Нуркожо Жапаров, абактагы саясий туткун С. Жапаровдун атасы: “Баламды бир көрбөй өтүп кетемби деп корком”

Айтылуу Ысык-Көл жергесин көздөй, өмүрүмдө алгачкы жолу, Садыр Жапаровдун туулуп-өскөн жери – Кең Суу айылына сапар тарттым. Садыр мырзанын карыган атасы менен амандашып, ден соолугун сураганда эле: “Баламды күнөөсүз камап коюшту”- деди. Жаш өзгөчөлүгүнө карабай акылы тунук, кайраттуу экен, кээде гана баласын эстегенде бир азга жашып кетип жатты. Ошончо кайгырып кан жутуп турса да. кебинде эч бир агрессиясы жок, пейили жакшы абышка экен. Эч кимдин дарегине ачуу сөз айткан жок. Бул абышканы карап отуруп, качанкы чоң атам да эске түшүп кетип жатты. Мен өмүрүмдө Садыр Жапаров менен кол берип учурашып көрбөсөм да, аны менен тааныш болбосом да, бул атасы менен болгон маектен улам мен анын жакшы адам экендигин түшүндүм. Ал чыныгы ата уулу экен. Суроо берип, жооп алуу кыйындыкка турду… Аз да болсо, баарлаша алдым.

-Аксакал, уулуңуздун баштаган ишинин тууралыгына ишенесизби?

– Үйдөгүлөр да, кошуна-колоң да айтпайт. Жаман кабарды угузуу кыйын, мен аларды түшүнөм. “Жамандыкта бир адам керең болот”- дегендей, уулумдун камалганын бүт айыл ичи угуптур, бир гана биз, кемпирим экөөбүз укпаппыз. Анан болгон чындыкты жанагы жалбырак каналы, “Сентябрь” дейби, ошодон көрүп калбадымбы? Баламдын камалганын, неберелеримдин ур-токмокко алынып, алар дагы камалып калганын укканда эле кемпирим ооруп калган, азыр ооруканада. Балабыздын канга боёлгонун уккан да, көргөн да жок, укпай эле койсун. Андай нерсени көтөрө албай калышы мүмкүн. Колу менен мойну кесилип, канга боелуп жатканын көргөндө каңырыгым түтөп, жанымды коёрго жер таппай, жүрөгүм жарылып кете жаздады го чиркин. Эми ошол учурдагы абалымды сөз менен жеткире албайм. Мындай жаман нерсени эч бир ата-энеге каалабайм. Карыганда балдардын жамандыгын көрсөтпөсүн. Баламды союп салгыдай ал эмне кылмыш кылды эле? Э, айланайын, киши тонобосо, же мамлекетти тонобосо, же бир тополоң уюштурбаса, баламда эмне айып? Атасын сагынып, кубаныч менен тосуп чыккан неберелеримде эмне күнөө? Алар эмнеге ур-токмокко алышат? Мыйзам чегинде эле жоопко тартса болот эле да. Ошол ургандардын деле баласын бардыр, ата-энеси бардыр. Эмнеге сабады? Мен ушуга азыркыга чейин түшүнбөй келем. “Балдарымды ойлоп, колумду, мойнумду кесип алдым” деген экен Садыр. Бирок, Садыр эч качан андай ишке барбасына, өз өмүрүнө кол салбасына бөркүмдөй ишенем.

– Анда уулуңузга кол салуу болду деп ойлойсузбу?

– Балама кол салуу эле болду го… Уулумдун канга боелуп, сыз жерде жатканын көргөндө “кагылайыным ай, Кыргызстанга кайдан келе калдың эле?”- деп сыздап, “келе бер” деп айтканым үчүн өзүмдү күнөөлөп, “камалышына өзүм себепкер болдум окшойт” деп өзүмдү-өзүм жемелеп да жибердим. Азыр уулумду чакырганыма өкүнүп, бармагымды тиштеп, түн уйкудан калып, таңды араң атырып олтурган чагым. Жегеним желим, ичкеним ириң болуп, эс-дартымдын баары Садыр: камактагы балам, неберем болуп жатат. Садырды абдан сагындым. Аябай көргүм келип жатат. Бишкекке барсам, бийлик мага баламды көрсөтсө жакшы болот эле. Бул карылык деген курусун. Баламды бир көрбөй өтүп кетемби деп корком. Өлүмдөн эмес, уулумду көрбөй калыштан корком. Жараткан балдарыма өмүр берсин, ден-соолук берсин, жакшы күн берсин деп бассам турсам балдарымдын амандыгын, өмүрүн тилеп отурам. Эгер бийлик Садырга жолуктурам десе, карылыгыма, жол алыстыгына карабай, барат элем. Анткени, Садырымдын орду башка. Анын абалын ойлогондо ичкен чайым аш болбой кетет. Ал кордук көрүп жаткан жокпу деген ой мээмди көзөйт.

– Уулуңуз эмне үчүн камалды деп ойлойсуз?

– Балам депутат болуп турганда “Кумтөр” алтын кени боюнча депутаттык комиссиянын башчысы болгон. Ошондо ал “Кумтөр” кенин иштетүүнүн натыйжасында 5 мөңгү жок кылынганын айткан жайы бар. Ал тургай парламентте “Кумтөрдү” иштеткендердин кесепетинен мөңгүлөр жоголуп жатканын какшап айта берчү. Ал мага: “Ата, мөңгүлөрдү калыбына келтирүү технологиялары жок. Тилекке каршы, сактоонун да технологиялары жок. Минтип бийлик “Кумтөргө” суук колун сала берсе, кыргыз элине коркунуч алып келет”- деп айтчу. Менин түшүнүгүмдө, уулум ошол айтканы үчүн камалып жатат. Менин уулум – элдик уул. Ошон үчүн элдин маселесин көтөрүп, ак жеринен караланып, азаптуу күндү башынан кечирип жатат. Уулум элдин уулу болгон үчүн “уулуңуз аман-эсен чыгып келсин” деп азыр деле батасын берип жатат.. Мен дагы батамды берем, эч кимди каргабайм, жаман айтпайм. Бирок, эки баламды, неберемди жана Садырды тосуп чыгып камакка алынган балдарды үйгө чыгарып берүүсүн бийликтен суранам.

– Бийликтегилерге не дейт элеңиз?

– Балам, Алмазбек Атамбаев жана бийликтегилер, уулум Садырды кандай жакшы көрсөм, силерди да так ошондой жакшы көрөм. Анткени, баарыңарда мага окшогон ата, Садырга окшогон бала, Рустамдай тартиптүү, билимдүү таттуу небере бар. Ачууга алдырбай, баарын мыйзам чегинде чечип, ырайым кылгыла! Карыган кишиден каргыш эмес, бата алган жакшы. Ар бириңерге бактылуу карылык каалайм. Жамандык көрбөгүлө, жаш өлбөгүлө! Мендей болуп, карыганда санаанын сары суусун ичпегиле.

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *