Ниязалы, Эркесары, Шекербек

Эркесары Бекбасар уулу Талас өрөөнүндөгү Калба деген жерде, 1884-жылы жарды-кембагалдын үй-бүлөсүндө туулса дагы жаш күнүнөн тартып эле, козу кайтарса да колунан комуз түшүрбөйт. Тогуз жашка чыкканда Стамбекке шакирт болуп андан бир нече күүлөрдү үйрөнгөндөн кийин, ушул эле аймактагы «Саринжи-Бөкөй», «Жанаалы жалгыз» сыяктуу дастандарды мыкты айтып, элге таанылган Сартбай дастанчы менен таанышып,таалимин алат.

1907-жылдары Таласта, Калбада жашап күн көрүү барган сайын кыйынчылыктай бергендиктен, боз кыроо мезгилинде үч ат менен Аксынын Ийри-Суу деген жердеги туугандарына көчүп барышат. Аксыда бир жыл, Кетмен-Төбөдө эки жыл туруп калышат.

Эркесарынын үй-бүлөсү Аксынын Ак-Жол, Тегене деген жеринен жаңгак терип, Жетоймо, Пышкаран, Үч-Коргон, Чартак деген жерлерге барып жаңгак сатып, ордуна күрүч сатып алышып, турмуш-тирикчилигин өткөрүшөт.

Ак-Жолдо жүргөн учурунда комуз черткени элге билинип, ал арасына аздан тааныла баштайт. Күндөрдүн биринде «Ниязалыга учураштырам» деп акжолдук Назаралы, Өмүралы, Мүзүралы деген аксакалдар Эркесарыны Аксынын «Кыйгач» деген жайлоосуна алып жөнөшөт. Алар жайлоого келишкенде меймандарды алдынан тосуп чыккан Ниязалы менен учурашып, отуруп жайланышкан соң:

— Күү үйрөнөм деп келди, күү үйрөт,—деди Назаралы бакылдап.

— Комуз черте албай, тырмагым ооруп…— деп күлдү Ниязалы Назаралыга карап.

— Какшыгынды кой,— деди Назаралы.

— И, балам, көзү алайган сары бала — таластык Эркесары деген сен экенсиң да. «Көчүгүн көтөрө берсе комузу адамча сүйлөйт» деп айтышканын уккан элем. Өзүмдүн эле иним экенсиң, биз да келдей-мачак уругунан тараганбыз,— деп тамаша-азыл аралаштырып, өткөн-кеткенди сурашкан соң, Ниязалы керегеде илинип турган комузду алып:

— Айланайын, «Гүлгаакыны» кайрып койчу,— деп Эркесарыга сунду.

Жаш комузчу үч кылды тырмалап, комузду сайратты.

— Жакшы кайрыйт экенсиң. Оо, үүлөтүп!..— деди ыраазы болгондой Ниязалы.— Кана балам, комузду мага берчи! Ажимат эшенди кызыткан «Гүлгаакы» деп чертип, андан кийин «Мырза кербез», «Карача торгой Кайбылданы» кайрып берип:

— Өз үйүңдөй жүрө бер,— деди Ниязалы.

Бул жерде Ниязалыдан таалим алып, бир жыл туруп калат. Аксыга барганда бирин-экин малы жер үйшөбөй кырылып, барган сайын турмушу оордоп, жакырчылык менен жокчулуктун туткунунда калышат. Аксыда атасы өлөт. Эми бүткүл үй-бүлөнү багуу милдети Эркесарынын мойнуна түштү. Акыры Таласка кайра көчүп келишет.

Мына ошол күндөрдү жана Ниязалынын өнөрүн өз көзү менен көрүп таалим алган көрүнүктүү комузчу Эркесары: — «Мен Нияз акем менен биринчи жолу жанагы «Кыйгач» жайлоосундагы чоң топтон жолугуштум. Кептин чынын айтсам, бала болуп башыма жүн чыкканы андай залкар шайырды көргөн эмесмин. Ырас, таластык Айдараалы жөргөлөктү көргөмүн. Бирок, Ниязалынын бүгүнкүдөй пенде жок куудулдугун көрүп, күүлөрүнүн укмуштай татаалдыгын жана назиктигин уккандан кийин Айдараалы Нияз акенин изин кече албастыгына көзүм жетти.

Ал комузду колго алып баңылдата толгогондо эле күлкүнүн дагы күүсү кошо жаңырчу. Ниязалы ар бир күүнү черткенде ыгы менен шайырланта, колун таңданып эле карап тургандай кооздукта ойнотуп, дене-боюнда тең жарыштыра бийлетип, төбөсүндөгү топусун жөргөлөтүп, өңтүсүн да кубулта өзгөртүп, угуучуларды шак өзүнө тартып алган жылдыздуу шайыр экен. Ушундай улуу өнөрпоздон таалим алсам дегенде ак эткенден так эттим. Акыры Нияз акем менен жакшылап, таанышып жан курбуларынан болдум. А киши менден бирдеме чыга турганын байкады көрүнөт, кийин мага чырга таштады. Аны ээрчип жүрүп, «Мырза кербезин», «Ботойун», «Карача торгой Кайбылдасын», «Сары барпысын» үйрөндүм. Сөздүн ачыгы, аларды Нияз акемдей чертүү кайда. Комузда колду шайырланта түрлөнтүп чертүү жагынан Ниязалыдай улуу устат экинчи жаралбайт. Ырас, ар бир доордун өзүнүн укмуштуу өнөрпозу болот эмеспи. Бирок, ошондой болсо да Нияз акемдей ар кыл шыкка бай, өз доорунун улуу уулу төрөлбөйт го деймин»,— деп, толкундана эскерген.

Эркесары Бекбасар уулу 1936-1940-жылдарга чейин Фрунзе шаарында филармонияда артист болуп кызмат кылат. 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москва шаарында болгон декадасына катышкан. Эркесары көп зор комузчулардын күүлөрүн сактап келген чоң комузчу. Ал Ниязалынын, Токтогулдун, Айдараалынын ж.б. күүлөрүн устаттык менен, көргөндүн жарпын жазып, жүрөгүн толкутуп аткарган.

Эркесарынын замандашы акын Темиркул Үмөталиев анын комуз чертип отурганын көрүп, Ниязалы комузчуну көз алдына элестетип төмөндөгүдөй ырын арнаган:

Комуз чертип отурсаң, Эркесары,

Кайра келип калгансыйт Ниязалы.

Теңегим жок өзүңө дыңкылдатып,

Чертмек боорун тырмаган кунасаны.

Эркесарынын чертүүсүндө Ниязалынын «Ак куу», «Ак тамак-Көк тамак», «Арсар күү», «Боз жорго», «Желпиме» (Карачач), «Кара өзгөй», «Кара Тураптын сурнай күүсү», «Карача, торгой, Кайбылда», «Кыз ойготор», «Мырза кербез», «Эки сагызгандын коштошкону», «Ниязалынын Ботою», «Боккөтөндүн Ботою», «Сары барпы», «Куу-куу турумтай», «Ырчы күү», «Сартбайдын Ботою» деген күүлөрү Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын музыкалык «Алтын фондусунда» сакталып турат.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Шекербек Шеркул уулу Ниязалы жөнүндө дагы мындайча эскерет: — «Мен айылда жүргөндө эле таластыктардын ар кимисинен Аксы деген жерде тоо булбулу Токтогулдун устаты Ниязалы деген эң чоң комузчу бар — дейт» — деп көп угуучумун. Аны уккан сайын: — «Атаганат, ошого жолугаар күн болоор бекен деп, дегдеп бир көрүүгө куштарлануучумун. «Насипти кайдан» дегендей мына эми насип айтып, туз буйруп аны менен биринчи олимпиадада алгачкы жолу жолугушуп отурам. Баарынан да Ниязалы акем баш болгон ырчылар Калмурат, Барпы, Токтобек, сурнайчы Өскөнбай, манасчы Молдобасан менен он чакты күнү бир бөлөмдө бирге турдук. Ошол убакта кайран киши сексенде экен. Нияз акем ошончолук жашка чыкса да, сынынан кетпептир. Комузду кадимки калыбында не бир тир укмуштай түрлөнтө ойнотот экен. Аны көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда. Ал эки сөзүнүн бир сөзүн:

Уста менен дос болсоң, өнөр кесээрсиң,

Ууру менен дос болсоң, бир балээге калаарсың,

Ырчы менен жүрсөң ырын сынаарсың,

Күүнүн жайын көкүрөгү бар адам түшүнөт,— деп, макалдаштырып, сүйлөйт экен. Аны угуп Нияз акем төрөлгөндө, макал-лакап менен оозанганбы дейсиң. Жарыктык киши мага ушунчалык бешенеси жарык, сүйкүмдүү көрүндү. Баарынан да мага анын пейилинин кеңдиги, билген өнөрүн бүт элге чачып берүүдөн аянбаган марттыгы абдан жакты. Ал комузга эптүү, ырга шыктууларга «үйрөнгүн, үйрөнгүн, балам, көзүмдүн тирүүсүндө алып калгын»,— деп, билегин шымалана түрүп: — Өлмөк бар, тирилмек жок, тирүүчүлүктө күү угууга не жетсин. Мына бул күүнү «Короо күзөтүү» дейт. Мунун мындайча сыры бар. «Илгери Толгонай деген темир комузчу кыз-келиндер менен короо кайтарып отуруп: — Сен казанды алып чык, сен май алып кел, сен төш алып чык, сен каламаны калың жаап, жупканы жука жай, каттаманы калың сал деп, баштаңуучу экен. Ал эми Толгонай короо четинде отуруп алып, ооз комузунун күүсү менен айсыз караңгы түндү, айыл ичин таттуу уйкуга көшүлтө ойноп келип ортосунда:

Айдак ээй, айдак эй,

Биздин короо жайдак эй,

Биздин короо жайдак ээй,

Карышкыр койго тийбесин,

Семизин кокус илбесин,

Ач, көркоо карышкыр.

Майлуу жерге кирбесин,

Бекболай бекбол ай,

Салыйма, Калыма ай,

Сак бол ай сак бол ай,— деген ыр саптарын кошо созолонтчу экен. Өзгөчө, күүнүн этегин майда кайрыктар менен сыбызгыдай кайырганда теребел кулак түрө мемиреп, бүткүл дүнүйө угуп жаткандай ырахатка батуучу экен. Азыр ошол күүнү чертип берейин» — деди да Шекербек жай салмак күүнү черте баштады. Анын колу комуз кылдарына жабыша калып сандаган сансыз кайрыктарды көңүлүнөн төгө берди. Чынында эле бул күүдө жок күү экен. Эт жүрөгүң эрип, күүнүн кайрыгы менен кошо толгоносуң».

Ооба, кереметтүү күүлөр укмуштуу устаттын гана колунан жаралат эмеспи. Тула боюңду балкытып, жүрөгүндү эриткен күү да бүттү. Шекең да сөзүн кайрадан улады: — Мына, Нияз акеңден алып калган белегимдин бири ушул. Нияз акем кайсы бир күнү «Арсар» күүсүн» чертээрдин алдында: — Ээ балам, комуз черткенде колуң дуулдап турат экен. Муну үйрөнүп алгын»,— деп, оң билегин чыканагына чейин түрүп коюп:

Аксылыктын арсар куу,

Атын таап черткенге,

Абдан жакшы арзан куу,

Черте албаган адамга,

Эң бир зарсаң куу, — деп, безилдете чалып, алдыда минтип, малак берип черткиле — деди. Анда мен — Э, Нияз аке «малак» дегениңиз не? — десем:-Ордо атканда малак бергин деп айтат эмеспи деп, оң колун ийнине чейин көтөрүп шалактата черткенде элдин «комузда колуңду ойнотуп чертсең, Ниязалыдай черт» деп айтышканы бекеринен эмес экен деп, таң калдым.

Азыр ошол «Арсар күүнү» чертип берейин — деп комузунун кулагын жаңыртып толгон, жагалданган жагалмай кейиптенип Шекең Арсар күүнү» шартылдата чалып кирди. Комуздун көөдөнүндө Шекеңдин колу ылаачын канат каккандай ойноктоп, күү берметтерин кубулжута төгө берди. «Арсар күүнүн» ортоңку татаал кайрыктарына келгенде Шекең: — Нияз акең күү черткенде ирээти менен бир эле кайрып чертпестен, «комузчу үйрөнө албай калат» деп, минтип майдалап чертүүчү эле — деп, кылдарды быжырата басып, оң колун ойнотпостон салмактуу таштап, назданта чертип жатты. Көпчүлүктүн көңүл кушуна айланган «Арсар күү» да аткарылып бүттү.

Мен Нияз акем менен 1937-жылы Фрунзеде экинчи жолу жолугуштум. Атактуу шайыр баягыдай эле комузду безилдете чалып, колун ойнотуп, угуучулардын жарпын жазды. Ошондо мага: — «Балам баягы күүлөрдү үйрөндүңбү? — деп сурап калды. Мен күүлөрүн чертип бердим. Ошондо Нияз акең кубана: «Жакшы комузчу болот экенсиң, эми анча-мынча болоор-болбос кайруулары калыптыр. Аны кийин оңдоп аласың. Ак жолуң ачылсын»,— деп алкады.

Мен Ниязалы аксакалдын күүлөрүн черткенде орто бойлуу кагелес, оң бетинде кадап койгондой калы бар, кичинекей чокчо сакалдуу, кашы капкара, оозу оймоктой, чологураак мурундуу, ажарлуу адамды элестетем»,—деп толкундана сүйлөдү.

Шекербек Шеркулов Ниязалыдан таалим алып, анын «Анжиян калкы исламдын журту», «Арсар күү», «Гүлгаакы», «Кара Тураптын сурнай күүсү», «Короо күзөтүү», «Мырза кербез», «Насыйкат», «Ниязаалынын Чайкама», «Өткөн ишке не пайда», «Өттү кетти балалык», «Сары барпы» ж.б. деген классикалык күүлөрүн үйрөнөт. Аталган күүлөр Шекербектин чертүүсүндө Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын музыкалык «Алтын фондусунда» сакталып турат. Бул чыгармалардагы не бир кайталангыс кайрыктарды өткөрө сезгичтикте, өзгөчө кылдаттыкта кыяпаттап, түп нусканын өзүндөй устаттыкта аткарат. Алар Шекербектин гана аткаруусунда алгачкы угуучуларга тартууланып, өлбөс-өчпөс өмүргө айланган.

Нурбек Туран, И. Арабаев атындагы КМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *