Нургазы Нишанов, “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын башкы директору: Биздин ишкана күз-кыш мезгилине толук даяр

– Нургазы Нурланович, сиз башкарып жаткан ишкана карызга батып эле жүрчү ишкана болчу. Жетекчи болуп келгениңизден бери ишкананын карызды төлөө иши кандай жүрүп жатат?

– Азыркы күндө ишкананын бир тыйын карызы жок. Мамлекет тарабынан акча каражаттары өз убагында бөлүнүп жатат. Ошол каражаттарды туура бөлүштүрүп жатабыз. Дебитордук карыздардан абаненттер бизге карыз болуп калат да, ошону былтыркы жылга салыштырмалуу жүз миллионго азайттык.Өткөн жылы эки жүз миллион болгон болсо быйыл жүз миллион болуп калды.

– Кышка карата даярдыктар кандай?

– Кышка даярдык кызуу жүрүп жатат. Күз-кыш мезгилине даярдануунун абалын ыкчам көзөмөлдөп туруу максатында 7-июнда буйрук чыгып, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды алдыда турган жылуулук берүү мезгилине даярдоо штаб түзүлгөн. “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын техникалык кеңешмесинин отурумунда 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилин сапатуу өткөрүүгө байланышкан маселелер каралып, ишканалардын жетекчилерине жана эмгек жамааттарына тапшырмалар берилген. 15-сентябрга чейин бүт кышкыга карата капиталдык ремонт иштерин аяктоо боюнча тапшырманы бергенбиз. 1321 котельныйыбыздан бүтө элек алтоо калган болчу. Аларды даты 15-сентябрга чейин бүтүрүү каралган. Азыр толук бойдон кышкы мезгилге даярбыз. Жакында эле өкмөт мүчөлөрү Чүй облусун кыдырып, биздин кышка болгон камылгаларыбызды көрүштү. Жергиликтүү бийликтин балансындагы жылуулуктун камылгасында дагы көргөнү барышты. Ушул жерде айта кетким келип турат, биздин ишкананын кышка болгон даярдыгын өтө жогору баалап, башка ишканаларга биздин кышка болгон даярдыгыбызды мисал катары көрсүтүштү. Даты бир айта кетчү нерсе ошол жердеги комиссия мүчөлөрү бир ооздон, жергиликтүү жылуулктун барын эле силерге өткөрүп берүү керек окшойт деген пикирлерин айтышты. Негизи моюнга алышыбыз керек жылуулук системасы чачыранды болуп кеткен. Бишкек ТЭЦ Түндүк электро, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, биздин ишкана бар. Мындан сырткары Коргоо министрлиги, билим берүү министрлиги өздөрүн өздөрү жылытышат. Кээ бир жерлерде мектептин директорлоруна эмнеге кышка даярдыгын жок же болбосом начар деп айткан учурлар кездешти. Менин жеке пикиримде мектептин директорунан жылуулукту талап кылуунун өзү өтө одоно көрүнүш. Жылытуу системалары менен ошол иштин көзүн билген, ошол тармакта иштеген инсандар аракеттенсе жакшы болот эле. Ал эми биз мектеп директорлорунан жылуулукту эмес, балдардын билим денгээлин талап кылсак жакшы болор деген ойго токтолдум. Ушул баш аламандыктарды жөнгө салуу керек деген пикирдемин.

– “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасында жылуулук берүү мезгилинде кызматкерлердин саны жетишсиз болуп, кыйынчылык жаралбайбы?

– Күз-кыш мезгилинде биздин ишкананын жумушчуларынын саны 2782 адамга жетет. Ал эми жылуулык энергиясын берүү токтотулганда 2025 адам калат. Жети жүздөн ашуун жумушчу акысыз эс алууга жөнөтүлөт.

– Жылуулук ишканаларынын жабдыктарын жаңыртуу колго алынганбы?

– Жабдыктарын жаңыртуу боюнча иш аракеттер көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө Майлы-Суу, Жалал-Абад,Токмок, Чолпон-Ата ишканаларынын отканаларын, жылуулук трассаларын алмаштырып жатабыз. Бардык маселе келип акчага такалат да. Бирок, быйыл болуп көрбөгөндөй көп иштер аткарылды. Жалал-Абадда 18 көп кабатту үйлөрдү жылуулукка коштук. Жыйырма беш жылдан бери Майлы-Суу шаарында кылынбаган ремонтторду кылдык. Азыр Майлы-Суу жакшы деңгээлге чыгып калды. Чолпон-Атага Россиядан жаңы котел алып куруп жатабыз. Токмокко жаңы котел алып келип койдук. Бизде жалпысынан 343км жылуулук трассабыз бар. Жылына 15-20 кмден алмаштырып жаңыртканга аракет кылып жатабыз. Жылуулук трассалар 1950-1960-жылдары курулуп эскелиги жетип калган.

– 131 откана дедиңиз канча отказан бар. Алар кандай отундар менен иштейт?

– Ишкананын балансында 131 откана бар. Анын ичинде 410 отказандар жайгашкан. Жылуулук берүү мезгилинде баардыгы ишке киргизилет. Отканалардын он тогузу газ, жыйырма жетиси мазут, элүү V4V көмүр, отүз экңги электр энергиясы мене иштейт.

Мазут сатып алуу кандай ишке ашып жатат?

– Жалпы эле быйылкы жылга отун сатып алууда өткөн жылга салыштырмалуу 153миллион сом экономдодук. Анын ичине мазут, көмүр, газ, элетр энергиясы кирет. Мазутту болсо быйылкы жылы “Кыргызнефтегаз” ишканасы менен түз, ортомчусу жок келишим түзүп, ошолордон алып жатабыз.

– Ортомчусуз түз сатып алуудан айрымачылыктар байкалуудабы?

– Албетте. Биз быйылкы жылы эле мазут сатып алуудан эң аз дегенде 30-40миллион сом экономдодук. Бул түз келишим түзгөнүбүздүн пайдасы. Учурда акчаларын төлөп ташып бөлүштүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

– Элдер депутат болгонго аракет кылып жатса, сиз депутаттыкты тапшырып, көйгөйү көп кызматка кете бердиңиз. Бул өзүңүздүн каалоңузбу же айла жоктун ишиби?

– Жок, эмнеге айла жоктун иши болсун? Мен бул жерде башкы директордун орун басары болуп иштеп кеткенмин да. Жогорку Кеңеште да отун, энергетика комитетинин мүчөсү болуп жүргөнмүн. Бул ишканага Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөнүмдө деле көп жардам берип келдим. Бул ишкана мен үчүн чоочун эмес, мен бул ишкана үчүн жан күйгүзөм. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ушул ишкана жергиликтүү бийликке берилсин, ошолор өздөрү иштетсин деген токтому чыккан. Мисал үчүн Баткен облусунда бир дагы борбордук жылуулук берүүчү мекеме жок. Себеби жергиликтүү бийликке берилген, алар иштете албайдартып келе албай бузулуп талкаланып жок болуп кеткен. Мен ошондой көрүнүштөрдү эске алып, Жогорку Кеңеште депутат болуп турганымда 2011-жылы чыккан жергиликтүү бийликке берилсин деген токтомду жокко чыгарткам. Азыр ишкана акырындык менен онолуу жолуна түшүп баратат. Көрсөткөн жыйынтыктарыбыз, жасаган иштерибиз жаман эмес.

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *