“Нур” партиясы “жыт чыгарып”, аламанга жарышка даярдыкты башташты

Барган сайын саясый тар чөйрөдө “Нур” партиясынын алдыдагы аламан жарышка даярдыгы кызуу кепке айланууда. 26-январь күнү партактивисттер борбордук штабда өз алдынча түлөө өткөрүшүп, келээрки жарышка карай катарындагы мүчөлөрүнөн бата алуу менен даярдыкты башташты. Буга дейре партлидер Турдубек Молдобековдун Россия, Түркиядагы бийликчил партиялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүсү ички интригаларга жем таштаса, бул сапар ага карата бүгүнкү бийлик төбөлдөрүнүн да көзү түз экени күбүр-шыбыр кепке айланды. Аламан алдында элден бата алып, карапайым калк аркылуу канат-бутагын кеңейтип жаткан Тукеңер ушул күндөрү партиянын сьездине даярдыкты көрүү менен алпурушуп жатканы, апрель айына белгиленип жаткан сьездде райондук, облустук, жергиликтүү делегаттар шайланып, камылгага мындан ары катуу даярдыктар көрүлөөрү маалым болду. Баса, 3-4-февралда Россиянын үлкөндөрүнүн өлкөбүзгө болгон иш-чарасында дал ушул партиянын өкүлдөрү да көшөгө артынан океңдердин тийиштүү “көзүрлөрү” менен жолугаары күтүлүп жаткандыгы чынбы? Буга чейин Россиядагы ар кандай диаспора, мигранттардан куралган жоон топтордун өкүлдөрү менен жолугуп, ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген Турдубек Молдобеков өткөн жума соңунда Чүйдөгү “Солто коомунун” өкүлдөрү менен келечектеги саясый кыл чайнаштарда чогуу болуу жагынан бир пикирге келгендери ыраспы? Баарынан кызыгы “Нур” партиясына Чүйлүктөрдүн жоон тобун тартуу жагы өзгөчө орунда тургандыгын партиянын ички ашканасынан кабардарлар божурашууда. Эмесе, биз президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов менен өтө жакын алакалалары бар партия тууралуу жаңылыктарды алдыңкы күндөрү да ачыктоого бел байламакчыбыз.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *