Мукар Чолпонбаев, экс-спикер: «Атамбаев 2 айдын ичинде парламентти таратпаса, СДПК кайра шайланып келгенге алы келбей калышы мүмкүн»

— Мукар агай, сиз парламенттин төрагасы болгонсуз. Парламенттин табиятын жакшы түшүнөсүз. Азыр коомчулукта парламентке нааразычылык күч. Бул чакырылыштагы Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурун тарайт деген сөз күч алды. Бийликтен кетип жаткан президент Алмазбек Атамбаев да бул парламентке ичи чыкпай турганын “Жогорку Кеңешке сабатсыздар чогулуп алган” деген сөзү менен далилдеди окшойт. Парламентке баа берүүгө убакыт келип жеттиби?

— Туура, азыркы парламентке баа бериш керек. Алтынчы чакырылыштагы парламент башынан эле иштебей турган болуп келген. Себеби, парламенттик шайлоонун өзү кыргыз элинин табиятына, үрп-адатына, каада-салтына туура келбейт. Жогорку Кеңеш ушундай деңгээлге туш болору башында эле көрүнгөн. Эл ар бир талапкерди түздөн-түз шайлаган жок. Партияга, партиянын лидерине добуш берди. Партиянын лидери бийликтин эгеси Конституцияда көрсөтүлгөн эл менен эмес, чечүүчү орган БШК, Президент менен соодалашып, орундарды бөлүшүп алган. Партиянын ичинде болсо депутат болчулар лидер менен соодалашып, маселени чечип алышкан. Парламентке дээрлик акчасы бар байлар келишти. Жаштардын, аялдардын квотасы менен келип калган акчасы жоктор аз эле. Акчанын күчү менен бийликке келгендер эч убакта мамлекеттик маселени, элдин көйгөйүн чечпейт. Өздөрүнүн байлыгын сактап, аны көбөйтүүнүн аракетинде гана болот. Депутаттар ошол функциясын аткарып жатышат. Ошондуктан азыр мыйзамдар бири-бирине карама-каршы. Алар мыйзамдын аткарылышын толук көзөмөлдөй алышпайт. Парламенттин колунда мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй турган функция турат. Ар бир депутат Өкмөткө өз алдынча өзүнүн кызыкчылыгы үчүн суроо жөнөтөт. Өкмөт дагы ар бир депутатка жооп берип коюп кутулат. Анын калп же чын экенин текшерген жан жок. Эптеп суроо узатылса, ага жооп келсе болду. Азыркы парламенттин абалы ушундай болуп калды. Жумасына эки күн жыйын өткөрүшөт. Кептин баары депутаттар жыйынга келбей жатканында болуп жатат. Мен азыркы чакырылыштагы парламенттин жыйынында отуздан ашык депутат жыйналганын бир да жолу көрө элекмин. 120 депутат болсо, алтымыштан кем эмес депутат жыйналмайынча кворум жок болуп, жыйынды өткөзгөнгө болбойт. Жыйынга келген 30 депутат жок депутаттардын ордуна кнопкаларын чуркап басып жүрүшөт. Ушул парламент иштемек беле?

— Иштебесе тарап эле кеткени артык да?

— Жогорку Кеңешти таратыштын эки гана жолу бар. Биринчиси, депутаттар өздөрү биз тарайбыз деген чечимди чыгарышы керек. Экинчиси, президент таратат. Эгерде Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда чечилбей турган карама-каршылык пайда болуп калса. Мындай карама-каршылык пайда болбойт!

— Анткен менен Атамбаев “Депутаттар грант, карыз алууда ызы-чуу жаратып, өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылды” деп айтты. Ушул сөздүн түпкүрүндө парламентти таратыш керек деген маани жаткан жокпу?

— Бул парламент тарап кетиши да мүмкүн. Атамбаевдин айтканы шылтоо гана. Ал киши “Мен саясаттан кетпейм. Менин колумдан көп нерсе келет” деп айтып жатат. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин да СДПКнын лидери катары калат. Парламентте өз кишилери олтурат. Жогорку Кеңешти таратуунун эки шартын ушул киши алып келиши мүмкүн. Азыр Атамбаев кайда кетет деген эки божомол болуп турат. Эгерде Атамбаев бийликтен кетип, ошол боюнча тынчып кала турган болсо, жарым жыл же болбосо бир жыл өтөбү анын үстүнөн кылмыш иши козголушу мүмкүн. Кылмыш иши козголбош үчүн бийликте калышы керек. СДПК күчтүү болуп турган кезде премьер-министр болуп калууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Өкмөт башчысы болуп барбайм деп жатат. Премьер-министр болуп барбоонун негизги себеби коңшулар менен батышпай калды. Эгерде премьер-министр болуп келе турган болсо, Казакстан менен эч качан элдеше албайбыз. Элдеше албаганыбыздан кийин кыргыз товарлары чек арадан өтпөйт. Казакстан менен достугубуз оңолмоюнча өнүгүшүбүз кыйын болуп калат. Атамбаев премьер-министр болуп жакын арада келе турган болсо, коңшулар менен алакабыз оңолот дегенди унутушубуз керек. Ошондуктан, Атамбаевде саясатта калышы үчүн бир гана жол калат. Партиясынын съездин өткөрүп, партиясы парламентти таратуу чечимин кабыл алат да, СДПК фракциясы “Биз элге жакпай калдык, тарап кетишибиз керек” деп чыгат. СДПКда 38 депутат бар болсо, анын жок дегенде отузу ушул идеяны колдойт. Мындан сырткары артында чубалган жиби бар депутаттар бар. Алардын жиптерин тартып, аргасыз колдоого мажбур кылышат. Ошентип өзүбүз тарадык деген чечим кабыл алынат. Ушундай шартта парламентти тарата алса Атамбаевдин депутат болуп кайра келип калуу мүмкүнчүлүгү турат. Бул идеяны ишке ашырууда 2 айдан кечигип кала турган болсо СДПКнын кайра шайланып келгенге алы келбей калышы мүмкүн.

— Атамбаев башка сөзүндө “Мен парламенттин тарашына каршымын” деп айтты. Сиз 2 ай ичинде парламентти таратпаса, абалы кыйындап калат деп жатасыз. Парламенттин дагы 3 жыл мөөнөтү бар. 3 жылдан кийин башка депутаттар эмес, Атамбаевдин сөзүн өзүнүн депутаттары угабы? Маселе ушунда болуп жатпайбы?

— Маселенин баары ушул жерде. 3 жылдан кийин Атамбаевди эч бир депутат укпай калат. Ошон үчүн 2 айдын ичинде парламентти таратышы керек деп айтып жатам. 3 жылдан кийин шайлоо болсо Атамбаев парламентке депутат болуп олтурабы же Текебаевдин азыркы кейпин кийеби? Бул суроо да ачык бойдон турат. Бүгүн Атамбаевдин айткан сөздөрүнүн баарын чындык катары кабыл албаш керек.

— Атамбаев кызматтан кеткенден кийин деле кадр саясатына таасир бере алабы? Ал киши өзү “Кызматтан кетсем да бийликтин бир бутагын алмаштыра алам” деп айтпадыбы…

— Өзү кадр саясатына түздөн-түз аралаша албайт. СДПК партиясы же болбосо Өкмөт аркылуу таасир этиши мүмкүн. Башка мамлекеттерде “кара кардинал” деген түшүнүк бар эмес беле. Кыргыздарда муну “аталык” деп атап коёт. Атамбаев да “аталык” болууга аракет кылып турат. Сооронбай Жээнбеков ант берип ишке киришкенден кийин эле УКМКнын төрагасын алмаштырса эле, Атамбаевде “аталык” болууга мүмкүнчүлүк чектелип калат. Азыр эл бийликке нааразы. Муну моюнга алыш керек. Нааразы болгон менен элдин башы бириккен эмес. Нааразы болгон катмарды баштап чыга турган оппозициядагы адамдардын башы бириккен жок. Биригиши да мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө Атамбаевдик бийликке биринчилерден болуп оппозициялык топ болгондор Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү. Оппозициянын башка мүчөлөрү бул топко кошула албайт. Эл дагы Убактылуу Өкмөттүн адамдарына нааразы. Себеби, алар элдин алдында кылган кылыктары үчүн жооп бериши керек. Экинчи топ, “америкостор” деп аталгандар. Алар Американын акчасы менен жан баккандар. Бир кезде булар аябай таасирлүү болчу. Азыр таасиринен ажырап, жек көрүндү болуп калышты. Калган оппозиция өкүлдөрү акча каражаты жоктор. Акча каражаты жок чоң саясий иштерди уюштуруу мүмкүн эмес. Атамбаевдик бийлик оппозициядан келген, элди ким уюштура турганын, качан, кандай уюштурарын жакшы билет. Ошол адамдарга гана көз салып, кыймылдатпай кармап турушат.

— Кечээки президенттик шайлоодо оппозициялык маанайды карманган Адахан Мадумаров тыйын таратпай жүз миңдеген добушка ээ болду. Парламентти 2 айдын ичинде таратуу керек деген пикирди айттыңыз. Жакын арада шайлоо боло турган болсо эл оппозициялык партияга ооп кетиши мүмкүнбү?

— Эгер оппозициялык маанайдагы партиялар, саясатчылар биригип аракет кыла турган болсо, эл колдоп кетет. 3 жылдан кийин шайлоо болсо да бириккен оппозициялык күч парламентке келгенге мүмкүнчүлүк алат. Бул убакыттын ичинде оор кырдаал жаралып калышы мүмкүн. Кыргыз-казак чек арасы качан ачылышы белгисиз. “Кумтөр” маселеси дагы деле чечилбей, азыр эки мөңгү менен жаңы көйгөй пайда болду. Кечээ Атамбаев “5 миңден ашык мөңгү бар экен, анын ичинде эки мөңгү эмне болуп кетиптир” деп айтып жатпайбы. Кеп 2 мөңгүдө эмес, депутаттар ошол мөңгү үчүн 5 миңден ашык мөңгүнүн тагдырын чече турган мыйзамды кабыл алышты. 2 мөңгү керек болгон болсо, ушул мөңгүлөр тууралуу өзүнчө мыйзам кабыл алса башкача сөз болмок. “Кумтөрдө” мөңгүнүн үстүнө тоо калдыктарын төгүүнүн кесепетинен мөңгү ээрип, карьерди көздөй жыла баштаган. Демек, бул алдын ала даярдалып жасалган иш.

— Казак-кыргыз чек арасы качан чечилери белгисиз деп айттыңыз. Казак президенти бүтүндөй кыргыз элине таарынган жок да. Ал жеке бир инсанга таарынып жатат. Назарбаев жаңы президентке куттуктоо жөнөткөндө эки элдин мамилеси жакшы бойдон каларын белгилеген. Жаңы президент ишке киришкенден кийин чек ара маселеси деле чечилсе керек?

— Чыр эмнеден чыкты? Бабановдун шайлоо учурунда Назарбаевге жолугуп келиши жөн гана шылтоо. Назарбаев да туура эмес иш кылды. Кааласак да, каалабасак да Бабановдун казак жараны деген паспорту бар. Аны кабыл алгандан кийин кыргызга таасир кылууга аракет кылды деп айтсак болот. Бирок, Назарбаев шайлоодо таасир кыла алган жок. Бабановдун бул кылыгы боюнча БШК аркылуу баа берүүнүн ордуна Атамбаев адатынча балп эттирип Назарбаевди күнөөлөп салганы дипломатиялык этикага туура келбей калды. Биринчи күнөө биздин президентибизде. Муну моюнга алышыбыз керек. Эгерде Назарбаев кетип жаткан президентке эрегишип, чек араны жаптырганы Атамбаевге жасаган кыянаттык иш эмес, элге жасаган зыян иши болуп жатат. Назарбаевдин бул кылыгы туура эмес. Жаңы шайланып келген президентти куттуктоо протоколдук иш. Иш жүзүндө аны менен кандай сүйлөшүү жүргүзөт такыр башка маселе. Атамбаев бийликтен кетти, кыргыз элине мурункудай эле баркымды сактап калайын дей турган болсо, Сооронбай Жээнбековду кабыл алып, экөө маңдай-тескей олтуруп алып маселени чечиши керек. Мен ушундай болот деп ойлойм. Ортого Владимир Путин түшөт. Башка киши ортомчу болгонго дарамети жетпейт. Мындан сырткары элдин күткөнү эле – Сооронбай мырза өз алдынча бийлик жүргүзө алабы деген маселе. Бул киши тез аранын ичинде Атамбаевдин кадрларын өзүнүн тегерегинен тазалашы керек. Көп болсо 6–7 киши. Ошол кишилер бийликтен четтегенден кийин калгандары акырындан өздөрү эле тазаланып калат. Азыр жаңы президент өзүнүн адамын экономикалык кызматтарга коё албайт. Ал орундарды парламент чечет. Парламентти колго алуу рычагы УКМКда жатат. УКМКда кимге кандай материал бар экенине жараша маселе чечилет. Ошол материалдардын баары Сооронбай Жээнбековдун кишисинин колуна өтө турган болсо, Сооронбай мырза кырдаалды өзү башкара алат.

Азыр парламентте Атамбаевдин сөзүн сүйлөгөн депутаттар басымдуулук кылышат. Бирок, алардын баары “эшегим суудан өткөнчө” дегендер.

— Жээнбековго негизги атаандаш болгон Бабанов кылмыш иши козголуп, четте жүрөт. Ал Атамбаевдин учурунда өлкөгө келсе камалышын түшүнсө керек. Камалып калса, эч нерсе жасай албасын да жакшы билет. Жээнбеков кызматка олтургандан кийин, биринчи кадамын саясий атаандашын камоодон баштабайт деп кайтып келе алабы?

— Бабанов жалгыз өзү саясий чоң оюнду көрсөтө албайт. Анткени, саясатчылар Бабановдун ким экенин жакшы билишет. Садыр Жапаров да жалгыз өзү болуп, эч нерсе чече албай калды. Өмүрбек Текебаев да башка саясатчылардан четтеп, жеке өз күчүнө ишенип калган болчу. Ошонун азабын азыр тартып олтурат. Мен 2010-жылга чейин БЭКтин бюро мүчөсү болчумун. Биз 15 киши элек. Аларды четинен кетирип, бюро мүчөлүгүнө “Ата-Мекен” менен СДПК партияларынын мүчөлөрүн көбөйтө башташкан. Ошондо БЭКтин улуттук кеңешин чогулткула деп маселе койдум. “Форумга” чогултушту. 2010-жыл 24-февраль болчу. Чогулушта “Алмазбек Шаршенович, Өмүрбек Чиркешович, экөөңөр туура эмес иш кылып жатасыңар. Силер оппозицияны менчиктештирип алдыңар. Биз бюро мүчөлөрү маселени чече албай калдык, үнүбүз жетпей калды. Жакында революция болуп, биз бийликке келсек, экөөңөрдүн Бакиевден эмне артыкчылыгыңар болот? Силер андан да төмөн кетишиңер мүмкүн” деп айткам. Ошол күнү кыжылдашып кетип, мен бюро мүчөсүнөн чыккам. Менин ордума Сариев кирген. Менин айтканым келди, экөөсү кармашты. Булар оппозицияда жүргөндө биринчи максаты парламенттик башкарууну алып келүү болчу. Азыркы система парламенттик башкарууга туура келбейт. Парламенттик башкарууда жоопкерчиликти премьер-министр алат. Бүгүнкүдөй болуп премьер-министрди башка жактан алып келип, менеджер болуп олтуруп бер десе, бул жоопкерсиздик башкаруу болуп саналат. Ушул система Кыргызстанды өнүктүрбөй жатат. Өкмөт башчыларынын ичинен жалгыз гана Сооронбай Жээнбеков президенттикке аттанып, кызматын тапшырып кетти. Ага чейин Сариев Балыкчы-Корумду жолун салууда пара алды деп кызматынан чуу менен кеткен. Кана камалганы? Өзү деле, министри деле эркин жүрбөйбү. Текебаев болсо орус жараны пара бергем деп көрсөтмө берди эле камалып кетти. Бабановдун үстүнөн орустардын Мамлекеттик Думасынын депутаты арызданса жооп берген, жоопко тарткан эч ким болбоду. Тандалма саясий оюн күч алды. Атамбаевдин тушунда митинг өткөзүүгө тыюу салынды. Бакиевдин тушунда канчалаган адам өлүп кетти. Мен алардын бирөөсүн да оппозиция лидери болчу деп айта албайм. Азыр отуздан ашуун оппозициялык маанайдагы адамдар абакта олтурат. Бул саясий камак. Бирок, бул окуяларга жаңы президенттин тийешеси жок. Сооронбай Жээнбеков иштөө жагынан такшалган кадр. Муну моюнга алыш керек. Тажрыйбалуу жетекчи экенин эч ким талаша албайт. Кеп чечкиндүүлүгүндө жатат. Буга чейин “зам” болуп келсе, азыр “сам” болуп келди. Эми чечкиндүүлүктү көрсөтөт деген ишеним бар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *