Муратбек Бегалиев, Кыргыз эл артисты: Чыгармачылык эргүүнү кооз табияттан алабыз

Жай мезгили келип, эс алуунун, ден -соолукту чыңдоонун учуру башталды десек болот. Биз да жумуш ортосунда убакыт таап, эки күн Жумгал районунун “Көлмө” деп аталган жайлдосуна барып, кымыз ичип, жайлоонун не бир, керемет сулуулугуна суктанып келүүгө үлгүрдүк. Мына ошол жайлоодон Кыргыз Эл артисты, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын ректору, айтылуу композитор Муратбек Бегалиев агайыбызга жолугуп калдык. Бул жайлоодо Мурат Акимович да эс алып, бээнин сүтүн ичип, күнчүлүктөн пайдаланып, ат жалында учкай маектештик. Эмесе ошол маекти эл назарына коёлу.

—Муратбек Акимович, эс алууңуз жакшы өтүп жатабы? Канча күндөн бери эс алып жатасыз?

—Кудайга шүгүр! Бир жумага чамалап калды. Кыргыздын жери керемет да. Өзгөчө мына ушундай бийик тоолуу жерде, анан калса, төрт тарабын тоолор курчаган көлү бар, тоонун бетинде ар түрдүү гүлү жайнаган жер табияттын кооздугун арттырып коёт турбайбы. Бул көл чакан көл болсо да, балыгы көп экен. Даты бир кызыгы, ушундай жапжашыл керемет тоодон биз турган жерден ашып кетсе бир чакырым жерге жетпеген тоо боорлорунда, чокусунда ак кар жатат. Бул биз эс алып жаткан “Көлмө” жайлоосу абдан кең жайлоо экен. Ошон үчүн Жумгалдын Баш-Кууганды, Эпкин, Түгөл-Сай деген айылдарынын чабандары төрт -түлүк малдары менен чыгышат экен. Аттарын угуп олтурсаң, ар бир жер жердин шартына жараша сонун коюлуптур. Мисалы, Капчыгайдан чыга бергенде Түз, андан ары: Оттук, Бөрү-Көрбөс , Бөйрөк -Булак, Бел, Көк-Бел, Ак-Көл, Май-Төр, Кулжа-Төр, андан ары Сөөк жайлоосу болуп уланып кете берет экен. Айтор, кыргыздын ушундай не бир керемет жеринен айланса болот. Мына биз дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, не бир сонун жерлерди көрдүк. Бирок болбой эле канча керемет жер көрсөк да, ошонун баары биригип келил, өзүбүздүн кыргыз жерине жетпейт экен. Мисалы, Европада бийик тоолор жок. Алардын тoo дегенин биздин бөксө, жапыз тоолор деп койсок болот. Бирок ошондой болсо да, ал өлкөлөрдө ошол тоо чокусуна укмуштуудай бир имараттарды салып, цивилиациянын болгон жетишкендигин алып барып коёт. Албетте, ал жакшы дечи. Бирок биздин табиятты караңыздарчы, эмне деген керемет. Адам кол тийе элек табият да. Мындай таза табиятка мен адам дегендин баары суктанары турган иш.

—Сиз, ден-соолугуңузга кам көрүп бээнин сүтүн ичип жүрөт окшойсуз. Мына ушунун пайдасы тууралуу айтып берсеңиз?

—Бээнин сүтүнүн пайдасы ден-соолук үчүн абдан чоң да. Ден-соолукту чыңдоо үчүн жайлоого бээнин сүтүн ичем дегендер өз учурунда келиши керек. Мисалы, июнь айынын башы, 15-20 ларына чейин. Андан кийин чөп бышып, андан улам сүт күчүнө кирип кетет да. Сүттү үркөр чыга элек кезде жок дегенде жети күн, он күн, он эки күн ичүү керек экен. Мен болсо жыл сайын чексиздиктин белгиси деп 8 деген санды ырымдап, 8 күн ичкенге аракет кылып жүрөм. Мына ошондо ден-соолукка пайдасы абдан чоң болот. Дени-кардың кадимкидей тазаланат, жеңилденесиң. Айтор, пайдасын айтып олтурса абдан көп. Бул жагын доктурларыбыз да атайын иликтеп абдан жакшы мүнөздөмө берип айтып жүрүшпөйбү. Буга чейин кичи мекеним Жумгалдын: Соң-Көл жайлоосуна, Килемче, Окторкой, Кызыл-Сөөк жана башка жерлеринде ден-соолукту чындап сүт ичтик. Эми ал жайлоолордун сулуулугун айтып олтурсаң,
сөз көп. Өкүнүчтүүсү Кытайга берилип кетпедиби, Үзөнгү-Кууш баштаган жерлерибиз: Каркыра, Сары-Челек, Талас, айтор баарын санап олтурса өтө көп. Кыскасы, Кыргызстанда мен барбаган жайлоо, кооз жерлер калган жок десем да болот го. Бир сөз менен айтканда, кыргыздын кайсы жерине таш ыргытсаң да сөз жок керемет да. Мисалы, мен жаш кезде залкар режиссёрубуз тарткан Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” көркөм тасмасынын музыкасын жазып бергем. Мына ошондо Ат-Башынын Босого деген жайлоосунун жанындагы Селкинчек деген жерине бардык. Анткени кино ошол жерден тартылган да. Кино тартып жаткан учурда Төлөмүш агайыбыз керемет жерлерге карап суктанып, тим эле көзүнөн жаш кылгырып: “Карагылачы, кандай сонун жерлерибиз, мындай жерлерди эч жерден таппайбыз” – деп ыйлап жиберчу. Азыр ошолорду эстеп кайран кишилер деп калбадыкпы.

—Мындай керемет жерлер чыгармачыл адамдар ар үчүн миңдин бири да. Ден-соолукка дем, күч, кайрат, жан дүйнөгө эргүү, илхам дегендей. Сиз ушундай эс алуудан кийин кандай чыгармаларды жараттыңыз? Окурмандарга акыркы жылдары жараткан эмгектериңиз тууралуу кыскача айтып бербейсизби?

—Ден -соолук болбосо чыгармачылык кайдан болсун. Андыктан, эң алды ушундай жолдор менен ден-соолукка кам көрбөсөк болбойт. Анан чыгармачылыкка шарт түзгөн болобуз. Керемет табияттын койнунда энергия алып, ал энергия менен жаңы чыгармаларды аздыр-көптүр жаратып жатабыз. Мен айтат элем, чыгармачыл адамдар убакыт таап, жумуштарынан суранып болсо да керемет табияттын койнунда көбүрөөк эс алышса, эң ириде ден-соолукка, андан соң чыгармачылыгына эң сонун болот эле. Эми сен сураган акыркы эмгектерден кыскача айтып берели. Калыс Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияны жетектөө менен бирге эле, чыгармачылыкка да убакыт таап, мүмкүнчүлүккө жараша жаңы чыгармаларды жаратып жатабыз десек болот. Анда деле көп болуп кете элек, “Арзы” деген кино тартылып, анын музыкасын жазып бердим. Өткөн жылы белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров “Саякбай” тасмасын тартпадыбы. Ал келип мага: “Манас, Саякбай, Айтматов катышкан бул киного музыкасын 7 күндө жазып берсеңиз”- деп убакыт боюнча кыстады. Мен ал кинонун музыкасын 10 күндө жазып бердим. Ийгиликтүү болуп, Дүйнөлүк деңгээлдеги “А” классындагы Монреаль кинофестивалында абройлуу сыйлыкка татыды. Андан башка да сыйлыктарын алып жатат. Жакында эле Кытайга барып келдим. Себеби, былтыр Бүткүл дүйнөлүк ректорлордун форуму болгон. Ошондо улуу Жибек-Жолу тууралуу сөз болгон. Ошого музыка жазып бер деп суранышкан. Бул чыгарманын үстүнөн 6 ай иштедим. Бул эми чоң эле чыгарма болуп калды. Башкача жанр да. Этновизуал деп койсок болот. Эң негизгиси Манастан алынат. Анан Кытай тараптан бүткүл элдик музыканы чогултуп, каймактарын терип, баары агылып келип олтуруп, акырында океанга айланат. Буйруса, бул чыгарманын ачылышы күзүндө болот деп турабыз.

Быйыл Айтматов агабыздын 90 жылдык мааракеси болуп жатпайбы. Буга байланыштуу мага агайыбыздын чыгармаларына музыка жазып бериңиз деп суранышты. Мен “Жамийла” спектаклине музыка жазып бердим. Ал спектаклдин өзгөчөлүгү 3 эле актёр катышат экен. Алгач ачылышы Бишкекте болду. Эми Түркия баштаган бир катар өлкөлөргө коёбуз деп жүрүшөт. Кыргыз Эл Баатыры Тургунбай Садыков да Көркөм сүрөт академиясына гимн жазып бер деп суранган, аны да жазып бердим. Азыр да 2-3 адам чыгарма жазып беришимди суранып жатышат. Кыскасы, жөн олтурмай жок. Колдон келишинче, убакытка жараша чыгармаларды жаратып жатабыз. Дагы айта кете турган нерсе, быйыл биздин консерваториябыздын 25 жылдыгы. Ал мааракеге карата да кызуу даярдыктар жүрүп, бир топ иш-чараларды ишке ашырууга аракет кылып жатабыз.

Мирбек Эсенгулов

Булак: “Багыт”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *