Мухаммедкалый Абылгазиев бир кезде Акмат Келдибековдун колуна суу куюп, тамак ташып, тейлеп жүргөнбү?

Жакында саясатчылардын бир тобу бейформал өңүттө жыйналып, өлкөдөгү саясый абалды талкуулап, мындан ары кандай кадамдарга барабыз, канткенде бийликтен өзүбүзгө татыктуу орун табабыз деген сыяктуу маселелер боюнча уй мүйүз тарта олтура масилеттешет. Анан эле ак көңүл Камчы Ташиев адатынча алабармандана кетип, Ахмат Келдибековго: “Ахмат, азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баягы сен Соцфонддун төрагасы болуп турганда сенин кол алдыңда иштеп, бизге тамак ташып, чай куюп, тейлеп жүрчү кишиби?” дейт. “Ошо да, биздин колубузга суу куюп, мончо уюштуруп, чай куюп берип жүрчү эмес беле, ошол кишини бирөө премьер-министр кылып дайындайт деп ким ойлоптур?” деп үшкүрөт Ахмат Келдибеков. Кыргыз бекер айткан эмес да “Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет” деп.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Фотоколлаж “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *