МУУК: Бишкекпаркта жарылуучу зат коюлду деген маалымат аныкталган жок

2018-жылдын 27-апрелинде түшкү саат 13-29да Бишкек шаарындагы “102” нөөмөт кызматына “Бишкек парк” соода-оюн-зоок борборуна жарылуучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн.

Жерине токтоосуз түрдө КР ИИМ жана МУКК кызматкерлери келишип, соода-оюн-зоок борборунун имараты курчоого алынып, кардарлар жана кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылган.

Имаратты жана ага жанаша аймактар текшерилип, жыйынтыгында кандайдыр бир шектүү буюмдарды жана жардыруучу заттар табылган жок.

Учурда соода-оюн-зоок борбору мурунку калыбында иштеп, милиция кызматкерлери курчоодон алынды.

КР МУКК телефон чалган адамды аныктап табуу боюнча ыкчам-издөө иш чараларын улантууда.

КР МУКК баардык жарандарды сактыкка чакырат жана шектүү буюмдарды же заттарды байкап калса КР МУКК нөөмөт кызматынын 0(312) 660475, 0(312) 626504 же 102, телефон номурларына билдирип коюуусун эскертет.

Эииңиздерде болсун,терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу жосун жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасаган адамга карата айып төлөө, түзөтүү жумуштары түрүндө же үч жыл эркиндигинен ажыратуу боюнча жаза каралган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *