Нурлан Сулайманов, экс-жол, транспорт жана коммуникация министри: “Атамбаев президент катары саясый беш кадам жасады”

Бул персонага карата бүгүн түрдүү, эки ача кептер айтыла калып жүрөт. Айрыкча президенттик шайлоо алдында желдей жорткон маалыматтардын күчөгөнүнөн улам, биз бул инсанды издеп тапканга аракет кылдык. Эмесе, калган кепти каарманыбыз өзү улантсын.

– Нурлан аке, өлкөбүздүн аймагынан кайсы жылдары чыгып кеттиңиз? Кайсы өлкөлөрдө чабагандап жүрдүңүз дегендей… Ал ортодо ден соолугуңуз боюнча да түрдүү кептер айтыла калып жүрдү окшойт…

– Көпчүлүккө маалым болсо керек, 2010-жылдары бийлик алмашкан соң биз парламенттик шайлоого “Ата Журт” партиясы менен аттанып, жарышта башка саясый күчтөргө салыштырмалуу ири жеңишти татыктуу түрдө камсыз кыла алдык. Ошол мезгилдерде парламенттин ичинде саясый абал бир топ татаал болчу. Өзгөчө спикерлик орунду талашуудан кийин парламенттеги партиялардын ичиндеги конфликттерден соң, 2012-жылдары мага дагы иш козголду. Бирок, ага чейин эле мен жеке ден соолугума байланыштуу Европага чыгып кеткен элем. Анткени, чет өлкөдөн жүрөгүмө операция жасатуу зарылдыгы пайда болду. Өзүмө карата кылмыш иши козголгонун чет өлкөдө жүрүп, ийгиликтүү жасалган операциядан соң гана уктум. Операциядан кийин атайын ден соолукту калыбына келтирүү үчүн алыскы Германияда жашап калууга туура келди. Ошентип, 5 жыл Европада жашадым. Алардын жашоосун өз көзүм менен көрүп, сырттагы турмушун ичтен билип дегендей, акыры менде биздин алакандай өлкөбүздү кантип ушундай деңгээлге жеткирсек деген изденүү, ойлор, дүйнөгө болгон башкача көз караштар пайда болду. А бирок, өзүм чет өлкөдө убактылуу ден соолугумдун камы менен алпурушуп жүргөндө бул жакта адвокаттарым мага карата ачылган кылмыш иши боюнча иштеп жатышты. Ошентип, райондук, шаардык соттордон акыры адилеттүүлүккө жетип, толугу менен акталдым. Тагыраагы, мага карата козголгон кылмыш иштери фемида өкүлдөрү тарабынан кыскартылды. Анын баарын кайра баштан айтып отурсам узун сабак сөз болуп кетет. Силерди кызыктырган соболго карата менин берген жообумдун таржымакалы ушундай.

– Чет өлкөдөгү 5 жылдык жашооңузда кыргыз саясатына баам салып, кайдыгер карап турган жоксуз да, туурабы?

– Албетте, өз өлкөңө карата сөзсүз баам саласың да. “Туулган жердин топурагы алтын” делет го. Тегин жерден чыкпаган мындай кептин маанисин чет өлкөлөп жүргөндө өзгөчө билесиң. Беш жыл ичинде Кыргызстандагы болуп жаткан коомдук, саясый процесстерге, өзгөрүүлөргө баам салып турдум. Көз каранды эмес мамлекет болуп жашагандан бери өлкөбүздө саясый өтө чоң секирик болбосо дагы экономикабызда өзгөрүүлөр болуп турду. Мурда-кийин өмүр бою мамлекеттик кызматта, өзгөчө өкмөттөгү аткаруу бийлигинде иштеп жүргөн инсан катары өз өлкөңдөгү коомдук, саясый процесстерге кантип баам салбай коёсуң?

– Нурлан аке, гезит бети чектелүү, Атамбаевдин доорундагы алгылыктуу иштерди ток этер маанайында тизмектеп берсеңиз? Албетте, эркиңиз жетсе…

— А эмнеге эрким жетпейт экен? Биз көп эле президенттердин мезгилинде жашап келе жатабыз да. Менин жеке пикиримде Алмазбек Шаршеновичтин алты жылдык президенттик башкаруу доорунда көптөгөн саясый кадамдар жасалды. Муну тарых үчүн да айтып коюу абзел. Ошол саясый кадамдардын ичинен мен өзгөчө беш чоң кадамын баса белгилеп кетким келип турат.

Биринчиден, мурдагы 15 союздук республикалардын ичинен биринчи жолу Башмыйзамдын негизинде өзүнүн толук мөөнөтү бүткөндө өз ыктыяры менен бийликтин кумарына алдырбастан, тынчтык жолу менен мамлекет башчысын алмаштырууда Атамбаевдин ролу өтө чоң. Башка мамлекеттерде бийликти бир колго тутамдап, референдум аркылуу мөөнөттөрүн узартып алган фактыларды жалпы эл деле билет да. Атамбаев тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп, тарыхый чоң кадам жасады.

Экинчиден, өткөн жылы референдум өткөрүп жатканда дагы өзү баш болуп “биз парламенттик башкарууну мындан ары да өнүктүрүшүбүз керек” деп айтып кетти. Мунун өзү өтө чоң саясый кадам деп эсептейм. Бул жагынан да көз каранды эмес өлкөлөрдүн арасынан биз биринчи кадамды таштай алдык. Муну мындан ары да өнүктүрүүнүн үстүндө Алмазбек Шаршенович талыкпастан иштеп келе жатат.

Үчүнчүдөн, биз кичинекей мамлекет болгонубузга карабастан, өзүбүздүн ички саясатыбызга тышкы саясый күчтөрдү, ири державалардагы “оюнчуларды” кийлигишпесин камсыз кылып, мындай кадамын элибизге өзү чыгып түшүндүрүп, өлкөбүздүн тагдыры чечилип жатканда, президенттик шайлоо өнөктүгү кызып турган мезгилде эч кандай сырткы күчтөр кийлигишпеш керектигин кескин түрдө билдирип чыкты. Ушул маселени идеология катары элибиздин канына сиңирип, түшүндүрө алды. Муну менен элибиздин патриоттук духун, аң-сезимин ойготуп, кайра жаралуусуна жаңы бир улуттук идеология жаатына жол ачты.

Төртүнчүдөн, башка мамлекеттердин арасынан өлкөбүзгө демократиялык кадамдарды таштап, бөлөк-бөтөн өлкөлөргө, өзгөчө кошуна мамлекеттерге алакандай Кыргызстаныбыздын эгемендүүлүгүн, улут катары саналарын жана биз менен эсептешүүгө жол ачты. Натыйжада, көптөгөн көйгөйлүү маселелерибизди чечкенге жетишти.

Атамбаевдин баса белгилөөчү бешинчи эң чоң кадамы – сөзүмдүн башында да айтканымдай, башка мамлекеттер өлкөбүздү “демократиянын аралчасы” деген кептин түпкү маанисине жетип, аны президент катары иш жүзүнө ашырды. Жаңы Кыргызстандын тарыхында ал башка мамлекеттердин президенттеринен айырмаланып, өзүнүн президенттик мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ордун өз ыктыяры менен өткөрүп жаткандыгы толук колдоого, керек болсо бийик баалоого арзыйт. Муну менен ал киши анык демократиянын үлгүсүн көрсөтө алды.

– А бирок, президенттик орунду алгачкы ирет өз мөөнөтүндө Роза Исаковна Отунбаева деле өткөрүп бергендигин тарых үчүн айтышыбыз керек го?

— Туура, Роза Исаковна деле өз мөөнөтү бүткөндө тынчтык жолу менен хандык тактыны өткөрүп бергендигин танбайбыз. Ал киши өткөөл мезгилдин президенти болгондуктан, сырткы инвесторлор президенттик тактыбыздын өз мөөнөтүндө тынчтык жолу менен өтүшүнө өтө деле маани беришкен эмес. Ал эми азыр эл тарабынан шайланган президент тынчтык жолу менен Башмыйзамдын негизинде башка өлкө жетекчисине хандык тактыны өткөрүп берүү менен бүгүнкү күнү биздин мамлекетибизде саясый чоң стабилдүүлүк алып келди. Мунун артында экономикалык чоң өнүгүү жатат. Биздин мамлекет мындан ары тынчтык жолу менен стабилдүү өнүгүүгө ишенимдүү кадам салды десек болот. Жогорудагы Атамбаев жасап кеткен саясый 5 кадам мындан ары өлкөбүздү өргө сүйрөй турган алгылыктуу кадамдар болуп калды десек жарашат.

– Кыргыз-казак чек арасындагы абалдан улам эксперттер экономикалык блокадада калуу коркунучу бардыгын кулак кагыш кылышууда. Аткаруу бийлигибизде болсо өңчөй жаштарыбыз креслолорго көчүк басып отурушат. Өкмөттө тажрыйбалуу жетекчилер дээрлик аз. Экономикалык жактан тушалып турган мындай шартта сиз сыяктуу тажрыйбалуу кадрларды өкмөт курамына тартып, өлкөбүздү оор абалдан чыгарып кетүүгө болот беле?

— Албетте, бийликтин, өзгөчө өкмөт курамына жаштардын тартылышын жакшы жышаан катары кабылдасак болот. Бул маселеге келгенде кеңеш катары мен жеке пикиримди айта алам. Туура, жаштарды тартып, бийликке таза кан да жүгүртүү керек. Бүгүн маселен, бийлик тарабынан “Таза коом” аталышындагы жакшы маселелердин үстүнөн иш алып баруу пландалууда. Мына ошолорду ишке ашырууда жаштардын идеясы, жалындуу көз караштары, прагматикалык деңгээлдеги бийик ой жүгүртүүлөрү абдан керек. Эгерде биз “Таза коом” долбоорун тезирээк ишке ашсын десек, анда мамлекетибиздеги тажрыйбалуу кадрларды тартуу, алардын билимин пайдалануу эч качан ашыктык кылмак эмес. Эгерде алар чын жүрөктөн өздөрүнүн жардамын берүүгө баш байлашса.

– Каалайбызбы-каалабайбызбы, сиз учурда баары бир кызыгуу туудурган фигура болуп турасыз. Чет өлкөдөн сырдуу жүрүш менен келгениңиз коомчулукка ажиотаж жаратты дегендей. Президенттик шайлоодо бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековго жакшы жардам бергениңиз айтылып жатат. Бул тууралуу күбүр-шыбырларга өзүңүз чекит коюп койбойсузбу?

— Биринчиден, мен Сооронбай Шарипович менен кезегинде бирге иштешип калгам. Жол, транспорт жана коммуникациялар министри кезимде Сооронбай Шарипович да өкмөт курамындагы айыл чарба министри болуп турган. Бул учурларда биз ал киши менен абдан үзөңгүлөш болуп, бирге иштешкенбиз. Биздин мамлекет агрардык өлкө болуп эсептелгендиктен айыл чарбасы негизги ролдо турушу керек. Биз эч качан эртең эле өтө чоң индустриалдуу мамлекет болуп кетебиз дегенден алысмын. Бул жагын Европада жашап жүрүп терең түшүндүм. Агрардык чөйрөдөгү дасыккан күчтүү адис катары, таза, тажрыйбалуу, мамлекетчил жетекчи катары Сооронбай Шариповичти жакшы билем. Кечээки болуп өткөн президенттик шайлоодо да мен өз позициямды жашырбастан, бул кишинин талапкерлигин колдоп, колдон келген жардамымды бердим.

– Буюрса анда кайрадан бийликтин бийик сересине келем деңизчи?..

– Сооронбай Шарипович мени бийликтин бийик сересине алып чыгат деген ниетте жардам берип же колдоомду көрсөткөнүм жок. Болгону өлкөбүздүн, өзүбүздүн урпактардын келечегине карап, дал ушундай тажрыйбалуу, таза инсан мамлекет башына келип иштеп берсе деген каалоом бар эле. Ошол изги тилегимди ишке ашырыш үчүн бар аракетимди жумшап, чын көңүлдөн Сооронбай Шарипович үчүн иштеп бердик. Шайлоо алдындагы программасында дагы “Кыргыз көчү жолун улайт” деген абдан чоң, терең философиялуу лозунг менен чыгып, Алмазбек Шаршенович сыяктуу бул киши да Башмыйзамды ыйык сактап, өзүнүн мыйзамдагы ыйгарым укуктары бүткөн мезгилде тынчтык жолу менен президенттик тагын татыктуу адамга өткөрүп берсе жаманбы? Атамбаевдин жакшы иштерин, баштаган өрнөктүү жолун улантса жаман болот беле?

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *