Назым Мендебаиров, Токтоболот абдымомунов атындагы улуттук драма театрдын директору: “Кыргызстанда театр актёрлору болгону 5 миң сом айлык алат”

– Назым мырза, кызматыңыз кут болсун! Кыргыз улуттук драма театрынын жетектей баштадыңыз. Кандай сезимдер болууда?

– Ооба, бүгүн биринчи күнүм. Абдан толкунданып жатам. Кыргыз искусствосунда залкар адамдар иштеп кеткен, улуу-кичүү муундун кылган иштери боюнча кагазга жазылбаган чоң салттарды карманган, касиеттүү жерге жетекчи болуп келип отурам. Азырынча кутгуктоолор, интернетгеги мага жазылган жакшы пикирлер, каалоо-тилек жолдогон адамдардын көптүгүн көрүп, сыймыктансам, аны менен катар жоопкерчнликти сезип турам.

– Сиз актёр, режиссёрлуктан тышкары буга чейин басып өткөн эмгек жолуңуз да окурмандарга кы-зык болсо керек?..

– Буга чейин маданият жана искусство университетинин социалдык маданий ишмердик кафедрасынын башчысы болуп эмгектендим. Ошол эле университетте талантгуу жаштарга чыгармачылыктын психологиясы, режиссура, актёрлук чеберчилик боюнча сабак берип келем. Бизди кээде «шабашник» деп тамашалап калышат. Мен өз кесибимди тереңдетип, болгон билимимди жаштарга үйрөтүп жатканымды «шабашка» деп эсептебейм.

– «Жаштарга сабак берип жүрөм» деп калдыңыз. Театр, кино тармагында өсүп келе жаткан келечек муундун деңгээли кандай?

– Бүгүнкү күндө деңгээли жогору, билимдүү, таланттуу, мен ишенген чыгармачыл жаштар өсүп келе жатат. Булар буюрса, театр менен кино тармагын өнүктүрүүгө салым кошо турган жаштар.

– Сизди актёр катары тааныткан кайсы кино болду?

– Кино тармагына алгач аралашып, режиссёр катары эң алгачкы эмгегим «Кайып булак» фильми болду. Андан соң «Достор» киносун Ырысбек Жабиров экөөлөп тарттык. Бул дагы элдин алкоосуна татыган тасма болду. «Жубайлар», «Жигитим Аяз Ата», «Кемпир», «Кара жолтой» аталышындагы тасмалар менен өзүмө тажрыйба топтодум. Бүгүнкү күндө кино тармагы өтө тездик менен өнүгүп келе жатат. Буга биздин коңшу мамлекеттер абдан суктанышат. Биздин кинолор үч-төрт жолу Оскарга көрсөтүлдү. Казакстанда Оскарга көрсөтүлгөн кинолор кыргыз режиссёрлорунун же актёр, каскадёрлорунун колу тийген кинолор. Биз муну менен сыймыктансак болот.

– Театрдын бүгүнкү абалы кандай?

– Театрдын азыркы абалы жакшы эле. Көрүүчүлөр театрга агылып келип калышты. Мындан ары ушул көрүүчүлөрүбүздү жоготуп албаш үчүн, театр сүйүүчүлөрдүн санын көбөйтүү үчүн алгылыктуу иштерди аткарышыбыз керек. Биздин театрда деңгээли абдан жогору актёрлор менен режиссёрлор спектакль коюп атышат. Акыркы эки жылда коюлган спектаклдерде элдин агылып келиши, кол чаап коштоп, бир топко театрдан чыгып кетпей бизге болгон ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Ушул спектаклдерде мен да ойноп калып жаттым. Жаш, жаңы ысымдар пайда болду. Таланттуу чыгармачыл жаштар келди. Алар менен тыгыз иш алып барып баштайбыз. Деги эле театрдын буга чейинки түзүлгөн имиджин мындан дагы жакшыртууга аракет жасайбыз.

– Эми окурмандарга үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

– Жубайым Майжанова Бактыгүл. Ал дагы актёрлук кесипте окуган. Экөөбүз турмуш кургандан кийин кесибин таштап, мага жол берип, колдоо көрсөтүп келет. Азыр ЖОЖдордо сабак берет. Үч балам бар. Улуу кызым университетти бүтүп жатат. Келечекте сиздер сыяктуу журналист болот. Эки уулум чыгармачылыкка кызыгып, актёрлук кесипти окуп жүрүшөт. Балдарыма «чыгармачылыкты тандабагыла» деп айта алган жокмун. Себеби, чыгармачылык адамды асылдандырат, жакшы жолго багыттайт да…

– Актёрлук кесип менен үй-бүлөнү бакса болобу?

– Өзүм актёр болгондуктан, эмгек акы кандай экенин жакшы билем. Кыргызстанда орточо айлык акы 12-14 миң болсо, актёрлордун айлыгы 5 миң. Бул акча менен үй-бүлөңдү эмес, өз жаныңды бага албайсың. Ошол себептен мен жетекчи катары актёрлордун эмгек акысын көтөрүүгө да болгон аракетимди жумшайм. Бизге таланттуу чыгармачыл жаштар көп келет. Бирок, айлык акынын аздыгы аларга тоскоол болууда. Жаштарды өстүрүп, тарбиялап, элге алып чыгуу үчүн аларды жоготпой, кармап калыш керек. Аларга жетиштүү маяна бериш керек.

– Бүгүнкү күндө театрга зарыл болгон нерсе эмне?

– Мен көп мезгилден бери ойлонуп жүргөн эң зарыл нерсе – бул театрдын жеке сайтын ачуу. Залкарлардын эски сүрөттөрүн электрондоштуруп сактап калуу керек. Болбосо ушаланып, айрылып отуруп, келечек муун үчүн эң баалуу элестерди жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ошол сайт аркылуу көрүүчүлөр менен байланышып, алардын суроо-талаптарын кабыл алып, эл менен байланышты түзөбүз.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *