Нарынбек Молдобаев, саясатчы, ишкер: “Мен баасы 1 млн. 200 миң доллар нефтибазамды, Бабановго 300 миң эле долларга саттууга аргасыз болгом. Себеби… ”

Ишкер, эӊ  бай жүз адамдын катарына кирген, мурунку депутат Нарынбек Молдобаев ишкердиктин өйдө-төмөн жактарын, тапкан миллиондорду кантип төлөө боюнча айтып берди.

—Нарынбек Молдобаевич, Сиз Кыргызстандагы алдыӊкы жүз бай адамдын катарына киресиз. Курулуш компаниясынын теӊтөрагасы, андан сырткары биз билгендей “Жыргал” дарылоо жана ден соолукту чыӊдоочу комплекси сизге таандык.Сиз 2 жолку чакырылышта ЖКнын депутаты болдуӊуз. Биринчи капиталыӊызды кантип баштаганыӊыз туурасында айта аласызбы?

—1988-жылы үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу борборго көчүп келдим, бул жакта үйүм да, иштей турган ишим да жок болчу. Иш издегенге туура келди. Тааныштарым аркылуу билимим туура келбесе да  Чүй облусунун бир курулуш трестинин кадрлар бөлүмүнүн башчылыгына жумушка орноштум. 90-жылдардын башында Союз тарап, биздин трест да өз ишин токтотту. Ошол учурда биринчилерден болуп мен өзүмдүн кичи ишканамды ачтым. Ал курулушка  тиешеси жок, жеке бизнес болчу.

—Анда эмне менен алек болгонсуз?

—Ал убак абдан оор болгон, бир заматта республикалык пландык жеткирүүлөр, завод-фабрикалар иштебей, кызматкерлерин төлөнбөгөн эс алууларга массалык түрдө кетире башташкан, дүкөндөр бош, жумушсуздук, өлкөдө гиперинфляция күч алган. Эгер ага чейин бир куту ширеӊкени бир тыйынга алып жүргөн болсок, Союз тараган маалда бир сомго да таппай калдык. Кыргызстандын эли алып-сатуу менен алектенип калган. Менимче мен бактылуумун, бир жолу көчөдөн эски таанышымды жолуктуруп калдым. Ал-жайды сурашып отурсак, ал Тогуз-Торо районун башкарып жатканын айтып, мага аларда 5 тоннадай бал бар экенин айтып, ошол балды киллограмын 30 рублдан сатып бере аласыӊбы? – деп сурап калды. Мен макул болдум, эртеси күнү товарды алдым. Өз учурунда Тогуз-Торонун балы Японияга экспорттолчу экен. Ал балдан мен 300 миӊ рублдай пайда көрдүм. Ошол убакта Андрей Попеско деген досум Олег Клочков аттуу жигит менен тааныштырып калды. Ал Башкириядан Кыргызстанга бензин алып келбейлиби деп сунуштап калды. “Сенде акча барбы? Бензин алып келбейлиби?” – деп айтты эле, макул болдум.

Ошентип 90-жылдарда 500 тонна бензинди литрин 72 тыйындан алып келдим. Биринчи эле күнү 300 тоннасын 10 рублдан сатып алышты. Сиз ишенесизби! Ал деген өзүнөн 11 эсе көп. Мен бир заматта миллионер болдум. Калган 200 тонна бензинди литрин 29 рублдан саттым. Себеби, ал учурда бензиндин баасы көтөрүлүп кетти. Ал партиядан мен 8 миллион рубль пайда көрдүм. Ошентип мен алгачкы миллиондорумду тапкам. Андан кийин классташым Өмүрбек Таштанбеков Баку шаарында жашаган Азербайжандагы Кыргызстандын соода өкүлү Заид Гасанов аттуу досу менен солярка ала турган кардарды издеп жатышыптыр. Дизель майын албайсыӊбы дегенинен макул болгом.

Биз 11 вагон же 660 тонна солярканы 22 рублдан алып келдик. Аны “Кыргызмунайзат” 44 рублдан менден сатып алды. Бардык келишимдеримен кийин менин эсебимде бардыгы болуп 70 миллион рубль болуп калды. Сиз ишенесизби! Ошол учурда негизги капиталы 5 миллион рубль болгон Кыргыз-Швейцария “Адиль банкы” ачылып жаткан.

—Ал миллиондоруӊузду эмне кылдыӊыз анан?

—Бишкекте Ленин военкоматынын жанындагы таштандынын ордуна темир жолдун эки бөлүгүн таштап, 1 млн 200 миӊ долларга ири нефтебаза курдум. Базага 8,5 миӊ куб ал деген 2,5 эшелон бензин бата тургандай чоӊдукта болгон. Ал азыр “Газпромнефть Азияга” таандык.

—Аны сизден сатып алышканбы?

—Жок, өз учурунда аны менден Айдар Акаев жана “бабановчулар” тартып алышкан.

—Ал кантип болгонун айтып бере аласызбы? Бизнести жөн эле “тартып алууга” болобу?

—Базамды тыйынга сатууга мажбурлашты. 1999-жылы Нарынга Жалал-Абаддагы нефть иштетүүчү заводдон насыяга  1 млн долларлык бензин жана солярка  алып келдим. Кочкорго нефть өндүрүүчү кичи завод куруп, дыйкандарга жазгы-күзгү талаа иштеринде күйүүчү майлар менен камсыз кылсын деп ал жакта сактадым. ЭЭКнын (СЭЗ) мыйзамдары иштеп жаткан күндө деле ал партиянын баарын соттошту. Мен Бажынын төрагасы Калык Иманкуловго кайрылдым. Ал бензинди толугу менен бажыдан өткөрүшүм керек болгондугун айтты. Менин эркин экономикалык аймак боюнча айткан аргументтерим эч кандай таасир тийгизген жок. Бензин 1 жыл арестте жатты, насыянын пайыздары тууй баштады.

Өзүмдүн ишимдин тактыгын талашып 2 премьер-министрге Муралив менен Бакиевге, губернаторго кайрылдым, маселемди чечип бере алышкан жок. Премьер-министрлердин алы жетпей койду, себеби, анын баарынын башында Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев турган. Бензинди арестке койгондон баштап мага Өмүрбек Бабанов келип Бишкектеги нефтебазамды 700 миӊ долларга сатпайсызбы деген сунушун айтты. Акыры-аягында 1,2 миллион долларга салган нефтебазамды болгону 300 миӊ долларга Бабановго саттым. Ошол замат бензинди аресттен чыгарышты. Насыямды төлөш үчүн ал бензинди өзүнүн баасынан 2 эсе арзан саттым. Катуу чыгымга учурап, ал 300 миӊ долларды банк менен эсептешип баарынан кол жуудум. Бул менин биринчи катуу жыгылышым болду.

—Ага кантип чыдадыӊыз? Кайра бизнеске келүү үчүн канча убакыт керек болду?

—Ал оӊой-олтоӊ болгон жок. Андан кийин мен катуу ооруп, 2 жыл төшөктө жаттым. Бизнести жоготуу менен кант диабети жана гипертония ооруларын жабыштырдым. Азыркыга чейин инсулинге көз каранды болуп жана кан басымды түшүрүүчү дарыларды ичип жүрөм.

Ал эки жыл аралыгында АКБ “Кыргызстандын” төрайымы Шарипа Садыбакасова эже телефон чалып, менин кайрадан бутума туруп алуум үчүн мага 1 миллион доллар насыя сунуштады.

—Ошентип кайра нефтепродуктка кайтууну чечтиӊизби?

—Жок, мени бензин кызыктырбай калган. Ал мен үчүн эмес экенин билдим. Мени тапанча менен коркутса да ал ишке барбайт болчумун. Мен биздин өлкөдөгү бизнестерди тыкыр изилдеп, кайсы жактан жакшы киреше табууну издендим. Себеби, бензин саткандан башка эч нерсе билчү эмесмин. Кайра башынан баштоого туура келди. 2003-жылдын аягы болчу.

—Ошондо курулуш менен алектенүүнү чечкенсизби?

—Ооба. Банкта Канттын ПМКсынын башчысы Манас Шаршеналиев менен сүйлөштүм. Ошондо мен квадрат метрине 90 доллардан салып ал жактан 380 долларды чыгарууну билдим. Ал деген 4 эсе көп дегенди билдирет. Мен ага башында ишенген жокмун. Мен  “Орионду” жетектеген Куттубайга бардым. Ал менин жердешим. Мен ага барып, мага үйрөтчү дедим. Мен бардык бизнес структураларды, бизнес-бөлүктөрдү изилдеп, кайда акча салууну изилдедим. Ал мага баарын ачык айтып берди. Ага чейин курулуш трестинде иштеп калгандыктан курулуштан кичине болсо да кабарым бар болчу. Анын сөздөрүн угуп, сиӊирип анан тобокелге бардым. 2004-жылдын апрелинде мен биринчи үйүмдү кура баштадым. Ишим жогорулап, бир күнү казак ишкерлери өнөктөштүктү сунушташты.

—Ал эмне болгон кызматташтык эле?

—Мага 40 млн. доллар жана 50-50гө иштөөнү сунушташты. Менде  алар менен болгон сүйлөшүүүлөрдүн стенограммасы да бар.

—Алар өздөрү рынокко кире алышпайт бекен?

— Өздөрү кире алышмак, бирок аларга бул жактан ишенимдүү адам керек болгон. Мен казактарга тиешелүү банкттардан тейленип жүрдүм. Ал банктын жетекчиси менин иштерим жакшы боло баштаганда келиптир. Анын толук аты Святов Серик Аманжолович. Ал өзү жалгыз келбей директорлор кеӊешинин өкүлдөрү менен кошо келип, сүйлөшүүлөр “Хаят” мейманканасында болду. Мен келишимден баш тарттым. Себеби, курулуш кайда жана кандай жүрөөрүн алар айтышат экен. Эгер акчасы күйүп кете турган болсо, мен эки оорума дагы инфарктты кошмокмун. Себеби, топтогон капитал үчүн ишкерлер ден соолугу менен жооп беришет. Акча жөн эле келе бербейт. Алардын келишимине макул болуу, акчанын кулу болуу дегенди түшүндүрдү. Мен акча мага иштөөсүн сүйөм. Себеби, мен акчага Кудай сыктуу мамиле кылгым келбейт. Адам деген башкача бай болуш керек, мисалы ички дүйнөсү, чыныгы достору жана адамдык мамилелери менен бай болушу керек. Сенин бизнез- класс же эконом-класстагы учакка отурганындын айырмасы кандай, баары бир бир убакта жетесиӊ.

(Уландысы бар)

P.S. Маек Tazabek.kg сайтынан которулду.

Булак: “Багыт” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *