Нуржигит Кадырбеков, акын: Эч качан өзүмдү акылдуу, кыйын ойлогон эмесмин

Нуржигит Кадырбеков. “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси, акын, жазуучу. Көкүрөгүндө чыгармачылык уялаган мырза менен кызыктуу маек.

-Кайсы мезгил, кайсы доор болбосун адамдын эсине түшкөндө ууртуна жылмаюу сүрткөн мезгил балалык эмеспи. Сиздин балалык оюңузга алгач эмнени салат?

-Балалык дегенде чоң атам менен чоң энем эсиме түшөт. Алар тууралуу “Ант” деген романымда баяндап жазгам. Үйлөрүбүз эки бөлөк болсо да, бир короодо эле. Кышта эртең менен азан айтаардан мурда чоң атам мешин жагып, аралыктагы жолду күрөп койчу. Азанга ойгонуп, чуркап барып анын жылуу төшөгүнө кирип кетчүмүн. Анан каймак, нават менен ысык чай иччүбүз. Күн чыкканга чейин ойгонгон адатым ошондон калса керек. Чоң атам менен чоң энемдин жыты каңылжаарыма сиңип калгандай. Аябай сагынам. Ошол учурлар балалыктагы эң жагымдуу, эч нерсеге алмашкыс, кайрып ала алгыс ирмемдер экен. Жана да 1989-жылы Крымдагы “Артек” деген эл аралык пионерлер лагерине барганым эч эстен кетпейт. Биринчи жолу чет өлкөгө чыгышым, чет өлкөлүктөр менен баарлашуум, чет элдик валютаны көрүшүм ошол болду. Кара деңизди көрүп суктанганымды айтпа. Ал убакта чет жакка чыгуу кыйын эле. Адамдар азыркыдай кенен-кесири жер кыдыра алчу эмес жер көрүп, эл таанысаң акылың өсөт экен, кеңейет экен. Бирок орусча билбей аябай кыйналгам. Мен курактуу эле чет элдик жаш балдардын арасынан көп тил билгендерин, спорттогу ийгиликтерин көрүп катуу шыктангам. Ага чейин башка тилди чоң кишилер гана билүүгө милдеттүү деп ойлочумун. Ыраматылык атам комуз үйрөткөн эле. “Артектеги” бир кечте стадион толо элдин алдында Кыргызстандын атынан комуз ойноп чыккам. Чубак Сатаевдин “Жалгыз талын” ырдасам керек эле. Ыр демекчи, бир топ обондорду да чыгаргам. Атайын камданып отуруп чыгарчу эмесмин. Ат минип, жайлоого баратканда жаратылыш менен жалгыз калып, жан дүйнөм эргип, козголуп кетчү. Обондор өзүнөн-өзү чыга берчү. Аттиң, азыркыдай чөнтөк телефон болгондо жаздырып коймокмун. Же интернетке кирип кетип обондор чыкпайт калат беле билбейм. Балалык учур өзгөчө сонун кез экен. Жадагалса карындашым менен көп урушкан күндөр да жакшы күндөрдөй туюлат. Нуркыз сөзгө аябай чечен. Азыр, мага каяша айта берип сөзгө бышкансың деп тамашалап коём. Көрсө удаалардын баары эле урушат тура. Удаа чоңоюп жаткан кыздарымды карап, ушуга андан бетер ынандым.

-Балалык кезде баары эле доктур, мугалим, ырчы болгусу келет. Сиз да алардын катарын толуктачу белеңиз?

-Жок. Негедир, башкача чечим издечүмүн. Ким болосуң деп сурашса эле начальник, директор, жетекчи болом дечүмүн. Эмненин жетекчиси болгум келээрин деле билчү эмесмин. Балким бала кездеги максимализмдир, башкалардан биринчи болуу аракетидир. Кудай колдоп, мектепти алтын медаль менен бүтүргөм. Эмнегедир гуманитардык китептерди окууга кызыкчумун. Так илимдерге жакын эмес болсом да, өзүмдү зордоп жакшы баа алууга аракеттенчүмүн. Азыр математикага кызыкпаганыма өкүнүп калам. Эгер кайра мүмкүнчүлүк болсо, биринчи орунга ушул сабакты коймокмун. Математика илимдеринин падышасы деп бекер айткан эмес. Мээни, логиканы өнүктүрүүгө өтө пайдалуу. Мектеп жылдары чет тилдерди окуй албаганымды эстесем чоң мүмкүндүктү, алтын мүнөттөрдү бошко өткөрүп жибергендей, өкүнүчтөн жүрөгүм туйлайт. Бирок универсттети бүткөндөн кийин аларды алдын жетишинче толуктадым. Башынан эле коомдук иштерге аябай кызыкчумун. 1991-жылы пионерлер уюму жоюлуп, анын ордуна балдар жана өспүрүмдөр уюмун түзгөн республикалык курултайга райондун атынан делегат болуп Ысык-Көлгө келгем. Окуучулук жылдарым мазмундуу, кызык өттү. Комуз ойноп райондук, облустук, республикалык сынактан өтүп, 1991-жылы жаз айында мектеп окуучуларынын гала-концертинде Алымкул Үсөнбаевдин “Акылдын жери” атгуу ырын ырдап, биринчи жолу кыргыз телесинен чыккам. 10-классымда кыргыз тили жана адабияты сабагынан республикалык олимпиададан биринчи орунду алгам. Бирок эч качан өзүмдү акылдуу, кыйын ойлогон эмесмин. Менден мыктылар толтура деген ишеним бийлеп турчу.

Мугалимдер шык берчү беле же өзүңүздүн аракетиңиз болдубу?

-Билимге кызыгуум апамдан болду. Апамдын кесиби педагог. Мектепте директор, айылдык кеңеште төрайым болуп көп жыл иштеген. Биздин учурда бардык жагынан билимдүү кылабыз деп, баланы кыйнап койчу. Апам: “Пайдалуу илимдер менен алек бол, пайдасызга убактыңды кетирбе” – дечү. Туура айтыптыр. Атам болсо айлык алганда оюнчук эмес, китеп алып келчү. Анда райборборлордо китеп дүкөнү боло турган. Эл толуп, соодасы жүрүп турчу. А азыр аттиң, андай болбой калды. Китеп дүкөн ачсаң банкрот болосуң. Бул өтө өкүнүчтүү. Мугалимдериме чоң рахмат. Мага бири да катуу сүйлөбөдү. Жакшы баалары менен аябай шыктандырышты. Географиядан берген Сооронбай агай кыздарга көп балалуу болгула, кыргыздын санын көбөйткүлө десе күлкүлүү угулчу. Азыр ойлосом, бекер айтпаптыр. Кыргыздын байлыгыгы – жер астындагы кен эмес, адам. Көбөйсөк экен деп көп тилейм.

-Too койнунда чоңойгон баланын талантынын ойгонушуна эмне түрткү болду?

-Кыргыз элинин баары таланттуу. Болгону тиричилик деп жүрүп таланттары ачылбай калат. Ыраматылык атам: “Нуржигитке шарт түзүп бергиле окуйм десе окусун, чет өлкөгө барам десе барсын. Байлап койбогула”-дечү. “Шашпай үйлөн. Билим ал. Дүйнөнү көр. Кааласаң чет элден аял ал” – дечү. Айылда баласына өзүнчө окуу бөлмө даярдап, китепкана жасап берген ким бар? Атам мага ошондой шарт түзүп берген.

Жайда жайлоого чыкчубуз. Жаратьшыш кооз, кыйкырасың, ырдайсың, ойнойсуң. Ошентип жүрүп ыр да жаза баштадым. Алгачкы ырымды окуп бергенде баары күлүшкөн. Ардандым, бирок ого бетер шыктандым. Эмнегедир ырдан прозага көбүрөөк ыктачумун. Бирок прозага 2009-жылы гана баш бактым.

-Жаныбарларга да жакын экениңиз байкалгансыйт?

-Атка аябай жакынмын. “Ак байпак” деген кунаным болгон. Көк бөрүгө барганда ат тээп койгонбу, буту шишип өлүп калганда кадимкидей ызалангам. Кулундарды сылап отургандан да ырахат алчумун. “Жылуу сүйлөсөң жылан ийининен чыгат” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары, жаныбарлардын баары жакшы мамиле кылганды жакшы көрөт. Мен ишенем, эгерде атка жакшы мамиле кылсаң, ага камчынын кереги жок. Камчы менен чапкандан да көп кызмат кылып берет. Бул далилденген нерсе. Эки жолу ит бактым. Экөө тең өлүп калды. Алар өлгөндө кадимкидей ыйлагам. Ошондон кийин ит да баккыс болдум.

-Жазыла элек эмне тууралуу ыр калды деп ойлойсуз?

-Он беш, он алты жаштан сүйүү тууралуу ыр жаздым. Үйлөнүп бала-чакалуу болгондон кийин сүйүү жөнүндө ыр жазгандан тартынып калат экенсиң. Анткени аял заты ырдын тарыхын сурабай койбойт. Сурак бериш деле оңой эмес (күлүп), анан да биздин тоолук кыргыздардын табиятына аялга сурак берүү жарашпайт. Азыр илхам болгондо мекен, ыйман, ата-эне, табият тууралуу жазып калам. Сүйүү сезими ким мандайыңа ак нике менен жазылса – ошого гана ылайыктуу экенине күн санап ынанып барам. Жубайлардын бир-бирине карата жоопкерчилиги бар. Кандай абалда болсо да өз ара өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк. Ал эми кыз-жигит болуп жүргөндөрдө кайдагы жоопкерчилик? Жоопкерчилик жок жерде сүйүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Бир чети биз сүйүү деп какшаган сезим деле балким, алдамчы элес. Минткен себебим, “сенсиз жашай албайм” деп жазган акындар деле жашап эле жүрбөйбү.

-Ошол нерсе менен өзүңүзгө чек коюп койбойсузбу?

– Сүйүү деген бир эле аял затына арналган сезим эмес да. Кудайды, ал жараткан табиятты, насип кылган мекенди, тагдырыңа буюрган жакындарынды да сүйүү керек. Анан калса, бир нерсеге жетүү – бул бир нерседен кетүү. Чыгармачылык деп жүрүп, үйдү чырдын ордосуна айлантып албоо да өтө маанилүү. Кээ бир кыздар “Оо, мени биринчи сен өптүң эле. Алгачкы махабатым сен элең” деген мааниде ыр жазып калат. Окуп алып мен уялам. Андан башка бирөөгө баш кошсо кантет? Ошону окуп, унчукпай калган күйөө болбосо керек. Эң башкысы үй-бүлөдө бейпилдик болсун. Балдардын тарбиясы үчүн да ата менен эненин кыжылдашпаганы, бирин-бири руханий азапка салбаганы оң. Окуса бир да адам капаланбай турган темалар толтура. Эгер жубайың сенин ички эрке сезимдериңе толук түшүнүү менен караса, анда кол-жолуң бош. Сүйүнбай Эралиев карып калган убакта ыр жыйнак чыгарды. Окусам дээрлик көбү сүйүү тууралуу. Албина апага жолуга элек кездеги сүйүү тууралуу да ырлары бар экен. Ападан бул сизге оор тийбейби деп сурасам, “Ал акын. Сүйүш керек. Антпесе ыр жазбай калат” – деди эле. Көрсө, ал ырларды Албина апа өзү тандап бериптир. Ар бир сөз үчүн жооп берчү учур келет. Айтканым же жазганым пайдалуу болбосо, унчукпай эле жүрсөм деп тилейм.

-Улам жаш өткөн сайын акындар сезим менен эмес, акыл менен ыр жазып калат дешет…

– Ыр – бул математика эмес. Аны жазууда акылдан да сезим, баштан да жүрөк көбүрөөк иштейт. Болгону бара-бара сөзгө сараң боло баштайт экенсиң. Анан көөдөндөгү сезимдерди шардана кылгандан тартына баштайт экенсиң.

-Ыр жазып жатканда кайсы сөздү көп колдонгонуңузду анализдеп көрдүңүз беле?

– Ырчы Темир Назаров бир интервьюсунда мени “жараткан” деген сөздү көп колдонот деп айтыптыр. Поэзия десе эле чексиз эркин ой жүгүртүүгө каршымын. Эрээркеп кетип, кээде тили менен Кудайга чакырык таштап жибергендер бар. Көзүбүзгө бир чиркей кирип кетсе кандай кыйналабыз. Чексиз кудуреттүү жараткандын чексиз сабырынан пайдаланып кыянаттык кылуудан абайлоо керек. Сөз эркиндиги, ой эркиндиги деп кээде ашынып кетип жатабыз. Баарынын өзүнүн ченеми болот. Тил тозокко жетелеп кетпесе экен…

-Кандай тематикадагы ырга кайрылгыңыз келбейт?

-Кайгылуу ырларды жазгым келбейт. Анткени ал менин кайгым. Эмнеге ал үчүн башка бирөө да бушайман болуш керек? Сөз – бул энергетика. Ошого, колдон келишинче позитивдүү болууга умтулам. Голливуд же Болливуд кинолорунда башкы каарман ок тийип жарадар, жалгыз болсо дагы акыры бардык душмандарын жеңет. Мурда адам ишенгис жомок деп жактырчу эмесмин андай сюжеттерди. Көрсө бул актык жеңилбейт деген мотивация тура.

-Чыгармаларыңызды сындатып турасызбы?

-Китеп болуп чыккычакты бирөөлөргө окутам. Академик Абдыганы Эркебаевге, аалым Асан Ибраевге, журналист Нургүл Максүтовага, юрист Мирлан Ибраевге окуткам. Расмий сынчыларга берсең алар жөн эле бырчалап, тебелеп салышы мүмкүн. Убагында кыргыз жазуучулары Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын”, “Ак кемесин” аябай сындашыптыр билермандар. Ошончо калбааттуу, сабырдуу болсо да ичинен аябай сынган экен, кайран залкар жазуучу. Ою түз, ниети таза кесипкөйлөр эмне десе да кабыл алууга даярмын. Бирок пенделикке алдырып, ар бир сабыңды жаратпай койчулардан кыйгап эле чыкканы жакшы чыгарманын. Сен үчүн ыйык нерсени ар ким келип тепсеп жатса жүрөгүң ооруйт да.

-“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тууралуу да кеп кылсак. Бул фонд эмне иштерди аркалайт?

-Бул фондду КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев түзгөн. Азыркы учурда диний билим аябай керектүү. Элибизди динчил кылуудан мурда, диний жактан билимдүү кылуу өтө маанилүү. Анткени диний билим болсо, элдин кыжырын кайнаткан сабатсыз фанаттар чыкпайт. Динди кандай карманат ал адамдын өзүнүн эрки. Акыретте жараткан өзү сурап алат. Болгону ал тууралуу туура маалымат бер. Ошол үчүн молдолорду окутуп жатабыз. Экинчиден акын, жазуучуларды элге таанытып, коомдуу рухий жактан өстүрүү, азыктандыруу ишин баштадык. Фильмдерди тартып, китептерди чыгаруудабыз.

-Жашоодо эмне маанилүү болушу мүмкүн?

-Арабдардын “Убакытгы сен кеспесең, убакыт сени кесип коет” деген макалы бар. Анын сыңары убакыт адам үчүн эң чоң байлык. Убакыт – акча дешет. Ал акча эмес, өмүр. Ал эми бошко кеткен убакыт, бошко кеткен өмүр. Жашоодо пайдасыз нерседен качыш керек. Акыретте берилчү негизги суроолордун бири да убакытты кандай пайдалаганың тууралуу болот экен. Мүнөттөрдү ушак айтып, саясат тууралуу саймедиреп, гыйбат кылып, жатып шыпты карап же телефондо тирмейип өткөргөндөн Кудай сактасын. Ар бир көз ирмем бизге ак жолтой жемишин берсин, ылайым.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *