Нурболот Мирзахмедов: Мен 280 миң калкы бар Сузак районун татыктуу башкаргам

-Нурболот мырза, сиз жетектеген тармакка Кубатбек Бороновду эске албаганда өңчөй сырттан келген кадрлар таңууланып, жетекчиликке дайындалып келишкен. Ошондой көчтүн катарын сиз дагы толуктадыңыз окшойт. Буга чейин системада бир күн иштебесеңиз, бул тармакnы тартып кетүү сиз үчүн кыйынчылыкка турбайбы? Кызмат десе эле чуркап жөнөбөстөн, алгач сунуш түшкөндө ушундай ойду ойлондуңузбу?

– Мен 280 миң калкы бар Сузак районунда акимдин биринчи орун басары катары үч жыл, район жетекчиси катары беш жыл татыктуу иштедим. Өзүңөр билгендей, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар, анын ичинен жаратылыш кырсыктары Жалал-Абад облусунда көп катталаары баарыбызга маалым. Район жетекчилигиндеги сегиз жыл бою мен Өзгөчө кырдаалдар минисгрлиги менен өз кезегинде абдан тыгыз иштештим. Кооптуу аймактарда өзгөчө кырдаалдар маалында кандай иш жүргүзүү керектигин тээ райондо жетекчи кезимде эле өздөштүргөм. Андыктан, мага бул министрликтин иши жат эмес. Алдыма келген ооматты татыктуу аркалап, ишимди тартып кете алам.

– Өлкөбүздүн аймагында жаратылыш кырсыктары азыр кайсы өрөөндөрдө көбүрөөк катталып жатат? Мониторинг бар да силерде…

– Өлкөбүздөгү катталган өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинен айттырбай келген жаратылыш кырсыктарынын 80%ы түштүк аймактарыбызда катталат. Бүгүнкү күнгө карай өлкө аймагы боюнча 50дөн ашык жаратылыш кырсыктары жүз берсе, анын ичинен сел, жер көчкү баштаган көңүл чөгөргөн көрүнүштөрдүн көпчүлүгү түштүк аймактарыбызда, айрыкча алыскы Баткен облусунда көбүрөөк катталууда. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкө аймагындагы катталган жаратылыш кырсыктары кыйла аз катталды. Бул жагынан Кудайга шүгүр дешибиз керек! Өткөн жылы ушул маалдарда 283 жаратылыш кырсыгы катталып, мунун кесепетинен жүздөн ашуун жараныбыздан айрылсак, быйылкы жылдагы табияттын айттырбай келген кырсыктарынын айынан- 7 адам өмүрү менен кош айтышты.

– Соңку убакта мамлекет тарабынан аскер кызматкерлерине көп кабаттуу үйлөр катар-катары менен тапшырылууда. Анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги аскер адамдарына Куралдуу күчтөрдүн башка бөлүктөрүнө салыштырмалуу үйлөр азыраак ыроолонуп жатканы боюнча кептер бар. Тармак башчысы катары мындай көрүнүшкө оюңуз кандай?

– Куралдуу күчтөрдүн курамындагы аскер кызматкерлерибизге Россия тараптан бөлүнгөн каражатка кыргыз өкмөтүнүн көмөгү аркылуу жаңы үйлөр курулууда. Жаңы бүткөн андай үйлөр Куралдуу күчтөрүбүздүн ар кайсы тармактарындагы аскер кызматкерлерине өкмөт тарабынан атайын бөлүнүп берилүүдө. Куралдуу күчтөрүбүздүн башка тармактары менен салыштырып карай келген күндө да салынган үйлөр аскер кызматкерлерибиз үчүн тегиз, калыс маанайда бөлүнүп берилүүдө. Биздин министрликтин кызматкерлери үчүн салынган үйлөр өткөн жылы мамлекеттик курулуш агенттиги аркылуу курулган. Албетте, салынган үйлөр боюнча жетишсиздик бар.

– Өлкөбүздүн эгемендик тарыхында буга чейинки министр Кубатбек Боронов салыштырмалуу министрлик орунга жети жыл мыктай отурган жетекчи катары эсибизде калды окшойт. Министрликтин башына келериңиз менен Бороновдун тээ алмустактан бери чырмалышып, тамырлашып калган бул тармактагы кадрларынан кутулууну ойлонуштурдуңузбу? Бул жактан сиз деле өңчөй өзүңүздүн командаңыз менен иштегиңиз келет да, туурабы?

– Мына, кызматка келгениме эки айдай убакыт болуп калды. Бүгүнкү күнгө чейин өзүм менен эч кимди бул жакка тартып келгеним же кимдир бирөөнү ордунан козгоп, кызматынан алганым жок. Тармактан чыккан жетекчи, анан калса жети жыл бир орунда отурган Кубатбек Айылчиевич бул сисгемага татыктуу кадрларды алып келген деп айта алам. Андай кадрлар менен мен толук кандуу иштешем. Мамлекеттик кызмат же министрлик менин жеке менчигим эмес да. Өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү биздин кызматта өң-тааныш аркылуу келгендер эмес, чыныгы ишбилги кесипкөйлөр иштеши кажет. Албетте, кубаттуу тармак болгон соң кемчиликтерге жол берген кызматкерлер болбой койбойт да. Мен билгенден азыр өзгөчө кырдаалдар системасында ишинде шалаакылыкка жол бергендердин айрымдары абак жайларда отурушат. Эгерде иштей албаган, өзүнүн милдеттерин татыктуу тарта албаган кадрлар болсо, андай кызматкерлерди биз башынан сылабайбыз да. Андай шартта сөзсүз кадрдык алмашуулар болот. Ошондо деле мен кадрларды сырт жактан же өң-тааныштарымды алып келбейм. Ушул эле тармактан өсүп келе жаткан тажрыйбалуу адистерди көтөрүп, иштерине стимул жаратканга аракетимди жасайм. Ал эми сурооңдун негизги бөлүгүндө айтылгандай мен келе калып кадрдык өзгөртүүлөрдү жасай калайын деген ниетим жок. Өзүмдүн орун басарларымдан баштап, тээ катардагы кызматкерлериме чейин алмаштырбастан, чогуу-чаран иш кылууну максат кылып жатабыз.

– Өлкөбүздүн түндүк-түштүк аймактарында жаратылыш кырсыктар! Ушундай мезгилде көбүрөөк катталаары маалым. Мындай учурда министрдин жардамына муктаж аймактар жана жарандарыбыз болбой койбойт. Биздин министрликтерде бюрократия маселеси курч, андыктан, Алайдагы же Ат-Башыдагы жардамга муктаж жарандын сиздин кабыл алууңузда болмогу азырынча түшкө киргис да ээ?

– Жумушка киришкендеги менин эң негизги максатым ишимдеги ачыктыкка басым жасоого баш койдум. Азыр аймактарыбызды кыдырып, андагы кооптуу тилкелерди өз көзүм менен көрүп чыгуудамын. Тез арада көңүл буруп, аткара турган иштерди өз көзөмөлүмө алып жатам. Аймактарда болгон иш сапарларымда да эл менен болгон жолугушууларга басым жасап жатам. Министр катары коомдук кабылдаманын ишин жандантуу аракеттерим бар. Бизге кайрылган жарандарыбызды министрликтен эле кабыл албастан, ар бир дубаныбызга болгон иш сапарым учурунда жергиликтуу элди кабыл алууга убакыт болуп, кайсы жаран болбосун өзүм сүйлөшүп, аймактардагы калктын көйгөйлөрүн тыңдап, маселени жеринде чечкенге бар аракетимди көрүүгө бел байладым. Мындан ары ар бир облуста мен коомдук кабылдаманы өткөрүп турам. Өзүм эле эмес, мындай саамалыкты орун басарларым, министрликтеги тийиштүү башкармалыктардын башчылары да өткөрүп турушмакчы. Карапайым элибизден биз качпашыбыз керек.

– Учурда сиз «агарып-көгөрүп» жаткан парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын парламенттеги эл өкүлү Игорь Чудиновго райондук соттон чыккан өкүм шаардык соттон да бекемделди. Мындай шартта эл өкүлү мандатынан ажыраары турган иш. Кийинки мандат бактысы тизме боюнча сизге келгенинен кабардармын. Сиз алдыңызга келген эки ооматтын кайсынысына оошту максат кылып турасыз?

– БШК парламенттеги бошогон орунга качан мени чакырса гана ошондо ойлонуп көрөм. Азырынча мен бул маселени тереңирээк ойлоно элекмин. Болгону эл кызматындагы түмөн туйшүктүү ишим менен алпурушум жатам. Эгерде партиянын тизмесинде депутаттык мандат алуу кезеги мага келе турган болсо, анда мен министрликке жаңыдан эле келип жатып, кайрадан парламентке баса берсем эл кандай ойлойт? Бул жагын да ойлонуп көрөм. Кыскасы, ал убакыт келе берсинчи, ошондо деле ойлонгонго мезгил келээр.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *