Надира Нарматова, экс-депутат, саясий жана коомдук ишмер: “Заманга жараша аралдардын суусу тартылып, көкмөк болгон биздин футбол аянтчаларыбыз да жоголуп кетти”

Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы

  • Менин киндик кан тамган кичи мекеним – “Кучагы толгон ооматка, кош келиңиздер Ноокатка” деген сыйлуу чакырыгы менен кучагын жайып турган, ыймандуу, ынсаптуу , мээримдүү, ынтымактуу көп улуттуу элди кучагына батырып турган Ноокат районунун Кашкалдак деген айылда төрөлгөм.  Бул айыл союздун мезгилинде Москвадагы ВДНХнын “Ардак тактасынан” түшпөй даңазаланып аты жазылып турган учурундагы “Россия” колхозунун, азыркы Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү. Атам Нарматов Азим өмүр бою 14 жашынан баштап мугалим болуп иштеп жүрүп,  45 жашында кокусунан гүлдөп турган чагында врачтардын туура эмес койгон диагнозунун натыйжасында туура эмес дарылап, 1973-жылы ааламдан өтүп кеткен. Атам бул дүйнөдөн өткөндө мен 9-класста окучумун. Биз үй-бүлөдө  алты бир тууганбыз. Үч кыз, үч уул жана апам ал кезде 43 жашта болчу. Андан бери 44 жылдын жүзү болуптур. Апам катардагы карапайым аял, өзү жалгыз алты баланы жетим ашын жедирбей, жетим кийим кийгизбей, “Энелүү жетим эрке жетим” дегендей эч нерседен өксүтпөй чоңойтту. Апам: “Кайратыңа, акыл-эсиңе таянып ак эмгек кылып адал тамак жегин” – деп багыт берип алдыбызды үч жолудан, артыбызды бир жолудан окутуп өз жолубузга кошту. Бутубузга турганга бүт өмүрүн арнады. Азыр апам Аллага шүгүр 87 жашта. “Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” демекчи, 20 небере, 27 чөбөрө көрүп, үзүрлүү карылыктын доорун сүрүп төрүбүздүн көркү болуп отурган чагы. 2012-жылы ажылык сапарга барып мусулманчылык парзын 83 жашында өз аягы менен басып барып аткарып келди. Апамдын бардыгына Аллахыма чексиз мактоолор болсун деп ыраазычылыгымды билдиргим келет. Анткени апам өмүр бою мага моралдык колдоо көрсөтүп келди. Менин балалык кезим, өз теңдүүлөрүмө  салыштырмалуу өтө  кызыктуу, өзгөчө өттү. Мен үй-бүлөдө төртүнчү кыз болуп, артымдан үч эркек баланы ээрчитип келгем. Ошондуктан атам мага эркек баладай мамиле жасап, эркиндикти чексиз берген. Дайыма өзү менен кошо ала жүрчү. 2-3-класста окуганга чейин эркекче сөгүнүп, өзүмдү эркек баладай элестетип чоңойгом. Айылда көчөбүздүн жалаң эркек балдары менен эркек оюндарын ойночумун. Мен тоголок,  кичине болгондугума карабай өтө тың, шамдагай элем. Өзүмдөн 3-4 жаш улуу балдардын баарын башкарып катарга тургузуп койчумун. Орозодо жарамазан айтып чогулткан оокаттарыбызды мен бардыгына тең бөлүштүрүп берчүмүн. Ошол бирге өскөн көчөбүздүн балдары менен азыркы күндө жолугуп калсак, күнү бүгүнкүсүндөй балыгыбызды эстеп күлүп калабыз. Мал кайтарып жүрүп футбол ойнойт элек. Арал деген участкада көкмөк болгон көк чөп болоор эле, ошол жерде футбол ойночубуз. Мени дайыма дарбазачы же коргоочу кылып коюшаар эле. Ортого ойнотушчу эмес, себеби ортодо ойногондо мен топко жетпей калсам балдардын шымын шыпырып ийчүмүн, ал шымынын ычкырын кармап калганда каткырган бойдон топту тээп кетип калат элем. Мен баары бир кыз деп катуу сөз айтышчу эмес. Ысак ака деген өзбек кишинин өрүк багы, Бакир ака деген аксакалдын алма багы болоор эле. Чогулуп алып алма менен өрүккө уурулукка барар элек. Өрүктү жеп, данегин чагып жипке тизип мойнубузга асып алып, ким канча узун данектен мончок кылганын салыштырып бүтүп, кайра данекти жеген боюнча жарышчубуз. Уруш, жаңжал деген сөздү билчү эмеспиз. Азыр андай бактар да жок. Заманга жараша аралдардын суусу тартылып, көкмөк болгон биздин футбол аянтчаларыбыз да жоголуп кетти.

Жумушсуз калуу мен үчүн кайгы эмес

  • Мен өмүр бою комсомолдук, партиялык, советтик, мамлекеттик кызматтарда, шартка жараша бизнес тармагында, өндүрүштө иштеп келдим. Табиятымдан мен ар кандай нерсеге сабырдуулук менен мамиле жасап келем. Бул жашоодо көптү көрдүм. Аллахымдын ар кандай сыноолоруна туруштук берип, ар кандай сыноолорду көтөрүп келе жатам. Бүгүнкү менин кызматсыз олтурганым татыктуу беш жыл иштеп, кайрадан элдин колдоосуна карабай “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын парламентке кирбей калышы менен сыртта калып кылышым да кезектеги Алланын сыноосу деп билем. Бул мен үчүн катастрофа же кайгы эмес. Негизгиси элимде тынчтык болуп, балдарым, бир туугандарым аман болсо болду. Баш аман болсун. Мүмкүн Аллахым муну менен ар түрдүү чуулардан сактап жаткандыр. Депутаттык кызмат убактылуу кызмат. Буюрган иштейт. Жогорку Кеңеш кептеркана сыяктуу. Буюрганы келе берет, мөөнөтү бүтсө кетет, эгер буюруп койсо кайра келет. Мен үчүн байлык, бийлик эч кандай жашоомо өзгөрүү кыла албайт. Мурда кандай болсом, депутат кезимде деле ошондой эле жүрдүм. Болбой калдым, эч нерсе деле болгон жок, ошондой боюнча калдым.  Ар качан калыстыкты карманганга аракет кылып, ачуу болсо да чындыкты ачык бетке айтып коюп келе жатам. Себеби мен саясий оюнчу боло албайм. Атам Азим Нарматов да, коомчулукка тарбия берген тутунган атам Токтомат Зулпуев да таза, түз, мээнеткеч, өз эмгеги менен ар кандай чокуларды багындырган кишилер болгон. Мен алардын берген тарбиясын, көрсөткөн жолун аттап кете албаймын. Мандатым болбосо да добуш берген шайлоочуларым тынымсыз кайрылып турушат. Жакында 15-сентябрь күнү Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн алты айылындагы социалдык колдоого муктаж болгон 147 үй-бүлөнүн 200дөн ашык мүчөсүнө 360 миң сомдук кышкы, күзгү кийим-кечектерди өз колум менен үй-бүлөлүк  бюджетимдин эсебинен Алланын ыраазычылыгы үчүн жардамымды берип келдим. Эл менен баарлашуу мен үчүн күч-кубат берет.

 

Ыр менен бий ички күйүттү чыгарганга жардам берет

  • Бала кезимден ырдаганды, бийлегенди жактырам. Жакшы ырдаймын. Бирок музыкалык аспаптардын биринде да ойной албайм. Учурунда элдик таланттар конкурстарга, республикалык фестивалдарга катышып элдик ырларды “Алымкан”, “Насыйкат”, “Эсимде” ж.б. ырларды ийине жеткирип, филармониянын оркестринин коштоосу менен ырдаган күндөр да болгон. Эсимде 1982-жылы кыргыздын таланттуу кызы , Эл артисти Саламат Садыкова менен катарлаш 1982-жылы бир жума Кыргыз Республикасынын 60 жылдык маарекесине карата республикалык элдик таланттар фестивалында чогуу катышып, элдик ырларды оркестрдин коштоосу менен аткарып, жыйынтыгында филармонияга солист болуп иштеп, Комсомол комитетинин катчылыгын кошо берүү жөнүндө сунуш да болгон. Бирок мен ырчылык менин кесибим эмес деп макул болгон эмесмин. Ошондо мен Ноокат районунун райондук Комсомол комитетинде бөлүм башчы болуп иштечүмүн. Мүмкүн ошондо макул болгонумда менден жакшы эл артисти чыкмак.  Мүмкүн жашоом башка нукта кетмек беле деген ойлор келип кетет. Эми ал өтүмүш боюнча калды. Бирок азыр жашым бир топко барып калганы менен 35-40 жаштагыдай секирип айланып бийлеп, ички күйүтүмдү, бугумду бакырып-бакырып ырдап чыгарып алам. Ырлар өзүмдү жолго салганга жардам берет. Бий жашоомдун сергектигине көмөк көрсөтөт. Мага ошол маанилүү.

Аш көп жерде каада көп

  • Мен көп деле чайкана, кафелерге жактырып калып кайра бара бербеймин. Эбепке себеп болуп барып калбасам, атайылап ашканалардан тамак жегенди көп жактырбайм. Мен өзүм тамактын түрүн даамдуу жасайм. Мээримиңди коюп көңүлдөнүп жасасаң тамак даамдуу болот. Үйдөн тамактанганды жакшы көрөм. Балдарым өз алдынча жашагандыктан, келгенде “Нарматованын колу менен бир тамак жасап бербейсизби?” – дешип күлүп калышат. Ал эми үйдө салтты өтө катуу деле кармана бербейм. Албетте кыргыз болгондон кийин өзүмдүн деңгээлимде кыргыздын салт-санаасын, үрп-адаттарын колдон келишинче шартка жараша, муктаждыкка карап колдонуп келебиз. Мен эми мусулман катары өз парзымды аткарып, Алланын эшигине насип кылып, буюруп калган экен ажылык зыяратымды жасап келгем. Кыргызча мусулман болгонго аракет кылып, колумдан келишинче шарияттын жолун сактаганга аракет кылып келем.

Турмуштун арабасын жалгыз тартып келем

  • Мен бир эле мезгилде өзүмдү сарамжалдуумун, ошол эле мезгилде берешенмин деп айта алам. Анткени мен өзүмдүн баскан жолумда бешене эмгегим менен ырысымды таап келгем. Мышыкчасынан балдарымды тиштеп алып тытынып тыным албай мээнет кылып, кайсы жерде эмгектенсем да жанымды аячу эмесмин. Турмуштун арабасын жалгыз тартып келем. Ак эмгектин акыбетин, үзүрүн Аллага шүгүр, жакшы эле көрүп келе жатам. Басып өткөн жолума өкүнбөйм. Бир гана орду толгус арманым, мээнетим  эми колума тиерде тун уулум Мээримбегимди күтүүсүз жоготуп алганым. Ал күндөрдү да өткөрүп, сыр билгизбей көтөрүп келем. Бирок бул сыноо мен үчүн өтө оор болду. Мындай тагдырга туш боло тургандай же мындай жазага дуушар болгудай одоно катачылык кетирбедимби деп өзүмө-өзүм суроо берип жооп таппай келем. Себеби мен жашоодо тапканымды үнөмдөп, аял катары сарамжалдуу пайдаланып, ошол эле учурда колумда бар нерсени аянган жан эмесмин. Тапканымды Алланын ыраазычылыгы үчүн деп тууган-урук, кошуна, достор менен бөлүшүп эле келем. Өзүмдө болбосо да башкада болсун деген айкөлдүк сапаттан артта эмесмин. “Канчалык сынсам да, түйшөлсөм да, сыноого дуушар болсом да, кайгыга батсам да, күйүтүм күчөп жанчылып турсам да сабыр кылып, тобо келтирип жашап келем.

Жамандыкты амандык жеңет

  • Үй-бүлөм жөнүндө айтсам: үч уулум бар эле, жогоруда айтып кеттим, Алланын катуу сыноосуна дуушар болуп тун уулумду жоготуп алдым. Эки уулум Муханбек менен Азатбегим үйлөнүп-жайланышып калышкан. Мамлекеттик кызматта иштешет. Бөлүп койгом, өз алдынча түтүн булатып жашап жатышат. Мен ошого курсантмын. Үч уулумдан азыр 11 неберем бар. Келиндерим Аллага шүгүр, кичипейил. Неберелеримди өздөрү багышып, тарбиясын берип жатышат. Келиндериме,  балдарыма ыраазымын. Эне катары мага болгон сый-урматын көрсөтүп этияттап турушат. Мага ошол маанилүү. Алтын баштары аман болсун, өздөрү менен өздөрү болуп, тынч , бактылуу болушса болду. Намазымда Алладан балдарымдын тынчтыгын тилеп дуба кылып келем. Аманчылык болсо, тынчтык болсо калган нерсе боло берет.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *