Мурат Аджи: Кыргыздар – кыпчактардын байыркы акылмандыктарын сактоочусу

Европа. Түрктөр. Улуу талаа. Биз –  кыпчактар теңир, асман кудайы, темир кудайы.

Алтайдын геологиясына кызыгып жатып, мен түшүндүм, эмне үчүн дал ошол жерде жаңы металлургиялык технология пайда болгон: бул жердеги кенде пайдалуу кошулмалары менен темирге абдан бай… Анан Теңир аты көңүл бурдурган, аны байыркы Алтай баяны сактап келген. Ошентип, түрктөр эки жарым миң жыл мурун, аларга темир сырын ачкан жаңы Асман Кудайын аташкан.

Собол туулат, байыркы түрктөрдүн руханий маданияты жөнүндө эмне билебиз? Тенгри хан тууралуу маалыматтар аз-аздан чогулган.

Жаңы Кудайдын культу Темир менен байланышкан. Эмне үчүн? Илгери темирди «асман металлы» аташкан… Бул культту метеориттер “жаратууга” жардамдашканбы? Асман таштары байыркы адамдарды темир  менен асман металынын күчү ишенимге күчү ишенимге айла-нып отуруп, акыры Темир уста- Кудайынын культу чыккан. Ишеним анык нерседен башталышы мүмкүн! Асман Кудайынын, анын жазалоочу, коргоочу болот кылычынын күчүнө ишеним…

Түрктөр бутпарастар болгон. Бирок жаңы кудай аларды өзгөрткөн. Теңири жаңы түрк руханий маданиятынын жүрөгү болгон. Улуу Кудай бул элди жеңилбес кылган. Адамдарга Асман Кудайын жана рухту тартуулаган Алтай – түрк элинин ыйыгы! Ата-бабалар Ата-Мекенди аздектешкен, аны жердеги бейиш аташкан. Бул курч сезим кыпчактардын канында калган. Ностальгия – түрктөрдүн дартты. Адамдар кубануу менен Алтайдын чокуларын карашкан. Аларсыз жашай алышкан эмес.

Алтай дүйнөнүн борбору

Байыркы түрктөр Уч-Сумердин үч чокусунун аздектешкен. Ал жөнүндө уламыштар айтылган. Дүйнөнүн борбору! Бул жерде сыйынууну жана майрамдарды өткөрүшкөн… Бул тоонун жанында, азыр дагы жергиликтүүлөр аңчылык кылышпайт, катуу сүйлөшүшпөйт – ыйык жай. Буддизм мифологиясында Сумер тоосу – универсалдуу космогоникалык символ.

Байыркы Алтайда башка чокуларга дагы сыйынышкан… Ыйык тоолорго ритуалдык сүрөттөрдү, анан жазууларды ишенип калтырышкан. Таштагы сөз менен образ руханий адат катары кылымдарга калтырылып, бир бүтүндүкө айкалышкан. Мында сыйынуунун салтанаты жана храмдардын жасалгалоосу… китептердин, летопистердин иллюстрациясы…

Ыйык Кайлас тоосу

Өзгөчө Тибеттеги Кайлас тоосуна ыйык тутулган. Ал миңдеген адамдар үчүн зыярат орду болгон. Бул Кайласка Теңир хан түшкөн деп айтылат.

Үч-Сумер жана Кайластын ыйык контурлары Асман Кудайына ишенген адамдарды кубанычтын толкунуна кармаган. Бул тоолор, кыязы түрктөргө храм архитектурасы идеясына алып келген… анын жөнөкөйлүгү менен көркөмү керемет. Мунун баары Алтайда башталган бир чынжырдын алкагы.

Талаада тоолору аздектөө адатка айланган, ананчы унутулган эмес: түздүктө адамдар ыйык тоолордун «көчүрмөсүн» түзүшкөн! Курган-чептерди куюшкан, натыйжада “колго жасалган” Кайлас пайда болгон. Анан храм, сыйынуу чеби (же бүгүн түрктөр айткандай, “килисе”) ыйык тоолордун символу болуп калган. Атайын аянтчада, катар туруп сыйынышкан… Талаада Алтайдагыдай болгон: үрп-адаттарды сактап, кошумчалашкан.

Кыпчактар, Асман Кудайын көкүрөктө сактап, анын образын таштарга чегишкен. Ал Кудайды эстөө болгон. Алар жан-дүйнөнү тазалап, Жараткан менен сүйлөшүүнү шарттаган. Мындан улам – “икона же кооздоп тартылган сүрөтчөлөр чыккан” же “путтар”…

Биздин ата-бабалардын ойлору кең жана терең болгону таң калтырат, алар үчүн храм Түбөлүк Кек Асман – Теңири жапкан купола бүт баарын курчаган дүйнө болуп калган.

Түрктөр Теңири Хандын об-разына канчалык терең сүңгүгөн сайын, ага карата кайрылуу ошончолук көп болгон: “Бог”, “Алла”, “Ходай”, “Господи” -этап Улуу Кудайга чакырган… Ар биринин өзүнүн мааниси болгон. Кийинчерээк бул түрк сөздөрү, акырындан башкача аталып, башка элдердин жана диндердин лексиконуна кирген.

Мага унутулган, басынтылган Мекен жайбаракат ачылган. Бирок, меники!.. Барган сайын ошончолук жүрөкө жакын болгон. Иван Алексеевич Буниндин саптары мени күйгүзгөнү эсимде. Анын ырынан өзүмдү жана баарыбызды билдим. Алар сенин үстүнөн күлүшөт,

Алар, Мекен жөнундө, кекетишет.

Сени, сенин жөнөкөйлүгүң,

Байкуш кейпиң, кара тамың…

Ошондой уулум, карапайым, арсыз, Уяласың вз энецен -Чарчаган, алсыз, капалуу

Калалык досторунун арасынан,

Карашат жаны ачып, күлүшөт,

Жүз чакырым жер кезгенге

Ал үчүн, кезигишүү күнүнө,

Акыркысын сактаган…

Тилекке каршы, биз ал Биздин Уулу Мекен экенин түшүнбөй кылымдар бою Талаага “жан ачып күлүп, карадык”. Ал тууралуу аз билип, калптарга ишенип, анын “акыркысынан” баш тарттык. Мен өзгөрүүнү каалайм, мен аларды самайм, алар үчүн өзүмдүн китебимди  жазам: менин элим таза сүттөн буркураган кымызга айлансын. Андан Намыс, Сыймыктануу ойгонсун.

Миңдеген жылдардын тереңинде түрктөрдүн тамыры жок болууда. Байыркы түрктөрдүн адабий чыгармаларынын үзүндүлөрү да кооптуу абалда. Алардын тили өзүнүн тереңдиги, образдуулугу менен сыймыктанууга алып келет. Ал эми китептердин өзү кайда?

Сырдуу түрдө жок болду. Бирок алардын кайтып келүүсү турган иш. Маселен, Армения менен Грузиянын азыркы архивдеринде аз эмес баалуулуктар сакталуу. Ал жерде армян графикасы менен бирок түрк тилинде жазылган байыркы фолианттар бар.

Индияда, Тибетте, Иранда көп нерселер сакталуу болуш керек, анткени бул өлкөлөр менен Улуу Талаа узакка чейин карым-катнашта болгон. Брахманча жазылган байыркы түрк текстери илимде белгилүү. Буддисттер аларды ыйык реликвия катары сакташат.

Европада ар бир түркологу тарткан архивдер бар: маселен, Балканда ХIХ-кылымга чейин түрк руналарын эстешкен. Аларды монахтар сырдуу жазуулар үчүн колдонушкан. Россия маданиятында кыпчак үрп-адаттары такыр эле изилденген эмес. Бирок, алар күчтүү далилдер. Жок дегенде державиндик: «Көмүскө жерден татар ыры, нур болуп, урпактарга кабарлайм» (өзү белгиледи-М.А).

Пушкин жалаң түрк жомокторун айткан: алар Улуу отурукташуу (Улуу Кеч) аркасынан Азиядан Европанын аймагына келишкен. Акындын чыгармачылыгынын тамыры тээ тереңге кетет. Аларга эки миң жыл. Ал учурда азыр дагы адамды суктандырган түрктөрдүн поэзиясы болгон.

Түрк үрп-адаттары теги Улуу Талаадан чыккан Державин, Гогол, Тургенов, Толстой, Тютчев, Бунин, Набоков, Булгаков ж.б. улуу классиктердин чыгармаларында көрүнөт.

(Уландысы бар)

Асылбек Бектенов

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *