Нурдин Абдылдаев: Бишкектин борборун жеңилдетиш үчүн жаңы конуштарды өнүктүрүү керек

«Бүгүн шаарды өнүктүрүү үчүн альтернативдүү тартылуу борборлорун түзүү керек», – деп билдирди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бишкек шаардык кеңешке талапкер Нурдин Абдылдаев.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын калкы толо борборун куткаруу үчүн шаардын жаңы конуштарын өнүктүрүү керек. «Бул шаар үчүн болгон эң зарыл реформа. Жыш жайгашкан борборлор тромб сыяктуу кыймылды токтотуп, убакыттын өтүшү менен борбор калааны жок кылып коюшу мүмкүн», – деди Н.Абдылдаев.

Ал белгилегендей, шаардын борбору баарынан көп ресурстарды, инвестицияларды жана адамдарды тартып алууда. Бул жакта эл тейленүүчү саламаттык сактоо объектилери, ири соода-сатык борборлору жана мамлекеттик органдар топтолгон. Мунун баары калктын жыштыгына жана борбордун ашыкча жүктөлүшүнө алып келүүдө.

Мэриянын маалыматына ылайык, борборду жана жаңы конуштарды өнүктүрүү үчүн жылына шаар бюджетинин болгону 8,5% бөлүнөт.

Н.Абдылдаевдин айтымында, ошол эле маалда жаңы конуштарда Бишкек шаарынын калкынын 20% түзгөн 200 000 адам жашайт. «Жаңы конуштарда өз ооруканалары, парктары, балдар аянтчалары, сейилдөөчү жайлары болушу керек. Ошондо четки жана жаңы кичи райондорунун жашоочулары кандайдыр бир тейлөө кызматтары үчүн шаардын бир четинен башка четине барып отурбайт эле», – деп билдирди партиянын өкүлү.

Жаңы конуштар бүгүн инвесторлорду кызыктырбайт. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы жаңы конуштардагы жашоо сапаты жогорулашы үчүн ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү ниетинде, деди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөсү Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

2 comments

  • Арген says:

    Айрым бир жаны конуштарда жол менен мектепти айтпай эле коелу, кадимки эле жарык менен сууга жетпей жаткандары дагы бар. Чырак менен оокат кылып жаткандардын тагдыры эч кимди кызыктырбагандай. Кээ бир жаны конуштарда мектеп,оорукана жок болгондуктан шаарга чейин келууго аргасыз болушууда. Бул койгой кечээ эле жарала калган жок. Бул проблема коптон бери чечилбей келет. Онугуу-Прогресс койгойду чечуунун жакшы жолдорун сунушташыптыр. Эми аны бир гана ишке ашыруу керек го.

  • Эл says:

    Өнүгүү деңгээли боюнча Бишкектин көпчүлүк райондору, өлкөбүздүн аймактык борборлорлорунан дагы төмөн. Муну Өнүгүү-Прогресс туура баамдаган. Бул ачуу чындыкты Бишкек шаарынын мэриясы жана кеңеши дагы моюнга алышы абзел. Ал эми биз бишкектиктер жарык жана кооз жакка өзгөрүшү үчүн аталган партияга ишеним көргөзөбүз!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *