чөнтөктөрүнө ыйгарып койгон учурлар кездешет. Динге тиешеси жок ар кайсы “долбоорлорго бердик” деп коюшуп, акыры кумга сиңген суудай жок болуп калат. Ошондуктан, Максат ажы муфтий болгондон бери текшерүү жүргүзүлө элек. Ал чогулган акчалардын кайда жумшалып жатканын коомчулукка ачык-айкын билдирүүсү абзел.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Булак: Азия Ньюс

 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *