Мухаммедкалый Абулгазиев сунуш кылган өкмөттүн составы

Бүгүн, 20-апрелде КР Жогорку Кеңеши өзүнүн кезексиз жыйынында премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкердигин карайт жана ал сунуш кылган өкмөттүн жаңы составын талкуулайт.

Төмөндө Абылгазиев сунуш кылган өкмөттүн составы:

  1. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
  2. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
  3. вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.
  4. вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.
  5. вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.
  6. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.
  7. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.
  8. Адилет министри Айнур Абдылдаева.
  9. Каржы министри Адылбек Касымалиев.
  10. Экономика министри Олег Панкратов.
  11. Айыл жана суу чарба министри Нурбек Мурашев. 
  12. Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов.
  13. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов.
  14. Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева.
  15. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.
  16. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов.
  17. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова.
  18. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов.
  19. Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев.
  20. Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов.
  21. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев.
  22. КР Өкмөтүнүн аппарат башчысы, министр Мурат мукамбетов.

1 ой-пикир

  • Дыйканбай says:

    Кечее Эле исаковдун окмотуно ишенич корсотпой отсавкага айдап, бугун алардын копчулугун кайра дайындаганды эмне деп тушунсо болот. Анын ичинде жакында Эле катуу согуш алган Мурашев кайра оз ордунда калганы Кызык болду. Бул чон муштум же айыл чарбасын тушунбосо, «Челюстун» арты менен министр болуп алып министрликтеги кызматтарды кызылдай акчага сатып жатканына бир жылдан ашып калды. Анан кантип айыл чарбасы бизде которулот? Же жетекчилигинде бир агроному жок, стат-секретары эки жылдан бери кыргызстандын кадрдык кызматтын эн начар Баа деген берип жатса, анан кантип министрлик онолот? Талаачылыкты караган министрдин орун басары ветврач-зоотехник болсо анан кантип бизде министрлик онолот? Деги президентибиз Атамбаевке окшобой, кесипкой кызматкерлерди дайындабайбы мындай кызматтарга? Ал эми департаменттин жетекчилери асты 15-20 жылдап, арты 30 дан ашык жылдан бери бир дерартаментте сасыткы-коррупционер жетекчи болуп келе жаткандардан арылмайынча иши онолбосу баарына маалым. 20-30 жылдан бери по департаментке мойнуна чейин коррупцияга батып, тамырлашып кеткендерди кызматтан айдамайынча бовойт да!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *