Нарматалы Эсеналиев, Кербен шаарынын мэри: Биздин жер- туризмди өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу аймак

-Нарматалы Мамбеталиевич, шаар башчылыгына келгениңизде сизди кандай маселелер күтүп алды? Ал маселелердин учурда канчасы чечилип, кайсылары ишке ашпай калды?

– Кербен шаарынын мэрлигине өз программам менен келгем. 2017-жылды толугу менен ушул кызматтын түйшүгүнө батуу менен узаттым. Менин башкы максатым – шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, көтөрүү болчу, ошондой эле элдин социалдык маселелерин чечүүгө да басым жасагам. Социалдык маселелер болгондо, жолду куруп, таза суу чыгарып, энергетика жаатындагы көйгөйлөрдү чечип берсек эле, эл өз жашоосун өзү алып кетет. Ошондуктан, өткөн жылы аталган маселелерди чечүүнүн үстүндө иштедик.

– Бир жыл ичинде шаардын канча километр жолу оңдолду?

– Биз дароо эле жол маселесине кириштик, анткени, элдин карым-катнашын жандандырып, тиричилигин жүргүзгөн эң биринчи жол эмеспи. Былтыр шаар ичиндеги 4,5 километр жолду оңдоо пландаштырылды эле. Бирок, 2 километр жол битумдун жоктугунан кеч калып, оңдолгон жок. Анткен менен былтыркы жылдын эсебинен каражат бөлүнүп, тендер өткөрүлгөн. Быйыл болсо, Кербен айлампа жолунун 9 километр узундугун оңдоо учун курулуш иштери башталуу алдында турат. 6 миллион сом акча бөлүнүп, ага шаар ичиндеги жолдор толугу менен жаңыланат. Асфальттоо боюнча айтсам, 2018-жылы 3 километр 640 метр узундуктагы жолго асфальт төшөө пландалган. Бул долбоордогу 3 километр мамлекеттик салымдан, ал эми 640 метр гранттык каражаттан каржыланды. Стамбул көчөсүн асфальттоо боюнча тендер өткөрүлүп, мыкты компаниялардын бири утуп алды. Алар 15-июнда келишип, куруу иштерин башташат.

– Шаар-айылдардагы дагы бир маселе – жарыктандыруу эмеспи. Бул жаатта сиздерде кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?

– Былтыр бул боюнча эң жакшы жумуштарды аткардык. Кербен шаарынын борбордук бөлүктөрүн жана айрым айылдарды жарыктандырууга басым жасадык. Ар бир көчөгө 1,5 миң даанага чейин жарык берүүчү чырактар орнотулду. Азыркы күндө деле жарыктандыруу аракеттери улантылып келатат. Кечээ-бүгүн да шаардагы башкы көчөлөрдүн бири болгон Үмөталиев көчөсүнүн аба майданга кеткен тараптагы бөлүгүнө 33 даана чырак коюлду.

– Бул иш-аракеттердин каржы жагы кандай болуп жатат?

– Демөөрчүлөрдүн да эсебинен, жергиликтүү бюджеттен да каражат сарпталды. Мисалы, былтыр кеткен чыгашанын 30 пайызын өзүбүздүн бюджеттен алсак, калган 70 пайызы демөөрчүлөрдүн салымы менен толукталды.

– Таза суу маселеси да чечилчүдөйбү? Өлкөнүн аймактарында айрыкча таза суу көйгөйү күчтүү экени баары-бызга маалым эмеспи.

– Эң чоң долбоор – таза суу долбоору, аны “кылым долбоору” деп этап койсо да болот. Падыша-Атанын баш жагындагы көк кашка суусу бар булактан суу тартып калк жашаган аймактарга жеткирүү аракетин баштаганбыз. Тендерден белгилүү компаниялар утуп алышты, Кудай буйруса, калкыбыз булактын суусун ичип калышат. Тендер өткөрүүдөгү комиссияга мүчө болуп, жасаган иши сапаттуу, абийир алдында ак иштеген компаниялардын утуп чыкканына ынандык. Эми максатыбыз ишке ашып, ар бир жашоочунун үйүнө чейин таза суу жетип калса, ушул жылдагы чоң ийгилигибиз болмок. Бул долбоор 2019-жылдын октбярь айына чейин өз ишин толугу менен соңуна чыгарышы керек.

– Андан кийин дагы кандай максаттарды жүзөгө ашырууга камданып жатасыздар?

– Учурда Европа банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Таза суу долбоору келерки жылдын күз айларында ишин аяктаары менен аталган банктан каржыланган 6 миллион евролук ири долбоорду баштайбыз. Анын убактысы узагыраак, 2-3 жылга чейин уланат. Бирок, мындан кийин Кербендеги таза суу маселеси 100 пайыз чечилет деп ишенимдүү айта алам. Андан сырткары борбордук оорукана жана башка бир катар лабороториялар жайгашкан мекемелерден чыккан саркынды сууларды чыгаруучу тартып баруучу жана тазалоочу курулма курулат. Булардын баары 6 миллион евролук долбоордун ичинде камтылат. Таза суу маселебиз чечилип калса, калктын жашоосуна шарт түзүү үчүн жолдорубузду шагылдоо, асфальттоо иштери менен алектене беребиз. Жолдорду толугу менен шагылдоо маселесинен да арылаарыбызга аз эле убакыт калды. Жыл сайын 600-700 миң сом жергиликтүү бюджеттен жолдорду шагылдоого бөлүнөт.

– Калктын жашоосуна шарт түзүүдө жумуш орундары менен камсыз кылуу да башкы нерсе эмеспи. Бул жаатта кандай жаңылыктарыңыздар бар?

– Шаар аймагында бир нече кичи ишканалар, цехтер курулган. Ири цехтерден үчөө бар. Быйылкы жылга карата дагы эки цех курулганы турат. Булар эми муниципалдык эсептен эмес, жеке ишкерлер тарабынан аткарылып жаткан иштер. Анткен менен жеке ишканалар болсо деле шаар тургундарын жумуш менен камсыз кылышат эмеспи. Андан тышкары пескоблок чыгаруучу, тротуарга төшөлчү брусчатка чыгаруучу цехтер курулууда. Алар Сариев Аманалы деген жеке ишкердин демилгеси менен курулуп жатканын белгилей кетейин. Малды союудагы тазалык, заманбап талаптардын тартибин сактаган жабдыктары бар ишкана да учурда курулуп жатат. Аны шаардык кеңештин депутаты алдыга жылдырды. Буйруса, ал ишкана 10-15 адамды жумуш менен камсыз кылат. Шаардык кеңештеги дагы бир Гүлзат Койчубекова деген депутатыбыздын демөөрчүлүгү менен таш талкалоочу цехтин курулушу ишке кирди. Бул да болсо быйылкы жылдагы калкты жумуш менен камсыз кылуу жаатындагы алдыга таштаган кадамыбыз.

– Шаарда бала бакча, мектептердин жетишпегендиги боюнча да маселелер барбы?

-Райондо жалпысынан 22 бала бакча бар болсо, анын тогузу Кербен шаарында жайгашкан. Анын сегизи учурда иштеп жатат. Тогузунчу бала бакчаны буйруса, ушул жылдын сентябрь айында ишке беребиз деп турабыз. 8 бала бакча союз маалында курулган, ошону менен менчикке берилип кетпей, башка уюмдарга айланбай, наристелерди тарбиялап-чоңойтуудагы вазийпасын толугу менен аткарып келатат. Союздан бери Кербенде бир гана бала бакча, азыр эле айткан тогузунчу бала бакча гана курула баштады. Бала бакчалардын баарынын оңдоо иштери, отун-суусу, көмүрү, электр энергиясынын төлөмү шаардык мэриянын бюджетинен каржыланат. Анда учурда мектепке чейинки 1300 бала тарбия алышууда. Ал эми мектеп боюнча айтсам, шаардагы орто билим берүүчү он мектепте 5000ге жакын окуучу билип алышат. Мектептердин бардык чыгашасы мэриянын эсебинен.

– Президент быйылкы жылы аймактарга басым жасап, аймактардын жылы атады. Бул дагы сиздердин күч-кубатыныздарды арттырып, жаңы максаттардын жаралышына өбөлгө болуп жаткандыр?

-Албетте, президентибиз Жээнбеков быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп атаганы туура жарлык болду. Анткени, аймактар өнүккөндө гана мамлекет өнүгөт. Болгондо да өнүгүүнү эң четки, алыскы айылдардан баштаганыбыз туура. Биз дагы ушул жылы шаарыбызды завод-фабрикабыз болбосо да, демөөрчүлөрдүн, чет мамлекеттен келген инвесторлордун күчү, мамлекеттин колдоосу менен жогорку деңгээлге чыгарып алууга умтулуудабыз. Белгилей кетчү нерсе, Аксы районунун 90 жылдыгы быйыл күздө белгиленет. Көчмөндөр оюну өткөрүлгөндөн кийинки убакка болжолдоп турабыз. Кербен райондун борбору болгондуктан, салтанаттын басымдуу бөлүгү ушул жерде өтөөрү анык да. Жыйынтыктоочу бөлүгүн гана Падыша-Ата дарыясынын жээгинде, Падыша-Атабыздын кабырына жетпеген жайда жаратылышы көргөн көздү суктанткан өзгөчө кооз жайлообуз бар, ошондо өткөрүүнү пландап жатабыз. 90 жылдыкты жогорку деңгээлде өткөрсөк, районубуздун аброюна пайда гана болот. Бул мааракени өткөрүүдөгү дагы бир максат – ал аркылуу туризмди өнүктүрүү. Өзбекстан менен мамилебиз жакшы болуп калды, Фергана, Кокон, Намангандан коноктор келет. Тажикстан, Казакстандан да келчүлөр бар. Келген коноктор жерибиз тууралуу өз жердештерине айтып барышса, бизге чоң жарнама болот эмеспи. Андан ары Падыша-Ата жайлоосуна, Сары-Челекке туристтерди тосуп алууга, мыкты кызмат көрсөтүүгө ылайыкташкан жайларды курсак деген планыбыз бар. Шаардын инфраструктурасына иштей турган, 2017-2022-жылга карата социалдык өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгып, программа кабыл алганбыз, аны жакында коргойбуз. Так ошол концепциянын негизинде беш жылга бекитилген максаттарыбыздын улам бирин багындыра беребиз.

– Шаардын кандай артыкчылыгын жана кандай кемчилигин айта аласыз?

– Артыкчылыгы жаратылыштын кооздугу. Туризмди өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу аймак. Анан дагы экологиялык жактан таза азыктарыбыз бар. Мисалы, кара өрүк. Биздин кара өрүк жакынкы жылдары дүйнө жүзүнө таанылып, дүйнөлүк базарларда сатыла баштайт деп ишенем. Анткени, азыр биздин жемишке Германия, Америкадан суроо-талаптар көбөйө баштады. Өздөрү келип, жемиш дарагын дарылатып, көзөмөлгө алышып, бутакташып, кызыкдар болушууда.

Абдурахим Нарбаев

Булак: “Майдан”

Автор Мирлан Абразаков

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *