“Мурдагылардан мураска” калган “кадыры жок кадрлар” Кыргызстанды кыйратабы?

Алты жылда Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды каалагандай калчады. 2010-жылы өлкөнүн 2 млрд доллар карызы бар болсо, 6 жылдык башкаруусунан кийин 4,5 млрд доллардан ашты.

Бул республиканын ар бир жараны ар кандай эл аралык каржы уюмдарына жана мамлекеттерге 51,5 млн. сом карыз дегендикке жатат. Тактап айтканда, ар бир кыргызстандык өлкө карызынан кутулуш үчүн 286 жыл “ит бекер” иштеп бериши керек болот экен. Учурда элдин “итке минген жашоосуна”, талкаланган экономикага, чет элге тентиген мигранттардын катарынын көбөйүшүнө, кыскасы саны арбыган маселелерге эч ким жоопкер болбой турат.

Эӊ эле кейиштүүсү, Алмазбек Атамбаев аркасында “кадыры жок” кадрларды калтырып кете берди. Алар элди эки күндүк бороондон алып кала албай эстери кетип, эки жаат болуп турат. Мунун бардыгы Алмазбек Атамбаев баш болуп, өз ишин жөндөп билбеген адамдардын эптеп эле кызматка жармашып алганынан улам болууда. Учурда уялбай, “ордо оюнун” улантып, суукта элдин тоӊуп калганын шылтоо кылып, Сапар Исаковду ээрден оодаруу аракети көрүлүүдө. Чындап келсе, кыргыз бийлигиндегилердин бардыгы кызмат ордуна жараксыз адамдар. Четинен карап көрөлү.

Алмазбек Атамбаевден Сооронбай Жээнбековго “белекке” калган Фарид Ниязовду кимдер билбейт. Учурда президенттик аппараты жетектеп турат, кылган ишинин дайыны жок. Жалаӊ саясый интригалардын, ит жыгылыштардын башында ушул адам жүрөт. Өзү дагы “мурдун балта кеспеген” адам экен, улам бир кызматтын “башын жеп коюп” келатат.

Президенттин кеӊешчилери деле «чеке ысыта турган» кадрлар эмес, Асылбек Кожобековдун кесиби штурман-инженер, коопсуздук жаатында иштеп жүрүп “багы ачылып” кеӊешчи болуп кетиптир. Жеӊиш Разаков прикладдык  механика жана автоматика жаатында билим алып, көп жыл милиция тармагында иштеп жүрүп, кийин жергиликтүү бийликке буту илээшип, эми кеӊешчи болуп отурат. Бир гана Муратбек Шайымкулов акыркы жылдары президент менен премьер-министрге кеӊешчи болуп иштеп келгени менен, анын кереги жок кеӊештеринин жыйынтыгын эл көрүп келатат.

Эми Өкмөттүн курамын карап көрөлү. “Элге жууркан тараталы” деп, акырында кечирим сурап, эми кызматынан айрылганы турган Сапар Исаковдун чоо-жайы белгилүү. “Соростон” тарбия алган Атамбаевдин оӊ колу тышкы саясат менен алектенип келгени болбосо, экономика, социалдык жана укуктук маселелер менен иши жок болчу. Эми минтип эки күндүк бороондон элди куткара албай эси кетип отурат.

Сапар Исаковдун орун басарлары дагы “элдин чекесин аяктай кыла” тургандар эмес. Дайыр Кенекеевдин элге кылган буга чейинки кызматы эч кимдин эсинде жок. Ар кайсы кызматтын “башын чаргытып жүрүп”, президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулган митингде катуураак бакылдап коюп, ошонун аркасы менен барктуу болуп Өкмөткө келип калды.

Сапар Исаковдун жакында эле кызматка отурган дагы орун басары Санжар Муканбетов Алмазбек Атамбаевдин айланасында жүргөн адамдардан. Кылган ишинин дайыны жок, кызматынын маанисин түшүнө бербей, шек алдырбай ал дагы отурат.

“Эне сүтү оозунан кете элек” Артем Новиковду экономика министри кылгандардын эси жок экен. Жаштайынан жолун таап, Ак үйгө кирип алып, ар кайсы кызматтын башын чокулап жүрүп, эми сөгүш алгандан башкага жарабай ал отурат.

Бороон болсо эске түшүп, болбосо гезиттерден “жыл мыктысын” жыйнап коюп отура берген өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кимдер билбейт. Дурус министр деп аталып, улам кеткен Өкмөттөн “эстеликке” калып калат. Мыкты иштегенинен болуш керек деп божомолдосок, эч кимге каршы чыкпаган жооштугунан келаткан кадр экен.

Мугалимдердин айлыгын билбеген илим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева дагы “санды көбөйткөн” кадрлардын бири. Жада калса окуу китептерине “сөгүнчөөк сөздөр” киргени тууралуу дагы үн катканга жарабай, маалымат-кызматчыларынын оозу менен кыбырап келет.

Маданият жана маалымат министри болуп отуруп алган Султан Жумагуловдун  Монголиядагы “маданияты” тууралуу узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткен аӊыз кептер айтылып жүрөт. Ага деле кабагым-кашым дебей, “жылаңачтанып” көнгөн министр, улуттук кийимдерди чангандан башкага жарай элек.

Ал эми Сапар Исаковдун “Оушендин 11 досундай” болгон сансыз кеӊешчилерин тизмектеп отурсаӊ кагаз чак келчүдөй эмес. “Батыш менен Чыгыштын мыкты окуу жайларын бүтүргөн” деген резюмелери үшүгөн элди жылыткан жери жок. Уялбай  Гүлнара Төралиева деген бир кеӊешчиси “менин үйүм жылуу, келсеӊер чай берем” деп элдин кыжырына тийип, социалдык тармактарга пост жазып коюп отурат.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз бийлиги “кадыры жок” кадрларга, өз ишин билбеген адамдарга жык толгон. Анан кантип алдыга жылабыз?

Булак: Майдан.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *