Нурлан Мотуев: “Кыргыз кыздары денесин сатып бузулуп кетпеши үчүн 2 эмес 4 аял алууга уруксат берүү керек”

Бир кездеги көмүр королу деген каймана ысым менен жаамы журтка таанылган Нурлан Мотуев акыркы учурда эмне менен алек, бул жолу президенттик шайлоого кандай себептерден улам катышкан жок. Алдыда ушул жана башка соболдордун айланасында чакан маекти сунуш кылабыз.

—Нурлан мырза, көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз. Учурда эмне менен алексиз?

—Учурда коммерциялык ишмердүүлүк менен алекмин. Көптөн бери көрүнбөй кеткенимдин себеби, чоң-кичине бийлиги биригип алып, мени ММКларга чыгарбоого аракет кылышты. Чоң бийлиги мен чындыкты айтып салат деп чочуса, кичи бийлиги мен жазамды өтөп жаткан жатак-абагындагы зулумдук, зөөкүрлүк, уурулук, башаламандыктар айтылып кетпесе экен деп коркушууда.

—Бул ирет президенттикке эмне үчүн талапкерлигиңизди койгон жоксуз?

—Чоң бийлик баш оорусу жок өз адамын өткөрүп алуу үчүн күчтүү, жалпы эл колдоп кетчү лидерлерге соттолду деген макам илүү менен шайлоодон четтетишти. Ал лидерлердин бири менмин. Ислам баалуулугу менен жашайлы, жеп-ичкенди, коррупцияны токтоткула, жер-кен байлык элге иштесин, идеологиясы жок каңгыган эл шариатты жаттап, ага амал кылсын деген сөздөрүм үчүн мага 7 жыл мөөнөт илишпеди беле.

—Бүгүнкү күндө ажо болсом деп турган эр-азаматтардын ичинен кимисине ишеним артып, кимисин алдыга сүрөйүн деп жатасыз?

—Ал жөн үндө азыр ойлоно элекмин.

—Эл ичинде эки аял алуу маселеси кеңири талкууданып жаткан кез. Бул маселени мыйзамдуу түрдө ишке ашырсак болобу?

—Кыргыз кыздары тентип кетип, ар кайсы өлкөдө өрткө чулганып өлбөй, денесин сатып бузулуп кетпеши үчүн 2 эмес 4 аял алууга уруксат берүү керек.

—Ии баса, аял демекчи, жамы журтка жаш аял алганыңызды жар салбадыңыз беле. Бактылуу күндөрдү баштан кечирип жаткандырсыз, негизи бул канчанчы жубайыңыз?

—Баягы кастинг жөнүндө айтып атасыңбы? Ал жөн эле шоу болчу. Чоң-кичине бийлиги: Мына Мотуев түрмөгө камалып кетти. Эми 7 жыл ММК, интернетке чыкпайт деп элдин башын айланта бергенине чыдабай кетип, мына мен үйдө эле жүрөм. Каалаган нерсемди кылып, каалаган жагыма чыгам деген мазактоом эле болчу. Жатак-абагы деген бул, жетекчилик менен келишим түзүп, айына өкмөткө 3 миң сом төлөп коюп, өзүң мыйзам бузбай эркиндикте жүрсөң болду. Бул жобону Парламент тээ атамзаманда эле мыйзамдуу түрдө бекитип койгон. Аялым балдарым бар.

—Депутат Текебаевдин камалышы туура болдубу же сизди өкүндүрүп жатабы?

—Текебаев өзү ойлоп тапкан системанын курмандыгы болду. Бирдиктүү элди бөлүп-жарып, көп партияга бөлүп жиберген Башмыйзам жазды. Анан, натыйжасын көрбөдүкпү, ал камалганда партиялаштары менен жердештеринен бөлөк эч ким колдогон жок. Башка партлидерлер өз элин Текебаевди колдоосун тыйып коюшту окшойт.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *