Наристени тепкилеген келин

Интернет аркылуу ушундай бир видео тарады. Бир, бир жарым жаш курактагы наристени жапжаш келин жинденип, укмуштай өчөшүү менен тепкилеп жатат. Курсакка бир нече мертебе моокуму канганча тээп алган соң, колуна бычак алды. Кескилееп, кескилеп салгысы келди окшойт, канкор немеден бетер кыжырданып турганына караганда. Бирок өзү түрмөдө чиригиси келбедиби, бычакты кайра жерге аргасыз таштады…

Бул видеону “Вотсап” аркылуу айрым тааныштарыма жөнөтүп көрдүм, алардын пикирин угуу үчүн. Буга эч ким кайдигер эмес экен. Баары эле тиги келинди сөгүп жазып жатышты. Ошолордун ичинен бирөөсүнүн, Москва шаарында утурумдук эмгектенип жаткан жердешибиз Алтынбектин сөзүнө көңүл буруп көрөлүчү:

“Ой, энеңди-и!.. Жеткен мыкаачы неме го! Эй, Ороз аке, сизден сураныч, ушул келинди издеп таап, бычак менен сайып өлтүрүп салыңызчы. Сиздин ордуңузга мен он жыл олтуруп берейин!.. Бирөөлөр балага жетпей жүрсө… бул акмак… Мисалы, менин иним он жылдан бери балалуу болбой, келиним экөө наристенин үнүнө зар болуп келатышат. Өх-х!..”

Балким, мен айтып жаткан видеону көрбөй туруп, жасалма деп ойлошуңуздар мүмкүн. Бирок жасалма экенин мен байкабадым. Окуянын дал өзү тартылганы даана билинип турат. Эч кандай “артисттик” жасалмалуулук жок. Андан калса мындай көрүнүштөр мурда деле турмушта болуп келген, азыр дагы кайталанып жаткандыгы өкүнүчтүү. Эми сөз оролу келип турганда сиздерден жашыргым келбей калды урматтуу окурмандар, мындан 20-25 жыл илгери мен да ушундай окуяга күбө болгом. Эмесе, ошол күнкү окуяны айтып берейин. Жалал-Абад шаарынан бир таанышыма жолугуп калдым. Экөөбүз жолугушууну белгилеп, экиден кружка пиво ичтик. Деги эле сөзүбүз бүтсөчү. Айрыкча, кызыган соң чечен болуп калат эмеспизби.

-Калган сөздү үйдөн сүйлөшпөйлүбү? – деди курдашым, – Жүргүн үйгө.

Каршы болбодум. “Спутник” кичи шаарчасынын Жеңижок көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бирине, төртүнчү кабаттагы квартирасына кирген кезибизде, жаңыдан гана жөрмөлөп калган наристеси кийиздин бир нече жерин заңы менен булгап коюп, жыргап ойноп жаткан экен. Аяшым эч нерсени сезбей уктоодо. Курдашым аны ойготту:

-Эй, тур. Үйгө киши келди. Ай-иий, муну карачы… аябай булганыптыр го!

Уйкулуу көздөрүн ушалай ойгонгон аяшым мени менен учурашкысы келген жок, тура калып эле ажыдаардай атырылган бойдон наристесин тепкилей баштаса болобу. Ошону менен гана чектелип калбай, тилинен заар чачып сүйлөнүп да жатты:

-Өлүгүңдү көрөйүн бок-кор!.. Өлүгүңдү көрөйүн, и-ий, өлүгүңдү көрөйүн!.. Адамды кичине да эс алдыргыс кылдың го! Азыр өзүңдүн богуңду өзүңө жедирем! Андай кыла албасам элеби, неме (аты жашырылды) деген атым өчсүн! Жетим эле кала турган түрүң бар, сволуч! Мени же! Атаңды же! Томолой жетим кал! Көрүнгөндүн эшигин сагаалап, ар кимден кагуу жеп жүрсөң экен ылайым!

Ыйлаган наристе жөрмөлөп, кайра жагалдана апасына жакындады эле, апасы чиренип туруп болгон күчү менен эки-үч ала салдыра тээп жиберди.

Ушул тааныштарымдын турмушу андан кийин көпкө деле созулган жок. Экөө бир топ пикир келишпестиктердин айынан ажырашып тынышты. Аяшым момун күйөөсүнө жалган түрдө көөнү аябай сүрткөнү аз келгенсип, наристесин таштап Россияга кетип калды.

Анан алардын андан кийинки тагдырлары эмне болду дебейсиздерби? Экөө тең жыргап кеткен жок. Бири жаңы төшөк жаңыртып, экинчиси эми чыныгы сүйүүмдү таптым деп турмушка чыгып кеткени менен, баары бир аларды кыйнаган түмөн түйшүккө, ойго салган ортодогу айыпсыз наристе бар экени айгине эмеспи. Экс-аяшым тигинисинен балалуу болгон жок, ысык сүйүүсү да бат эле музга айланып, жалгыздыктын торуна кайрадан түшүп калды. Ал эми курдашым “кыз кезинде баары жакшы жаман аял кайдан чыгат” дегендей ишээнчээктик, байкабастык кылып, тилинин узундугу мурункусунан да кем эмес, сырты жылтырак дагы бир келинге үйлөнүп алып, ушу кезде да эптеп чыдап жашап жүрөт, өзүн-өзү шорго малып. Антпегенге, тагдырына моюн сунбаска айласы канча! Балдарынын бардыгын тең ара жолго калтыра бергенге дити барбайт. Баягы уулу турмуштан өксүк болуп чоңоюп, жакында төрөгөн энесине кеткен. Апасы да өмүр бою жалгыз жашамак беле, андан калса оорукчан болуп калган, уулун жакшылап кабыл алды. Ал тургай, аны атасы менен таптакыр катташтырбай койгонго да жетишти, “сөз ылайдан” болушунча чаптап жатып. Себеби бирөөнү жамандоо жагынан анда кудайым берген чоң “талант” бар болчу.

Кээде тагдырга нааразы болуп жүргөн кишилерди көрүп калам, “заман бузулду, балдарыбыз мээримсиз болуп калды” деп. Менимче, заман жакшы эле. Керек болсо эң сонун заманда жашап жатабыз. Аракет кылсаң, баарына жетишесиң. Ал тургай, байып кеткенге да шарт бар. Баягы биз мактаган, легендага айландырган Союз мезгилинде да мындай мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Тилекке каршы, чөнтөктөрүбүз калыңдаган сайын рухий жактан өзүбүз кедейленип бара жатпайбызбы. Үйлөрү асман тиреген айрым көпөстөрдүн акылы да асман тиресе гана, атаганат! Тетирисинче, аябай төмөн… Топтолгон байлык эч кимге мурас болуп бербейт. Бала гана мурас болуп берет. Ошон үчүн азыркы муундун жаштарына агалык кеңешимди айткым келди. Балага убагында мээрим төккүлө, аны эч качан ара жолго калтырбагылачы, айланайын инилерим, карындаштарым! Андан да мурда өзүңөр ынтымактуу болгула! Ушуну Рыспай аке айткандай жүрөгүмдү ыйлатып туруп силерден суранып кетээр элем! Балдарыңар силердин калган жашооңорду улантат, келечек ээлери болуп берет, мамлекетти сактайт!

Ал эми сөзүмдүн башында атайы белгиленген видеодогу баянга жеке пикирим төмөндөгүчө: сезими тоо желиндей таптаза, күлкүсү тоо булагындай тунук, саамайы тоо гүлүндөй жыттуу наристени тепкилеген эне сөрөйдү кудайым жазаласын!

Орозбек Бөрүгулов

Булак: “Фабула”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *