Нуржан Шайлдабекова Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

11-октябрда  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын пландоо боюнча директору Кюсеонг Кваг менен эки тараптуу  жолугушуу өткөрдү. Тараптар 2017-жылдын 15-октябрындагы КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү тууралуу маселелерди  талкуулашты. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

КР БШК төрагасы  ШОБА (Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы)  өкүлдөрүнө КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча  аткарылып жаткан комплекстүү иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.  Кызматташууну улантуу жана башталган биргелешкен долбоорлорду  ийгиликтүү аягына чыгарууну айрыкча белгиледи.

Өз кезегинде Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын өкүлдөрү алдыдагы КР Президентин шайлоого чакыргандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле алар жылуу маанайда кабыл алынгандыгын жана биздин республикага өзгөчө мамилелерин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын эл аралык өкмөттүк эмес уюмдан   эл аралык уюм катары кайра түзүлүшү боюнча пикир алышты.

К.Кваг мырзанын түшүндүргөнүнө караганда, эл аралык уюм статусуна ээ болуу ШОБАга жаңы өзгөрүүлөрдү алып келет.

Мындан тышкары бул өзгөрүүлөр, шайлоо процессинде  шайлоонун тазалыгын (ачыктыгын) жогорулатуу  үчүн  маалыматтык-коммуникациялык технологияны (МКТ) ишке кийирүү  долбоорунун активдүү ишке ашуусун ылдамдатат.

Жолугушуунун жүрүшүндо ШОБАнын пландоо директору  “ШОБАны эл аралык өкмөттөр аралык уюмга айландыруу” резолюциясына кол коюуну сунуштады.

КР БШК төрагасы резолюцияга кол коюуда тийиштүү жол-жоболорду аткарууга убакыт керек экенин белгилеп, бул демилгени колдоого даяр экенин билдирди.

Ошондой эле аңгемелешүүнүн жүрүшүндө тараптар кызматташуу процессинде башталган биргелешкен ишти жана анын натыйжаларын талкуулашты. Н.Шайлдабекова КР БШК кызматкерлерин окутууну улантуу сунушу менен кайрылды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *