Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат

Премьер-министри  бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышат, Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы «Жийде-Бак» үрөн чарбасынын иши менен таанышат.

Ошондой эле Премьер-министр Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Ат-Башы ГЭСинин иши менен таанышат.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн каралган турак-жайдын курулушунун жүрүшүн көрүп чыгат жана Нарын облустук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы менен таанышмакчы.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *