Нурбек Мурашев, Айыл чарба министри: «Айыл чарба министрлиги дыйкандардын продукциясын сатуусуна кийлигише албайбыз»

— Нурбек мырза, бир жылдан бери айыл чарбаны башкарып келе жатасыз. Жумушка дайындалган күндөн бери кандай иштерди алдыга жылдырдым деп айта аласыз?

— Айыл чарба багытында эң негизги олуттуу маселе бул – үрөн маселеси. Үрөн маселесин жолго салуу үчүн аракет көрүп жатабыз. Ал эми экинчи орунда мал чарбачылык тармагы болуп эсептелет. Чындыгын айтыш керек, эгемендик алган жылдан бери мал чарбачылыгы бир топ ийгиликке жетишип, малдын саны олуттуу көрсөткүчкө жетти. Учурда сандан сапатка өтүшүбүз керек. Малдын асылдуулугу боюнча, иштерди жасайбыз деп катуу аракеттерди жасап атабыз. Донорлор менен иштешип, учурда долбоорлорду пилоттук негизде өткөрүп жаткан айыл өкмөттөр бар. Ошол айыл өкмөттөр менен жасалма уруктандыруу боюнча иштерди алып барып жатабыз. Азыр үрөнчүлүк менен малдын асылдуулугуна көп көңүл буруп жаткан чагыбыз.

— Акыркы учурларда айыл чарбасына заманбап технологиялар киргизилип жатабы?

— Айыл-чарбасынан кабары бар инсандар билсек керек, акыркы учурларда айыл чарбасына жаңы технология катары тамчылатып сугаруу келди. Тамчылатып сугаруу технологиясына учурда көп дыйкандарыбыз ыктап жатат. Көп жылдык бак-дарактарды эгүү боюнча, аларды көбөйтүү боюнча сунуштарды берүүдөбүз. Учурда айыл чарба тармагында жакшы эле өсүш бар. Айта кетчү болсом, күнөсканалар боюнча төрт жыл ичинде өсүү көбөйдү. 2015-жыл 700 күнөскана бар болсо, былтыркы көрсөткүч 1400 эле болчу. Быйылкы көрсөткүчтүн саны 1978 ге жетти. Азыркы учурда дыйкандардын көпчүлүгү акыркы технологиядагы дыйканчылыктарга ыктап калды. Экспортко багытталган өсүмдүктөрдү эгүү тууралуу атайын окуу семинарларды уюштурганда көрсөтмө берип жатабыз. Дыйкандарыбыз биздин көрсөтмөнү туура кабыл алып, ошол жолдор менен дыйканчылыгын алдыга жылдырышууда.

— Жердин жакшы-жаманын аныктай албай аз түшүм алып, чыгымга учураган дыйкандарыбыз жок эмес, жердин канчалык деңгээлде түшүм берерин аныктаган лабораториялар учурда иш алып барабы?

— Өзүңөр билесиңер, 1992-жылдан кийин жер реформасы жүрүп, айыл жеринде жашаган элдерге бөлүнүп берилген. Ар бир айылда 25% өкмөткө калып, 75% элдердин жеке менчик үлүш жери катары бөлүнгөн. Союздун мезгилинде ар бир райондо, ар бир колхоздордо жерлердин түшүмдүүлүгүн, сапатын текшерүүчү лабораториялар бар эле. Азыр ошол лабораториялардын бардыгы иштен чыгып токтоп калган. Бирок, облустарда жердин асылдуулугун аныктоочу лабораториялар бирден бар. Эгин эгерден мурда кээ бир дыйкандар жеринин түшүмдүүлүгүн текшертүү үчүн топурагын лабораторияга тапшырып, эмне жетишпей жатканын текшерип жатышат. Бизде ошонун негизинде “карантин растение” деген департаментибиз иштеп жатат. Ошол жерге атайын эки машине келди. Ал машинелер көчмө лаборатория болуп саналат. Эки лабораториянын бирөөсүн Чүйгө, экинчисин Ош-Жала-Абат облустарына бөлөсөк деген ойдобуз. Кайсыл районго көчмө лаборатория керек болсо, ошол жерге барып анализдерин алып эмне жетишпей жатса, ошол жер семирткичтерди бере турган болсок, түшүмдүүлүк быйыл 30 центнер болсо, кийинки жылы 45 центнер болушу мүмкүн. Учурда бардык дыйкандар жерди кантип иштетүүнү түшүнүп калды. Областын борборундагы лабораторияларга үлүш жерлеринин топурактарын алып барып текшертип, түшүмдү мол алуунун аракетин өз алдынча көрүп жатышат.

— Дыйкандардын үлүш жерлеринен сырткары өкмөттүн карамагындагы жерлер азайып кетти деген маалымат бар. Бул маалыматтын чындыгы барбы?

— Айыл чарба министрлигине баш ийген, ар бир айылдагы 25% жерлер кыскарбай ошол эле бойдон сакталып турат. Бирок, тактап кетүү үчүн айтсам, кээ бир айылдарда турак жай куруу үчүн бөлүнүп жаткан жерлерди айыл чарба жерлеринен берилип жатат деп чаташтырып жатышат. Турак жай куруу үчүн бөлүнүп жаткан жерлер сугатка жарабаган жерлер, айыл өкмөттө мурун эле ошондой категория менен түзүлүп калган. Ошол категориядагы жерлер турак-жай салуу үчүн участкага берилип жатат. Азыркы мезгилде айыл чарбага баш ийген 25% жерлерди бекем сактап олтурабыз.

— Дыйкандардын өстүргөн продукциясын сатуу жагына Айыл чарба министрлиги тарабынан кандайдыр бир жардамдар берилеби?

— Министрлик сатуу жагына эч кандай кийлигише албайбыз. Мындай эгинди эксең, жакшы баа болушу мүмкүн деп сунуш беришибиз мүмкүн. Экспортко багытталган өсүмдүктөрдү айтып жатабыз. Мисалы, биз прогноз ар аптанын дүйшөмбү, шейшемби күндөрү дүйнөлүк биржанын баалары чыгып турат. Ошолорду изилдеп мониторинг кылабыз. Бизде атайын мониторинг кыла турган бөлүм бар. Кайсыл өсүмдүк быйыл жакшы акча болгонун анализдеп турат. 2017-жыл айыл чарбасы үчүн берекелүү жылдардан болду. Себеби, бир да дыйкан бүгүнкү күндө эккен эгининин баасы тууралуу капа болгон жок. Тескерисинче, оппозициялык маанайдагы гезиттер же телеканалдар Ата-Мекендик жер жемиштин баалары эмне үчүн кымбаттап баратат, айыл чарба министрлиги карабайбы деген маселени коюп жатышат. Эккен эгиндери арзан болсо, дыйкандардын мээнети акталбай, сарптаган чыгашалары пайда алып келбей, зыян тартышы мүмкүн.

— Буудайды негизинен Казакстандан ташып келебиз. Чек ара маселесинен улам, буудайды өз жерибизде өстүрүп, элибизди ун продукциясы менен өзүбүз камсыздасак деген ойлор пайда болгон жокпу?

— Бизде деле буудай өстүрүлөт. Быйылкы жылды эле алалы, 250 000 гектар жерге буудай өстүрүлдү. Жалпысынан 660 000 тонна буудай жыйнадык. Эми баса белгилеп кетчү жагдай, замандаштарыбыз биринчиден сапаттуу ун продукциясын пайдалангысы келет. Биздин жерде өстүрүлгөн буудайдын клейковинасы 22% жетпейт. Ал эми Казакстанда өстүрүлгөн буудайлардын клейковинасы 32%, андан да жогору.

— Айырмасы эмнеде?

— Айырмасы, Казакстанда өстүрүлгөн буудайлардын уну ак болот. Биздин буудайлардан алынган ундар андан бир аз кара болот.

— Биз деле Казакстанда өсүп жаткан буудайлардай сапаттуу клейковинасынын көрсөткүчү көп буудайларды өстүрсөк болбойбу?

— Ага биздин жердин кыртышы туура келбейт. Эгин айдоочу жерлерибиздин айрымасы бар. Биздин өлкөдө деле клейковинасы жогору болчу өрөөндөрүбүз бар. Мисалы, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндөгү буудайлар түштүк жакта өскөн буудайлардан сапаттуулугу менен айырмаланат. Себеби, түндүк тарапта Казакстан менен аба ырайы бирдей жерлер бар. Жер кыртыштары да дал келет. Чындыгын айтканда бизде өстүрүлгөн буудайлар менен өлкөбүздү толук камсыз кыла албайбыз, өлкөбүзгө керектүү бөлүктүн үчтөн бирин камсыздайбыз. Калган ун азыктары сырттан келет.

— Айыл чарба министрлигинде дыйкандардын жер иштетүүгө же мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө болгон аракетин күчөтүү максатында программалар бар деп уккам. Ал программалар ким тарабынан сунушталат?

— Жогоруда айтылган дыйканчылыкка жана мал чарбачылыгына арналган багыттуу программалар бар. Андай программа министрлик тарабынан сунушталат. Атайын жер-жерлерге барып, биздин адистер окутушат. Декабрь айынын башынан башталып, март айына чейин толук окуу семинарлары жүрөт. Семинарларда министрликтин аппаратындагылар, департаменттер быйыл эмне эксе болот, кандай өсүмдүк быйылкы аба-ырайына туура келет, жалпы эгинди кандай өстүрүү керек деген маселеге жооп изделет. Жалпы айыл чарбага, мал чарбачылыгына арналган окутуу процесстери биздин министрлик тарабынан сунушталат. Учурда ар кандай багыттагы программалардын үстүндө донорлор менен иштешип жатабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *