Нариман Түлеев “Айчүрөктүн” (ЦУМ) маңдайында “Чынар” бизнес-соода (ГУМ) борборун салып жатат

Жогорку Кеңеш Бакиевдердин жең ичинен сатылып кеткен мүлктөрүн иликтеп жатат. Бул маселе аягына чыкса, далай үлкөндөрдүн былыгы чубалып, бет пардасы сыйрылаары бышык. Андыктан ким кандай мүлктү ээлеп алганын элге жашырбай ачык алып чыгуу керек. Мына “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) маңдайында “Чынар” аталышында бизнес-соода (ГУМ) борбору салынып жатат. Бул жерди кезинде Данияр Үсөнов премьер-министр болгондо Максим Бакиевге белек кылыптыр. Бирок революциядан кийин Максимдин мүлкү катары мамлекеттин менчигине өткөн эмес. Аны Бакиевди аталаган На­риман Түлеев менчиктештирип алыптыр. Учурда кылы кыйшайбай, үлкөн соода борборун кебелбей куруп жатат. Бул жагдайды депутаттык комиссия эске алып, мамлекеттин менчигине алуу жагын карашы абзел. Ошондой эле НТС телеканалын Бабанов 1-вице премьер-министр болгондо Максимге саткан. Революциядан кийин мамлекеттин менчигине өтүш керек эле, бирок кайра эле Бабановдун менчигине өтүп кетти. Бул жагдайды Бакиевдердин мүлктөру боюнча маселе көтөрүп кыйкырып жаткан Канат Исаев эске алаар бекен?.. Же жаңыдан оңдоп жаткан мамилесин бузгусу келбей, көз жуумп коёбу? Мындай­лар жаза берсе толтура…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *