“Независимая газета” : Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековго “англия ханышасынын” ролун гана ыйгарышты – бул кызматтын аты улук, бирок аны ээлеген адам эч нерсе чечпейт

Президент Сооронбай Жээнбековду айрым ыйгарым укуктарынан  ажыратышты

Өткөн 2017-жыл Кыргызстан президенттик шайлоонун туусу астында өттү. Эгемендик жылдардын ичинде биринчи жолу бийлик конституциялык жол менен өткөрүлүп берилди. Кыргызстандын төртүнчү президенти болуп бийликтин кишиси, экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков келди. Президенттик мансапты алгач 56 киши талашууга бел байлашкан. Бирок шайлоо марасына 13 гана талапкер коё берилди, алардын ичинде бир аял – Токтайым Үмөталиева да бар эле.

Байкоочулар өзгөчө мыйзам бузууларды деле катташкан эмес, ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун 53%, ал эми анын негизги атаандашы, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун 36% добуш алышы шек деле туудурган жок. Шайлоонун алдында көп эксперттер  кармаш катуу болот, ошондуктан шайлоо биринчи тур менен бүтпөйт, сөзсүз экинчи тур болот деп ишендиришкен. Бийлик эмне менен бүтөрү белгисиз болгон экинчу турду болтурбоо үчүн административдик ресурстун бардык күчүн ишке киргизди. Бардык мамлекеттик структуралар, анын ичинде президент Алмаз Атамбаев, укук коргоо органдары бийликтеги партиянын талапкери үчүн иштешти.

Ошонун ичинде Атамбаев талапкер Өмүрбек Бабановдун  Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусун антпиар катары пайдаланды. Астана ага жооп кылып казак-кыргыз чек арасын жаап, аны Кыргызстандан келаткан кытай товарларынын аткезчилигин токтотуу үчүн деп түшүндүрдү.

Бул абалды жаңы президент Сооронбай Жээнбеков 30-ноябрда Минскиде өткөн Жамаааттык  коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ) саммитинде гана Назарбаев менен жолугушуп жатып жөнгө салды. Чек ара азыр жүк ташуучу машиналар үчүн убактылуу гана ачылды, тараптар болсо экономикалык кызматташтык боюнча “жол картасына” кол коюшту.

Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков жаңы кызматына көнө элек жатып, 1-декабрда Кыргызстандын Конституциясына 2016-жылы 11-декабрдагы референдумда киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ал өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, ал эми премьер-министр менен парламенттин укуктарын кеңейткен эле.  Эксперттердин айтымында бул өзгөртүүлөр экс-президент Алмазбек Атамбаев бир аз убакыттан кийин кайра премьер-министр кызматына кайтып келүүсү үчүн ылайыкталып атайын жасалган. Азыр Атамбаев өзүнүн Социал-демократиялык партиясын (КСДП) чыңдоо менен алек болууда. Январь айынын аягында КСДПнын съезди болуп анда партиянын жаңы лидери шайланары белгилүү болуп калды. КСДПнын төрага орун басары, КР президенттик аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов партиянын лидерлигине бир эле адамдын  талапкерлиги – экс-президент Атамбаев каралып жаткандыгын билдирди. Парламентте эң көп орунга ээ болгон КСДП ага чейин атайын бошотулган премьер-министрдин креслосуна өзүнүн талапкери – Алмаз Атамбаевди түртөт.

Сооронбай Жээнбековго болсо “англия ханышасынын” ролу гана ыйгарылат – бул кызматтын аты улук, бирок ал орунду ээлеген адам эч нерсе чечпейт. Ага эл аралык аренада болгону өкүлчүлүк функцияларын аткаруу гана берилет. Ошондой эки сапарын ал жасап да келди. Жээнбековдун Россияга болгон сапары Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритетин көрсөтүү үчүн гана символдуу эмес, практикалык жагы да болушу мүмкүн. Өзбекстанда Жээнбеков соода-экономикалык келишимге кол койду.  Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолун куруу боюнча макулдашышты.

Булак:  “Независимая газета”, Россия

Кыргызчалаган: Кyrgyztoday.кg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *