Назарбаев: Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болбойт

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болбойт, Баш мыйзамга өзгөртүүлөр парламент аркылуу киргизилет. Бул тууралуу өлкө президенти Нурсултан Назарбаев бийлик бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү маселесине арналган Астанадагы кеңешмеде билдирди.

«Биздин мыйзамда Конституцияга референдум өткөрүп же парламент аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө боло тургандыгы көрсөтүлгөн. Аны президент чечет. Ошондуктан мен өзүмдүн конституциялык укуктарымды пайдаландым. Биз бийликтин саясий системасына чоң өгөртүүлөрдү деле киргизели деп жаткан жокпуз. Аткарылып жаткан иштин зарылдыгы жана өлкө үчүн, эл үчүн маанилүү экенин эске алуу менен өзгөртүүлөрдү парламент аркылуу киргизүүнү туура көрдүм», – деди Назарбаев.

Өлкө башчы Конституциялык реформалар президенттин ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн бийликтин башка бутактарына берүү үчүн жасалышы мүмкүн экенин белгиледи.

«Башка өлкөлөрдө мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн референдумдар өткөрүлөрүн жакшы билесиңер. Бизде болсо тескерисинче болгону турат. Анткени 25 жылдын ичинде бийликтин президенттик башкаруу формасы өзүнүн жана элдин алдына коюлган максаттарды аткарды», — деп билдирди Назарбаев.

Кеңешменин жүрүшүндө президенттик администрациянын жетекчиси Адилбек Жаксыбеков конституциялык реформа боюнча бир айдын ичинде өлкөнүн ар кайсы аймагынан алты миңден ашык сунуш-пикирлер келип түшкөнүн айтты.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *