Нурболот Мирзахмедов, Өзгөчө кырдаалдар министри: Таластагы өрт Казакстандын аймагынан Кыргызстанга өткөн

—Нурболот Сабиржанович, Таластагы өрт толугу менен өчүрүлдүбү? Казакстандан учак чакыртып анан өчүрүлдү деген маалыматтар тарады?

—Өрт болгон жерге барып жеринен таанышып кайттым. Таластагы өрт 28-июлда чыгып, 4-августта катуу күчөп кеткен. Ага чейин биздин кызматкерлер менен жергиликтүү тургундар эки жолу өчүрүшкөн. Мен ошол күнү байланышсам жергиликтүү бийлик «өзүбүздүн күчүбүз жетет» дешкен болчу, ишенбей 80 ку-каруучуну Бишкек шаарынан, 60 куткаруучуну Жалал-Абад областынан алып барып өрттү өчүрдүк. Өрт негизинен Казакстандын чек ара аймагынан чыккан. Ал тарапта токой жок болгондуктан алар өрткө көп маани беришкен эмес. Ошол эле 5-август күнү Казахстан Республикасынын өзгөчө кырдаал боюнча комитетине өрттүн алдын алуу боюнча кайрылуу катын жолдодук. Ошол каттын негизинде алар учак учуруп, өрттү өчүргөнгө жардамдашты. Орточо эсеп менен 1000 гектарга жакын жер күйгөн. Ушунча гектардын ичинде арчалар, токой-чарба аймагы, жайыт жерлерибиз дагы бар.

—Суу ташкындоо коркунучу ӨКМ тарабынан тынбай эскертилип турат, алдын алуу иштери кандай жүрүп жатат?

—Ооба, азыр суулардын толкуп тургай убагы. Мындан эки ай мурун дарыялардан суунун бийиктиги 4 миң метрге чыгып жаткан. Азыр баары түштү. Суулар көтөрүлгөн маалда маселенин алдын алып калдык. Көбүнчө маселе Өзгөн районунда болду. Суу көтөрүлүп калган кезде биздин кызматкерлер иштеп, алдын алуу иштеринин негизинде коп зыяндан сактап калдык. Кийинки жылга даярдануу үчүн кооптуу деген жерлерибизде азыр жумуштар жүрүп, кызматкерлер дамбаларды курушууда. Пландык ишибизге 198 миллион сом каралса, кошумча өкмөттөн 150 миллион сом алып, иш алып барып жатабыз.

—Баткендеги суу каптаган кырсыктан лд кандай жардам алды?

—Биздин министрлик тарабынан мыйзам боюнча жардам бере албайбыз. Ага карабай Кызыл Ай коому менен биргеликте жардам берилди. Ал эми калганына болсо камсыздандыруунун негизинде калганын жергиликтүү бийлик жүргүзөт.

—Өзгөчө кырдаал түзүлгөндө кырсыкты алдын алуу жана калкты кооптуу аймактан чыгаруу боюнча иш алып барып жатасыздарбы?

—Кандай гана кооптуу кырдаал түзүлбөсүн биз телеканалдар, интернет аркылуу жарыяларда кантип сактануу керектигин айтып турабыз. Мындан сырткары биздин коопсуздук боюнча окуу борборлору 6 миңден ашык адамды окутушту Кооптуу аймакта жашагандарга биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кат жүзүндө муну тастыктатып түшүнүк кат жаздырып алабыз.

—Сууга чөгүү боюнча кырсыктын аягы тыйылбай жатат. Суудагы суучулдардын айлыгы аз, «адамдарды чөктүрүп өлтүрөт экен» деген да сөздөр да чыгып кетти. Буга кандай комментарий бересиз?

—Буга байланыштуу болгон маалыматтардын баары чындыкка дал келбейт. Сууга чөккөндөрдү куткарууда биздин суучулдарыбыз иштеп беришет. Ошол эле кезде суунун астынан канча адам тапсак ушул кезге чейин бироонон да акча алынган эмес. Муну эч ким акча бергем деп жокко чыгара албайт. Былтыркыга салыштырмалуу сууда чоккондор быйыл аз. Мисалы былтыр сууга чөккөндөрдүн саны 111 болсо, быйыл Огожакындап баратат. Элдин ичинде журналисттин чөккөндүгүнө байланыштуу резонанс 100 жаралып, катуу дүрбөлөң түшүп кеттик. Бизге бир адамдын өлүмү көп. Пансионаттардын ичиндеги болуп жаткан кырсыктарга өздөрү жооптуу. Аларды көзөмөлдө экотехинспекциягажүктөлгөн. Экотехинспекция атайын уруксат чыгарып берсе куткаруучуларды биз дайыма окутуп берүүгө даярбыз. Ал үчүн министрликтен атайын акы төлөнүп берилет.

—Ош-Бишкек жолундагы кырсыктардын көбөйүүсүн алдын алуу үчүн сунуш берип жатасыздарбы?

—Үч адамдан көп өлүм болсо ал бизге катталат. Калган иштин баарын МАИ кызматы жүргүзөт. Быйыл андай чоң кырсыктар эки жолу болду. Кудай бетин ары кылсын, кырсык болсо биздин кызматкерлер биринчи жардамды беришет. Мисалы машина ачылбай калса адамдарды алып чыгып берүүгө милдеттуүбүз. Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жол дагы себепчи болууда. Себеби стандартына жооп бербейт. Айдоочулар даты алды артын карабай катуу жүрүшөт. Жолдорго көзөмөлдөө камераларды койбосок болбойт. Ош-Бишкек жолундаты 90 менен айдай турган жерди айдоочулар 190 менен айдашат. Буюрса альтернативдик жол ачылып калса кырсыктар азаят деп үмүт кылам.

—Быйылкы жылы кандай өзгөчө кырдаалдар жаралды?

—Быйылкы жылы 90 жалу өзгөчө кырдаал катталып, 12 адам каза тапты. Былтыр бул маалда 309 өзгөчө кырдаал катталып, 113 адам коз жумган.

—Кызматкерлерге батир берүү дагыуланабы?

—Кудай буюрса деп турабыз. Былтыр шаарларда берилсе, быйыл аймактарга салынып жатат. Мисалы Жалал-Абад, Нарын областтарында учурда курулуш иштери жүрүүдө, буюрса жыл аятында ачкычтарды тапшырып калабыз.

—Жол кырсыктарындагы адамдардын кандуу сурөттөрүн интернет баракчаларга чыгарбай коюуга болобу?

—Биз тараптан «Жол кырсыгы катталды» деп биз машинаны гана көрсөтүп, адамдын жансыз денесин чыгарбайбыз. Ал эми ошол жердеги күбөлөр сүрөткө тартып интернетке жайгаштырып салышууда. Булабдан өкүнүчтүүнерсе. Балким аладамдар деле айдоочулар ушуну көрсө акырын айдап калышаар деп чыгарып жатышкандыр. Каза тапкан адамдар кимдир бирөөнүн жакыны болушу мүмкүн, бул абдан жаман көрүнүш. Айдоочулар шашпай мыйзам чегинде айдашса кырсык даты азыраак болот эле деп ойлойм.

—Өкмөт башчы министрликке кандай талаптарды коюп жатат?

—Премьер-министр министрликтен кырсыктын алдын алуу иштерин жасоону көбүрөөк талап кылууда. Быйылкы жылы эл жашаган жердеги дамбаларды курууга акча бөлдүрүп берди. Техника алуу боюнча көп көмөктү өкмөт башчыдан алуудабыз. Мухаммедкалый Абулгазиев дайыма «кырсык болуп бүткөндөн кийин күрөгүңөрдү көтөрүп баргандын ордуна алдын ала иштерди жүргүзгүлө. Коопсуз аймактарды көчүрүп чыккыла, жоготуулар болбосун» деп көп айтат. Премьер-министрдин талабы да, көзөмөлү да ушул.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *