Муфтияттын ишине нараазы болгондор басма сөз жыйынын өткөрүштү

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып бир топ аксакал маалымат жыйын курушту. Алар президентке, өкмөткө жана укук коргоо органдарына кайрылып, Муфтияттын ажылык сапары боюнча ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылышты.

Кемин районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Теңиз Төлөмүшовдун айтымында, ажылык сапарын уюштурууда каржылык жактан мыйзам бузуулар болуп жатат. Быйылкы ажылык сапардын баасы 2890 долларгабааланып, былтыркыдан 130 долларга кымбаттаган. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Быйылкы зыярат август айынатуш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй башташат.

Булак: Мантыш

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *