КР Премьер-министрине кайрылуу – Мухтар Ауэзов эгиз элдин боордоштугу менен достугунун улуу символу

КР премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиевге 

Кайрылуу кат

Урматтуу өкмөт башчы, адегенде ачыктап коёр кырдаал, адаттагыдай «Мукан иним» деп түз эле кайрылсам, айтаар маселе нак, кыска, жасалмасыз болор, а балким натыйжалуу да болор дейм…

Казак адабиятынын классик генийи, башкасын айтпаганда да «Абай жолу» эпопея романы менен дүйнөлүк адабияттын алтын казынасынан орун алган жазуучу Мухтар Ауэзов кыргыз элине, дагы да башкасын айтып майдалабайлы, жүрөгү кыргыз деп соккон ар бир аң-сезимдүү ак калпак ала-тоолук кыргыз урпактарынын эсинен өчпөс эки үлкөн эмгек өтөгөн.

Биринчиси, 1952-жылы кыргыз атын жамынган карөзгөйгөйлөрдүн (булар азыр да аракетте) жыландай жылма саясаты аркасында СССР империясынын бийлик буйругу менен андагы борбор калаа Фрунзеде «Манас» эпосунун элдүүлүгү» деген көпчүлүк элдин жүрөгүн оозуна каптаган, азыр күлкүлүү сезилген, байыркы көчмөн доордон берки кыргыз рух жана намыс байрагынын тагдыры катаал таразага коюлган кылчайнаш талкууда бүгкүлсоюздук, дүйнөлүк да аброюн пайдаланып, өзүнүн керт баш кооптуулугуна кайыл болуп туруп, «Манас» – кыргыз элинин тарыхы, тили, дили, демек, кыргыз калкынын өмүрүнөн «Манасты» ажыратуу – бул бүткүл бир улуттун тилин кесүү менен бирдей эмеспи…» деп ташка тамга баскандай жыйынтыктуу сөзү менен «ит тартыш» маселени оң жакка оодарып кеткен эрдигин кантип унутабыз?

Экинчиси, элибиздин «Манас» тарыхый дастанынан кийинки рух дөөлөтү жана таянычы Чыңгыз Айтматовду 1958-жылы жарык көргөн алгачкы «Обон» китебине жана да баягы өздөн чыккан карөзгөй «чаарбаш анаконда» акелерибиз ар кандай ичтарлык айыптарды тагып, жаш калемгерди «муунта» баштаганда дал ошол Мухтар агабыз Москвадан кол сунуп, Чыкебиздин союздук, андан ары дүйнөлүк адабияттын асманына кайкып учуп чыгышына аэродром болуп берди го?

Мукан иним, ток этер жерин айтканда, кечээ жакында жергебизге атасын эскерип куран окутканы келген белгилүү окумуштуу калемгер агабыз Мурат Ауэзовго 1957-жылы айтылуу Исхак Раззаковдун демилгеси менен Чолпон-Атанын чок ортосунан чакан жер тилкеси берилип, ал жерге улуу жазуучу өз акчасына үй салып, касиеттүү көл кылаасында далай-далай сонун күндөрүн өткөргөн. Азыр Мухтар Ауэзов атындагы үй музейден жолуккандагы өктөө-өкүнүчтүү өтүнүчүмдү ук!

Музейдин абалы жакшы эмес. Орой айтканда, аны азыр эки кемпирден башка эч ким карабайт экен. Улуу Мукең  кезинде өз колу менен аздектеп отургузган тогуз ак кайың асман тиреп, муңканып турат. Жакшы атанын жакшы уулу Мурат байке не десин? Өз учурунда Акаевге, Бакиевге, Отунбаевага кат жазыптыр. Алтургай музейди Казакстандын карамагына берүү өтүнүчү менен кайрылганда, кыргыз тарап намыстанып бербей койгон экен.

Мукан, кагылайын, болбосту айтып мазеңди жана алтын убактыңды албас элем. Колуңдан келип турат, береги мышык ыйлаар музейдин ремонтун, музейге алып барар Мухтар Ауэзов атындагы чолок көчөгө соода күркөлөрү толуп алгандан унаа араң өтчү башаламан тартибин жана канчадан бери музейди көздүн карегиндей сактап келген эрбейген эки кыргыз аялзатынын айлык маянасын колуңа, камкордугуңа алчы, байболгур!

Баарыбыз дегдей утурлап келаткан ааламдык калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине келчү казак боордоштордун алдында (алар музейге кайрылбай койбос) жана да эсил кайран Мухтар агабыздын арбак рухунун алдында уңгулуу эл урпактары катары жүзүбүз жарык болор жана эзелтен келаткан туугандык менен достуктун улуу салтынын үзүрлүү улана беришине да өбөлгө болор.

Мекен жүгүн аркалаган кыйын кезең жоопкер ишиңе ийгилик, бекем ден соолук каалап,

Дүйшөн Керимов

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *